Check out the new design

แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ * - สารบัญ​คำแปล

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: Al-Mā’idah   อายะฮ์:
إِنَّمَا يُرِيدُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَن يُوقِعَ بَيۡنَكُمُ ٱلۡعَدَٰوَةَ وَٱلۡبَغۡضَآءَ فِي ٱلۡخَمۡرِ وَٱلۡمَيۡسِرِ وَيَصُدَّكُمۡ عَن ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَعَنِ ٱلصَّلَوٰةِۖ فَهَلۡ أَنتُم مُّنتَهُونَ
Арак жана кумар себептүү шайтан силердин араңарга жек көрүү жана душманчылык салууну жана силерди намаздан, Аллахты эскерүүдөн тосууну каалайт! Эми, кайтасыңарбы?!
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَٱحۡذَرُواْۚ فَإِن تَوَلَّيۡتُمۡ فَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا ٱلۡبَلَٰغُ ٱلۡمُبِينُ
(О, ыймандуулар) Аллахка, пайгамбарга моюн сунгула. (Экөөнө күнөөкөр болуудан) абайлагыла! Эгер, жүз бурсаңар, билип алгыла: Биздин элчибиздин мойнуна анык жеткирүүдөн башка милдет жүктөлгөн эмес.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
لَيۡسَ عَلَى ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ جُنَاحٞ فِيمَا طَعِمُوٓاْ إِذَا مَا ٱتَّقَواْ وَّءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ ثُمَّ ٱتَّقَواْ وَّءَامَنُواْ ثُمَّ ٱتَّقَواْ وَّأَحۡسَنُواْۚ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Ыйман келтирип, жакшы иштерди кылып жүргөн адамдар үчүн - эгер такыба, ыймандуу, жакшы иш кылган киши болсо - мурун (арактын) даамын татып койгонунда күнөө жок. Кийин (арамдыгы жөнүндө аят түшкөн соң) такыба, ыймандуу болушса, кийин дагы такыба(раак) болуп, жакшы иштерди жасаса, Аллах жакшы иш жасагандарды сүйөт.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَيَبۡلُوَنَّكُمُ ٱللَّهُ بِشَيۡءٖ مِّنَ ٱلصَّيۡدِ تَنَالُهُۥٓ أَيۡدِيكُمۡ وَرِمَاحُكُمۡ لِيَعۡلَمَ ٱللَّهُ مَن يَخَافُهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ فَمَنِ ٱعۡتَدَىٰ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَلَهُۥ عَذَابٌ أَلِيمٞ
О, ыйман келтиргендер! Аллах эч ким көрбөгөн жерде Өзүнөн корккон кишини билүү үчүн силерди колуңар жана найзаңар жете турган бир аз олжо менен сынайт.[1] Ушундан соң ким чектен чыкса, ага жан ооруткан азап бар.
[1] Аллах ихрамдагы адамдарга “өлтүрбөгүлө” деп буюруп, бирок, эч ким жок жерде олжону жанына келтирип койот. Адамдын ыйманын Аллах ушинтип сынайт. Эл арасында такыба көрүнгөн кээ бир адамдардын чыныгы ыйман-такыбасы ошондо сыналат.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡتُلُواْ ٱلصَّيۡدَ وَأَنتُمۡ حُرُمٞۚ وَمَن قَتَلَهُۥ مِنكُم مُّتَعَمِّدٗا فَجَزَآءٞ مِّثۡلُ مَا قَتَلَ مِنَ ٱلنَّعَمِ يَحۡكُمُ بِهِۦ ذَوَا عَدۡلٖ مِّنكُمۡ هَدۡيَۢا بَٰلِغَ ٱلۡكَعۡبَةِ أَوۡ كَفَّٰرَةٞ طَعَامُ مَسَٰكِينَ أَوۡ عَدۡلُ ذَٰلِكَ صِيَامٗا لِّيَذُوقَ وَبَالَ أَمۡرِهِۦۗ عَفَا ٱللَّهُ عَمَّا سَلَفَۚ وَمَنۡ عَادَ فَيَنتَقِمُ ٱللَّهُ مِنۡهُۚ وَٱللَّهُ عَزِيزٞ ذُو ٱنتِقَامٍ
О, ыйман келтиргендер! Ихрамда турганыңарда аңчылык кылбагыла! Кимиңер билип туруп аны өлтүрсө, жазасы - өзүнүн (төө, уй, кой-эчки сыяктуу) жандыктарынын арасынан өлтүргөнүнө тең болгонун Каабага жеткирилип (союлчу) белек катарында тандайт. Бул ишке (тандоого) өзүңөрдүн араңардан эки адилеттүү киши калыс өкүмдарлык кылат.[1] Же болбосо (экинчи жазасы) - жакыр-кедейлерди тамактандыруу[2] же ушуга тең[3] орозо кармап берүү, кылмышынын жазасын тартышы үчүн. Аллах өткөн ишти кечирди. Ал эми, ким (арам ишке) кайтса, Аллах андан өч алат. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу.
[1] Сахабалар - Аллах алардан ыраазы болсун - төмөндөгүчө өкүм кылышкан: көгүчкөнгө - кой, төө куш үчүн уйдан чоңураак жандык, ал эми, зебра сыяктуу жаныбарлар үчүн уй, өгүз, ж.б.у.с жандыктар төлөнөт. Эгер окшошу табылбаса, баасы тең болгонун төлөйт.
[2] Бул - жандыгы жок, бирок акчасы бар күнөөкөрдүн жазасы. Мында ал өлтүргөн олжосуна теңелген жандыктын баасына тең акчага же тамак-ашка канча мискин-кедейди тойдуруш мүмкүн болсо, ошончосун тойдурат.
[3] "Ушуга тең" дегени ар бир мискин үчүн жарым саа. Жарым саа тамактын теңи - бир күн. Бир саа орточо эсеп менен эки жарым, үч килограммга барабар. Абу Ханифада 1 саа 4 килограммга тең.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
 
แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: Al-Mā’idah
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ - สารบัญ​คำแปล

แปลโดย ชัมซุดดีน ฮะกีมอฟ อับดุลคอลิก ได้รับการพัฒนาภายใต้การดูแลของทีมงานศูนย์แปลรุว๊าด

ปิด