แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - สารบัญ​คำแปล


แปลความหมาย​ อายะฮ์: (12) สูเราะฮ์: An-Nahl
وَسَخَّرَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَۖ وَٱلنُّجُومُ مُسَخَّرَٰتُۢ بِأَمۡرِهِۦٓۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَٰتٖ لِّقَوۡمٖ يَعۡقِلُونَ
Ал силерге эс алышыңар үчүн түндү жана тиричилик кылышыңар үчүн күндүздү баш ийдирди. Жана жарык чачкан Күндү, нурун чачкан Айды жана Анын тагдыр буйругу менен силерге карап жылган жылдыздарды баш ийдирди. Силер алардын жардамы менен кургактык жана деңиз караңгылыктарында жол табасыңар жана убакыттарды билесиңер. Чындыгында бул баш ийдирүүдө – акылдарын иштеткен адамдар үчүн Аллахтын кудуреттүүлүгүнө ачык-айкын далилдер бар. Мына ошолор гана мындан эмне максат кылынганын аңдап билишет.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• من عظمة الله أنه يخلق ما لا يعلمه جميع البشر في كل حين يريد سبحانه.
Бүткүл адамзат билбеген нерселерди Аллах Өзү каалаган учурда жаратуусу Анын кудуреттүүлүгүн айгинелейт.

• خلق الله النجوم لزينة السماء، والهداية في ظلمات البر والبحر، ومعرفة الأوقات وحساب الأزمنة.
Аллах жылдыздарды асманды кооздош үчүн, кургактыкта жана деңизде жол табыш үчүн жана убакыт менен мезгилдерди эсептеп билиш үчүн жаратты.

• الثناء والشكر على الله الذي أنعم علينا بما يصلح حياتنا ويعيننا على أفضل معيشة.
Аллахка мактоолорду жана шүгүрлөрдү айтуу. Анткени Ал биздин жашообузга пайда алып келген жана жакшы жашоого жардам берген жакшылыктарды берди.

• الله سبحانه أنعم علينا بتسخير البحر لتناول اللحوم (الأسماك)، واستخراج اللؤلؤ والمرجان، وللركوب، والتجارة، وغير ذلك من المصالح والمنافع.
Аллах Таала бизге жакшылык кылып деңизди баш ийдирди. Биз андан балык алабыз, бермет жана маржандарды чыгарабыз, анын үстүндө сүзүп соода-сатык жүргүзөбүз жана сырткы коркунучтардан, баскынчы душмандардан мекенибизди коргойбуз.

 
แปลความหมาย​ อายะฮ์: (12) สูเราะฮ์: An-Nahl
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - สารบัญ​คำแปล

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

ปิด