Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (1) Surah: Al-Baqarah

Бакара

Ilan sa mga Layon ng Surah:
الأمر بتحقيق الخلافة في الأرض بإقامة الإسلام، والاستسلام لله، والتحذير من حال بني إسرائيل.
Ислам динин тургузуп, Аллахка моюн сунуп жана Исраил урпактарынын абалынан эскертип, жер бетиндеги орун басарлыкты ишке ашырууга болгон буйрук.

الٓمٓ
«Алим, лаам, миим» – бул Курандын кээ бир сүрөөлөрү башталган тамгалардан. Алар жекече келгенде «алим, ба, та ж.б.» сыяктуу өзүнө эч кандай маанини камтыбаган алфавит тамгалары. Булардын даанышман сыры жана мааниси бар, анткени Куранда даанышмандыксыз эч нерсе келген эмес. Анын негизги даанышман сырларынан: алар билген жана сүйлөгөндө колдонгон тамгалардан турган Куран китеби менен чакырык таштоого ишарат кылынган. Ошондуктан бул сүрөөдө келген сыяктуу бул тамгалардан кийин көбүнчө ыйык Куран жөнүндө сөз болот.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الثقة المطلقة في نفي الرَّيب دليل على أنه من عند الله؛ إذ لا يمكن لمخلوق أن يدعي ذلك في كلامه.
Шек-күмөндү четке кагуудагы толук ишеним – Курандын Аллах тараптан экендигине далил болот. Анткени жаратылгандар мындай сөздү айтуулары мүмкүн эмес.

• لا ينتفع بما في القرآن الكريم من الهدايات العظيمة إلا المتقون لله تعالى المعظِّمون له.
Ыйык Курандагы улуу багыттоолордон Аллах тааладан корккондор жана Аны улуктагандар гана пайда алышат.

• من أعظم مراتب الإيمانِ الإيمانُ بالغيب؛ لأنه يتضمن التسليم لله تعالى في كل ما تفرد بعلمه من الغيب، ولرسوله بما أخبر عنه سبحانه.
Ыймандын эң жогорку даражаларынын бири – кайыпка ишенүү. Анткени ал өзүнө кайып илимине гана таандык болгон бардык нерселерде Аллах таалага жана Анын элчиси Андан алып келген кабарларга моюн сунууну камтыйт.

• كثيرًا ما يقرن الله تعالى بين الصلاة والزكاة؛ لأنَّ الصلاة إخلاص للمعبود، والزكاة إحسان للعبيد، وهما عنوان السعادة والنجاة.
Аллах таала көп учурда намаз менен зекетти бирге айтат. Анткени намаз – Аллахка болгон ыкластуулук, ал эми зекет – жаратылгандарга болгон жакшылык. Бул экөөсү бактылуулуктун жана кутулуунун белгиси.

• الإيمان بالله تعالى وعمل الصالحات يورثان الهداية والتوفيق في الدنيا، والفوز والفلاح في الأُخرى.
Аллах таалага ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди кылуу бул дүйнөдө туура жолго түшүп, ийгиликке жетүүгө жана акыретте жеңишке жетип, ийгилик табууга себеп болот.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (1) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara