Check out the new design

แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ * - สารบัญ​คำแปล

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: Al-A‘rāf   อายะฮ์:
قَالَ يَٰمُوسَىٰٓ إِنِّي ٱصۡطَفَيۡتُكَ عَلَى ٱلنَّاسِ بِرِسَٰلَٰتِي وَبِكَلَٰمِي فَخُذۡ مَآ ءَاتَيۡتُكَ وَكُن مِّنَ ٱلشَّٰكِرِينَ
(Аллах): “О, Муса! Чынында, Мен сени адамдардан жогору (баалап) Өзүмдүн пайгамбарлыгыма жана (ортомчусуз сүйлөгөн) Сөзүм үчүн тандап алдым. Эми, Мен сага берген Дин-Шариятты кабыл алып, (бул жакшылык үчүн) шүгүр кылуучулардан болгун!” - деди.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَكَتَبۡنَا لَهُۥ فِي ٱلۡأَلۡوَاحِ مِن كُلِّ شَيۡءٖ مَّوۡعِظَةٗ وَتَفۡصِيلٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ فَخُذۡهَا بِقُوَّةٖ وَأۡمُرۡ قَوۡمَكَ يَأۡخُذُواْ بِأَحۡسَنِهَاۚ سَأُوْرِيكُمۡ دَارَ ٱلۡفَٰسِقِينَ
Анан Биз ал (Муса) үчүн тактайларга (адамдар муктаж болгон) бардык нерселерди, насаат сөздөрдү жана ар бир нерсенин баян-эрежелерин жазып бердик. Жана “Буларды бекем кармап, коомуңа буюр; андагы шариятка амал кылышсын!” (дедик). Эми, Мен силерге бузуку(лук кылып, Аллахтын балээ-азабына кабылган) адамдардын мекенин көргөзөмүн.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
سَأَصۡرِفُ عَنۡ ءَايَٰتِيَ ٱلَّذِينَ يَتَكَبَّرُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ بِغَيۡرِ ٱلۡحَقِّ وَإِن يَرَوۡاْ كُلَّ ءَايَةٖ لَّا يُؤۡمِنُواْ بِهَا وَإِن يَرَوۡاْ سَبِيلَ ٱلرُّشۡدِ لَا يَتَّخِذُوهُ سَبِيلٗا وَإِن يَرَوۡاْ سَبِيلَ ٱلۡغَيِّ يَتَّخِذُوهُ سَبِيلٗاۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَكَانُواْ عَنۡهَا غَٰفِلِينَ
Мен жерде акыйкатсыздык менен текеберленип жүргөн адамдарды (кудуретиме белги болгон) аяндардан (сабак ала албай турган кылып) буруп коёмун. Кийин алар канча далил-мужиза көрсө да, ага ыйман келтиришпейт. Туура жолду көрсө, аны карманышпайт. Эгер адашуучулук жолун көрсө, ошону гана жол кылып алышат. Буга себеп; алар Биздин далилдерди “жалган” дешти жана ага көңүл бурбай коюшту.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآءِ ٱلۡأٓخِرَةِ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡۚ هَلۡ يُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Биздин аяттарыбызды жана Акыреттик жолугушууну “жалган” деген адамдардын жасаган (жакшы) иштери текке кетет. Алар жасаган иштерине жараша “сыйланышат”.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَٱتَّخَذَ قَوۡمُ مُوسَىٰ مِنۢ بَعۡدِهِۦ مِنۡ حُلِيِّهِمۡ عِجۡلٗا جَسَدٗا لَّهُۥ خُوَارٌۚ أَلَمۡ يَرَوۡاْ أَنَّهُۥ لَا يُكَلِّمُهُمۡ وَلَا يَهۡدِيهِمۡ سَبِيلًاۘ ٱتَّخَذُوهُ وَكَانُواْ ظَٰلِمِينَ
Мусанын коому ал кеткенден кийин өздөрүнүн (алтын) жасалгаларынан (Самири деген бузуку адам жасап берген жана мөөрөгөн) добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн (кудай кылып) алышты. Алар анын өздөрүнө сүйлөй албасын, (туура) жолго баштай албасын билишпейби?! (Ошого карабай) аны кудай тутушуп, залым (каапыр) болуп калышты!
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَلَمَّا سُقِطَ فِيٓ أَيۡدِيهِمۡ وَرَأَوۡاْ أَنَّهُمۡ قَدۡ ضَلُّواْ قَالُواْ لَئِن لَّمۡ يَرۡحَمۡنَا رَبُّنَا وَيَغۡفِرۡ لَنَا لَنَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Качан гана (Муса келип, аларга чындыкты түшүндүргөн соң) бушайман болушуп, өздөрүнүн адашканын билишкенде: “Эгер Раббибиз бизге ырайым кылып, кечирбесе, сөзсүз зыян көрүүчүлөрдөн болуп калабыз!” - дешти.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
 
แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: Al-A‘rāf
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ - โดยชัมชุดดีน หะกีมูฟ - สารบัญ​คำแปล

แปลโดย ชัมซุดดีน ฮะกีมอฟ อับดุลคอลิก ได้รับการพัฒนาภายใต้การดูแลของทีมงานศูนย์แปลรุว๊าด

ปิด