แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - สารบัญ​คำแปล


แปลความหมาย​ อายะฮ์: (36) สูเราะฮ์: Ar-Ra‘d
وَٱلَّذِينَ ءَاتَيۡنَٰهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ يَفۡرَحُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَۖ وَمِنَ ٱلۡأَحۡزَابِ مَن يُنكِرُ بَعۡضَهُۥۚ قُلۡ إِنَّمَآ أُمِرۡتُ أَنۡ أَعۡبُدَ ٱللَّهَ وَلَآ أُشۡرِكَ بِهِۦٓۚ إِلَيۡهِ أَدۡعُواْ وَإِلَيۡهِ مَـَٔابِ
Оо, пайгамбар! Биз Тооратты берген жөөттөр жана Инжилди берген христиандар сага түшүрүлгөн нерсенин кээ бири аларга түшкөн нерселерге шайкеш келгендиги үчүн сүйүнүшөт. Жөөттөр менен христиандардын кээ бир тайпалары сага түшүрүлгөн кээ бир нерселерди өздөрүнүн каалоолоруна ылайык келбегендиги үчүн же аларды өзгөртүп бурмалагандарын сыпаттагандыгы үчүн четке кагышат. Оо, пайгамбар! Аларга айт: “Чындыгында Аллах таала мени жалгыз Өзүнө сыйынуумду жана Ага эч нерсени шерик кошпоомду буйруду”. Жалгыз Ага гана дуба кылам, Андан башка эч кимге дуба кылбайм. Жалгыз Ага гана кайтамын. Тоорат жана Инжил да мына ушул нерселер менен келген.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• الترغيب في الجنة ببيان صفتها، من جريان الأنهار وديمومة الرزق والظل.
Бейиштин сыпаттарын айтуу менен ага кызыктыруу. Мисалы, дарыялардын агып турушу, ырыскынын дайым болушу жана көлөкөлүүгү.

• خطورة اتباع الهوى بعد ورود العلم وأنه من أسباب عذاب الله.
Илим келгенден кийин аны ээрчибестен өз каалоосун ээрчип кетүүнүн коркунучтуулугу жана бул Аллахтын азабына кабылуунун себептеринен.

• بيان أن الرسل بشر، لهم أزواج وذريات، وأن نبينا صلى الله عليه وسلم ليس بدعًا بينهم، فقد كان مماثلًا لهم في ذلك.
Пайгамбарлар дагы адамдар экенин, алардын да аялдары жана урпактары бар экенин баяндоо. Ошондой эле биздин пайгамбарыбыз да бул нерселерде мурунку пайгамбарлардан өзгөчөлөнбөй ошолор сыяктуу эле пайгамбар экенин ачыктоо.

 
แปลความหมาย​ อายะฮ์: (36) สูเราะฮ์: Ar-Ra‘d
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - สารบัญ​คำแปล

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

ปิด