Check out the new design

แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ * - สารบัญ​คำแปล

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: An-Nisā’   อายะฮ์:
يَٰٓأَهۡلَ ٱلۡكِتَٰبِ لَا تَغۡلُواْ فِي دِينِكُمۡ وَلَا تَقُولُواْ عَلَى ٱللَّهِ إِلَّا ٱلۡحَقَّۚ إِنَّمَا ٱلۡمَسِيحُ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَ رَسُولُ ٱللَّهِ وَكَلِمَتُهُۥٓ أَلۡقَىٰهَآ إِلَىٰ مَرۡيَمَ وَرُوحٞ مِّنۡهُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرُسُلِهِۦۖ وَلَا تَقُولُواْ ثَلَٰثَةٌۚ ٱنتَهُواْ خَيۡرٗا لَّكُمۡۚ إِنَّمَا ٱللَّهُ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓ أَن يَكُونَ لَهُۥ وَلَدٞۘ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ وَكَفَىٰ بِٱللَّهِ وَكِيلٗا
О, китеп ээлери! Диниңерде чектен чыкпагыла жана Аллах жөнүндө чындыкты гана сүйлөгүлө. Албетте, Марямдын уулу Иса-Масих, Аллахтын Марям(кыз)га таштаган (сүйлөгөн) Сөзү жана Өзү тарабынан берилген Руху.[1] Эми, Аллахка, Анын элчилерине ыйман келтиргиле жана (Аллах) үчөө дебегиле.[2] (Бул ишенимден) токтогула – өзүңөргө жакшы болот. Албетте, Аллах, баласы (жана шериги) бар болуудан Аруу-Таза жалгыз Кудай! Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Анын мүлкү. Жетекчилик жаатынан Аллах жетиштүү.
[1] Аллах таала Марям кызга Жебирейил периштени жиберген жана ал анын жакасынан үйлөгөн (дем урган). Ошол дем Аллахтын "бол!" деген сөзүнөн улам, Марямдын жатынында жандуу түйүлдүккө айланган. Ал эми, дүйнөдөгү бардык адамдардын жаны, Исаныкы да Аллах тарабынан берилген Рух болуп саналат. Демек, бул окуяда Исаны кудай кылып алууга негиз боло турган эч кандай негиз же себеп жок.
[2] Христиандардан бир жамаат “Кудай үчөө: Аллах, Иса жана Ыйык рух” дешсе, дагы башка бир жамааты: “Кудай - бул Аллах, Иса жана Марямдан турган үчилтик” деп ишенишет.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
لَّن يَسۡتَنكِفَ ٱلۡمَسِيحُ أَن يَكُونَ عَبۡدٗا لِّلَّهِ وَلَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ٱلۡمُقَرَّبُونَۚ وَمَن يَسۡتَنكِفۡ عَنۡ عِبَادَتِهِۦ وَيَسۡتَكۡبِرۡ فَسَيَحۡشُرُهُمۡ إِلَيۡهِ جَمِيعٗا
Аллахка кул болуудан Иса дагы, (ал гана эмес) Аллахка жакын периштелер дагы эч качан арданышпайт. Кимде-ким Аллахка кулчулук (ибадат) кылуудан арданса жана текеберленсе, алардын баарын (жазалоо үчүн) Аллах Өзүнө чогултат.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَيُوَفِّيهِمۡ أُجُورَهُمۡ وَيَزِيدُهُم مِّن فَضۡلِهِۦۖ وَأَمَّا ٱلَّذِينَ ٱسۡتَنكَفُواْ وَٱسۡتَكۡبَرُواْ فَيُعَذِّبُهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا وَلَا يَجِدُونَ لَهُم مِّن دُونِ ٱللَّهِ وَلِيّٗا وَلَا نَصِيرٗا
Ал эми, (Аллахка таза) ыйман келтирип, жакшы иштерди (Аллахтын буйруктарын) аткарган адамдарга Аллах соопторун толуктап берет жана Өзүнүн артыкчылыгынан да кошумча кылат. Эми, (баягы) ардангандар менен текеберленгендерди болсо, жан сыздаткан азапка салат. Алар өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ قَدۡ جَآءَكُم بُرۡهَٰنٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكُمۡ نُورٗا مُّبِينٗا
(О, адамдар) Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди жана Биз силерге анык Нурду (Куранды) түшүрдүк.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
فَأَمَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ بِٱللَّهِ وَٱعۡتَصَمُواْ بِهِۦ فَسَيُدۡخِلُهُمۡ فِي رَحۡمَةٖ مِّنۡهُ وَفَضۡلٖ وَيَهۡدِيهِمۡ إِلَيۡهِ صِرَٰطٗا مُّسۡتَقِيمٗا
Ал эми, Аллахка ыйман келтирип, Ага (гана) жалбарган адамдарды Аллах Өз ырайымы жана артыкчылыгынын астына алып, Өзүнө карай туура жолго багыттайт.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
 
แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: An-Nisā’
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ - สารบัญ​คำแปล

แปลโดย ชัมซุดดีน ฮะกีมอฟ อับดุลคอลิก ได้รับการพัฒนาภายใต้การดูแลของทีมงานศูนย์แปลรุว๊าด

ปิด