Check out the new design

แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ สำหรับหนังสืออรรถาธิบายอัลกุรอานอย่างสรุป (อัลมุคตะศ็อร ฟีตัฟซีร อัลกุรอานิลกะรีม) * - สารบัญ​คำแปล


แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: Al-Isrā’   อายะฮ์:
وَبِٱلۡحَقِّ أَنزَلۡنَٰهُ وَبِٱلۡحَقِّ نَزَلَۗ وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا مُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا
Биз Мухаммадга бул Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Жана Куран Мухаммадга эч өзгөрбөстөн жана бурмаланбастан акыйкат менен түштү. Оо, пайгамбар! Биз сени такыбаларды бейиш менен сүйүнтүү үчүн жана каапырлар менен күнөөкөрлөрдү тозок менен коркутуу үчүн жөнөттүк.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَقُرۡءَانٗا فَرَقۡنَٰهُ لِتَقۡرَأَهُۥ عَلَى ٱلنَّاسِ عَلَىٰ مُكۡثٖ وَنَزَّلۡنَٰهُ تَنزِيلٗا
Биз сага Куранды адамдарга шашылбай кыраат кылып окуп берсин деп түшүрдүк жана баяндадык. Анткени бул түшүнүүгө жана ой жүгүртүүгө эң ылайыктуусу. Ошондой эле Биз аны окуяларга жана абалдарга жараша бөлүк-бөлүк кылып түшүрдүк.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
قُلۡ ءَامِنُواْ بِهِۦٓ أَوۡ لَا تُؤۡمِنُوٓاْۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ مِن قَبۡلِهِۦٓ إِذَا يُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ يَخِرُّونَۤ لِلۡأَذۡقَانِۤ سُجَّدٗاۤ
Оо, пайгамбар! Айткын: «Аллахка ыйман келтиргиле. Силердин ыйман келтиргениңер Ага бир нерсени көбөйтүп да жибербейт же Ага ыйман келтирбесеңер да силердин каапырлыгыңар Андан бир нерсени азайтып да жибербейт. Асмандан түшкөн мурунку китептерди окугандарга, вахийди жана пайгамбарлыкты билгендерге Куран окулса, алар Аллахка шүгүр кылып жүздөрү менен сажда кылып жерге жыгылышат».
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَيَقُولُونَ سُبۡحَٰنَ رَبِّنَآ إِن كَانَ وَعۡدُ رَبِّنَا لَمَفۡعُولٗا
Алар сажда учурунда: «Биздин Раббибиз убадасын аткарбай коюудан алыс. Ошондуктан Мухаммаддын келүүсү тууралуу берген убадасы анык болот. Албетте Раббибиздин ал тууралуу же башка тууралуу убадасы сөзсүз ишке ашат».
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَيَخِرُّونَ لِلۡأَذۡقَانِ يَبۡكُونَ وَيَزِيدُهُمۡ خُشُوعٗا۩
Алар Аллахка жүздөрү менен жыгылышып сажда кылышкан абалда Андан коркушуп ыйлашат. Куран угуу жана маанилерин түшүнүү алардын Аллахтан коркуусун жана жалбарууларын көбөйтөт.
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
قُلِ ٱدۡعُواْ ٱللَّهَ أَوِ ٱدۡعُواْ ٱلرَّحۡمَٰنَۖ أَيّٗا مَّا تَدۡعُواْ فَلَهُ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰۚ وَلَا تَجۡهَرۡ بِصَلَاتِكَ وَلَا تُخَافِتۡ بِهَا وَٱبۡتَغِ بَيۡنَ ذَٰلِكَ سَبِيلٗا
Оо, пайгамбар! Сенин: «Оо, Аллах! Оо, Ырайымдуу!» деп айткан дубаңа каршы чыккандарга айткын: «Аллах жана Ырайымдуу деген – Аллахтын тааланын ысымдары. Ага ал экөөнүн кимиси менен болсо да же башка ысымдары менен болсо да дуба кылгыла. Анткени Анын көркөм ысымдары бар. Бул экөөсү Анын көркөм ысымдарынан. Андыктан ал экөөсү менен да башка көркөм ысымдары менен да дуба кылгыла. Намазда Куран окуганыңда жарыя окуба, мушриктер угуп алышат. Өтө купуя да окуба, ыймандуулар укпай калышат. Мына ушул эки абалдын ортосундагы деңгээлде оку».
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
وَقُلِ ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ ٱلَّذِي لَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلِيّٞ مِّنَ ٱلذُّلِّۖ وَكَبِّرۡهُ تَكۡبِيرَۢا
Оо, пайгамбар! Айткын: «Бардык мактоолорго татыктуу болгон Аллахка чексиз мактоолор болсун. Анын баласы жок жана шериги да жок. Бийлик кылууда да Анын шериги жок. Ага эч ким кордук көрсөтө албайт жана кемсинте да албайт. Анткени Ал жардамчыга жана кубаттоочуга муктаж эмес. Аны көп-көп улукта. Андыктан Анын падышачылыгында Ага баланы да, шерикти да, жардамчы да тааңуулабагыла».
ตัฟสีรต่างๆ​ ภาษาอาหรับ:
ประโยชน์​ที่​ได้รับ​:
• أنزل الله القرآن متضمنًا الحق والعدل والشريعة والحكم الأمثل .
Аллах акыйкатты, адилеттүүлүктү, шариятты жана толук өкүмдөрдү камтыган Куранды түшүрдү.

• جواز البكاء في الصلاة من خوف الله تعالى.
Намазда Аллахтан коркуп ыйлоого уруксат.

• الدعاء أو القراءة في الصلاة يكون بطريقة متوسطة بين الجهر والإسرار.
Намазда дуба кылууда же Куран окууда жарыя кылбай же өтө купуя кылбай орточо окуу.

• القرآن الكريم قد اشتمل على كل عمل صالح موصل لما تستبشر به النفوس وتفرح به الأرواح.
Ыйык Куран жанды кубанткан жана сүйүнткөн бардык жакшы иш-аракеттерди камтыйт.

 
แปลความหมาย​ สูเราะฮ์: Al-Isrā’
สารบัญสูเราะฮ์ หมายเลข​หน้า​
 
แปล​ความหมาย​อัลกุรอาน​ - คำแปลภาษาคีร์กีซ สำหรับหนังสืออรรถาธิบายอัลกุรอานอย่างสรุป (อัลมุคตะศ็อร ฟีตัฟซีร อัลกุรอานิลกะรีม) - สารบัญ​คำแปล

โดย ศูนย์ตัฟซีรเพื่อการศึกษาอัลกุรอาน

ปิด