แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - สารบัญ​คำแปล


แปลความหมาย​ อายะฮ์: (92) สูเราะฮ์: An-Nahl
وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّتِي نَقَضَتۡ غَزۡلَهَا مِنۢ بَعۡدِ قُوَّةٍ أَنكَٰثٗا تَتَّخِذُونَ أَيۡمَٰنَكُمۡ دَخَلَۢا بَيۡنَكُمۡ أَن تَكُونَ أُمَّةٌ هِيَ أَرۡبَىٰ مِنۡ أُمَّةٍۚ إِنَّمَا يَبۡلُوكُمُ ٱللَّهُ بِهِۦۚ وَلَيُبَيِّنَنَّ لَكُمۡ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ مَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ
Жеңил ойлуу кем акыл адамдардай убадаларын бузгандардан болбогула! Бул акылсыз аялга окшобогула – ал жүндү же кебезди ийригенден тажап, бекем ийригенден кийин мурункудай кылып кайра аны чечип чубап салды. Ал ийригенден да чубагандан да чарчады, көздөгөн ой-максатына да жетпеди. Силердин үммөтүңөр душмандарыңардан көп жана кубаттуу болуш үчүн силер антыңарды бири-бириңерди алдаган куралга айлантып алдыңар. Аллах силерди убадаларына бек бекен деп сынап жатат. Силер аны аткарасыңарбы же бузасыңарбы? Кыяматта Аллах силердин бул дүйнөдө талашып тартышканыңарды сөзсүз ачык айтып берет. Ошондо акыйкатчыл адамды жалганга чыгарган адамдан, чынчылды жалганчыдан айырмалап берет.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• للكفار الذين يصدون عن سبيل الله عذاب مضاعف بسبب إفسادهم في الدنيا بالكفر والمعصية.
Аллахтын жолунан тоскон каапырлар үчүн эселеген азаптар бар. Анткени алар каапырлыктары жана күнөөлөрү себептүү бул дүйнөдө бузукулук кылышты.

• لا تخلو الأرض من أهل الصلاح والعلم، وهم أئمة الهدى خلفاء الأنبياء، والعلماء حفظة شرائع الأنبياء.
Жер бети илимдүү жана жакшы адамдардан куру калбайт. Мына ошолор туура жол башчылары, пайгамбарлардын орун басарлары жана пайгамбарлардын шарияттарын сактагандар.

• حدّدت هذه الآيات دعائم المجتمع المسلم في الحياة الخاصة والعامة للفرد والجماعة والدولة.
Бул аяттар мусулман коомчулугундагы ар бир адамдын, коомдун жана мамлекеттин жеке жана жалпы жашоосунун негиздерин чектеди.

• النهي عن الرشوة وأخذ الأموال على نقض العهد.
Убаданы бузуш үчүн акча алуудан жана паракорлуктан тыюу.

 
แปลความหมาย​ อายะฮ์: (92) สูเราะฮ์: An-Nahl
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - สารบัญ​คำแปล

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

ปิด