Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Yūsuf   Ayah:
فَلَمَّا ذَهَبُواْ بِهِۦ وَأَجۡمَعُوٓاْ أَن يَجۡعَلُوهُ فِي غَيَٰبَتِ ٱلۡجُبِّۚ وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَيۡهِ لَتُنَبِّئَنَّهُم بِأَمۡرِهِمۡ هَٰذَا وَهُمۡ لَا يَشۡعُرُونَ
Якуб Юсуфту алар менен жиберди. Аны алыска алып барышып, кудуктун түбүнө ыргытууну чечишти. Биз ошол учурда Юсуфка аян бердик: “Ушул кылган иштери жөнүндө аларга кабар бересиң, бирок алар сага маани беришпейт”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَجَآءُوٓ أَبَاهُمۡ عِشَآءٗ يَبۡكُونَ
Юсуфтун агалары кечинде айла-амалдарын ишке ашырыш үчүн ыйламсырап атасына келишти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ يَٰٓأَبَانَآ إِنَّا ذَهَبۡنَا نَسۡتَبِقُ وَتَرَكۡنَا يُوسُفَ عِندَ مَتَٰعِنَا فَأَكَلَهُ ٱلذِّئۡبُۖ وَمَآ أَنتَ بِمُؤۡمِنٖ لَّنَا وَلَوۡ كُنَّا صَٰدِقِينَ
Алар айтышты: “Оо, атаке! Биз жаа атышып, жөө жарышып ойноп, Юсуфту кийимдерибиздин жана тамактарыбыздын жанына карап турсун деп таштап кетсек, карышкыр жеп кетиптир. Чындыгында биз ал жөнүндө айткан сөзүбүздө чынчыл болсок да сиз бизге ишенбейсизби?”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَجَآءُو عَلَىٰ قَمِيصِهِۦ بِدَمٖ كَذِبٖۚ قَالَ بَلۡ سَوَّلَتۡ لَكُمۡ أَنفُسُكُمۡ أَمۡرٗاۖ فَصَبۡرٞ جَمِيلٞۖ وَٱللَّهُ ٱلۡمُسۡتَعَانُ عَلَىٰ مَا تَصِفُونَ
Юсуфту карышкыр жеп кетти деп көйнөгүнө анын каны болбогон башка бир канды боёп, бул кабарды айлакерлик менен тастыкташты. Бирок Якуб алардын жалган максатын кийимине карап түшүндү, анткени кийим тытылган эмес болчу. Якуб аларга айтты: “Бирок бул иш силер айткандай болгон эмес. Тескерисинче, напсиңер силерге кылган жаман ишиңерди кооз көргөздү. Эми менин кылар ишим – наалыбастан жакшы сабыр кылуу. Юсуф тууралуу силер айткан сөздө Аллахтан гана жардам сурайм”.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَجَآءَتۡ سَيَّارَةٞ فَأَرۡسَلُواْ وَارِدَهُمۡ فَأَدۡلَىٰ دَلۡوَهُۥۖ قَالَ يَٰبُشۡرَىٰ هَٰذَا غُلَٰمٞۚ وَأَسَرُّوهُ بِضَٰعَةٗۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِمَا يَعۡمَلُونَ
Анан жолоочу кербен келип, аларга суу алып келүүчү адамды кудукка жиберишти. Ал чакасын кудукка ыргытканда Юсуф анын жибинен кармап илинип алды. Чаканы ыргыткан киши аны көргөндө – Сүйүнчүү! Бул бала го, - деп кубанып кетти. Суу алып келүүчү жана анын достору аны башка жолоочулар көрүп калбасын деп буюмдардын арасына жашырып коюшту. Аллахтын алдында алардын кылган иштери жашыруун эмес. Юсуфту кордоп, сатыкка койгондугун Аллах Билүүчү.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَشَرَوۡهُ بِثَمَنِۭ بَخۡسٖ دَرَٰهِمَ مَعۡدُودَةٖ وَكَانُواْ فِيهِ مِنَ ٱلزَّٰهِدِينَ
Суу алып келүүчү жана анын достору Мисирге келгенде Юсуфтан тез кутулуш үчүн саналуу дирхамга сатып жиберишти. Анткени, анын абалынан кул эместиги билишти. Өз жандарына зыян болбосун деп анын туугандарынан коркушту. Ошондуктан алар менен көпкө калбады. Булда болсо Аллахтын Юсуфка болгон толук ырайымынан.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالَ ٱلَّذِي ٱشۡتَرَىٰهُ مِن مِّصۡرَ لِٱمۡرَأَتِهِۦٓ أَكۡرِمِي مَثۡوَىٰهُ عَسَىٰٓ أَن يَنفَعَنَآ أَوۡ نَتَّخِذَهُۥ وَلَدٗاۚ وَكَذَٰلِكَ مَكَّنَّا لِيُوسُفَ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَلِنُعَلِّمَهُۥ مِن تَأۡوِيلِ ٱلۡأَحَادِيثِۚ وَٱللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِۦ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Аны Мисирде сатып алган киши аялына айтты: “Ага жакшы мамиле кылып, биз менен болгондо ага сый көрсөт. Балким өзүбүздүн кээ бир муктаждыктарыбызды бүтүрүүгө пайдасы тиет. Же болбосо аны бала кылып багып алабыз. Юсуфту өлүмдөн сактагандай, аны кудуктан чыгардык. Ошондой эле вазирдин жүрөгүн ага жумшартып койдук. Ага түш жооруну үйрөтүү үчүн аны Мисирде жашаттык. Аллах Өз ишинде Жеңүүчү жана Анын буйругу дайыма ишке ашат жана аны эч ким мажбурлай албайт. Бирок адамдардын көпчүлүгү ал нерсени билишпейт. Анткени алар каапырлар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَمَّا بَلَغَ أَشُدَّهُۥٓ ءَاتَيۡنَٰهُ حُكۡمٗا وَعِلۡمٗاۚ وَكَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ
Юсуфтун денеси күчкө толгон жашында илим жана туура түшүнүк бердик. Ушул сыяктуу сыйлыкты Аллахка сыйынып, жакшы иш кылгандарга да беребиз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• بيان خطورة الحسد الذي جرّ إخوة يوسف إلى الكيد به والمؤامرة على قتله.
Юсуфтун бир туугандарын ага каршы айла – амал кылууга жана аны өлтүрүүгө өз ара макулдашууга түрткү болгон көрө албастыктын коркунучун баяндоо.

• مشروعية العمل بالقرينة في الأحكام.
Шарият өкүмдөрүндө далилге карап аткаруунун уруксаттыгы.

• من تدبير الله ليوسف عليه السلام ولطفه به أن قذف في قلب عزيز مصر معاني الأبوة بعد أن حجب الشيطان عن إخوته معاني الأخوة.
Юсуфтун агаларынан шайтан бир туугандык сезимин тоскондон кийин Аллах Мисирдин вазиринин жүрөгүнө аталык сезимин салып койду. Ушунун баары Аллахтын алдын ала кылган чечими.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Yūsuf
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara