Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (144) Surah: Al-Baqarah
قَدۡ نَرَىٰ تَقَلُّبَ وَجۡهِكَ فِي ٱلسَّمَآءِۖ فَلَنُوَلِّيَنَّكَ قِبۡلَةٗ تَرۡضَىٰهَاۚ فَوَلِّ وَجۡهَكَ شَطۡرَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِۚ وَحَيۡثُ مَا كُنتُمۡ فَوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ شَطۡرَهُۥۗ وَإِنَّ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ لَيَعۡلَمُونَ أَنَّهُ ٱلۡحَقُّ مِن رَّبِّهِمۡۗ وَمَا ٱللَّهُ بِغَٰفِلٍ عَمَّا يَعۡمَلُونَ
Оо, пайгамбар! Сен кыбыланын өзүңө жаккан тарапка өзгөрүшүн каалап, ал тууралуу вахийдин түшүүсүн күткөндөй, асман тарапка жүзүңдү бурганыңды жана назар салганыңды көрдүк. Эми Биз Акса мечитинин ордуна сен ыраазы болуп, жакшы көргөн кыбылага (Аллахтын ыйык Үйүнө) жүзүңдү бурабыз. Андыктан жүзүңдү ыйык Меккедеги Аллахтын ыйык Үйү тарапка бур. Оо, ыймандуулар! Кайсы жерде болбогула, силер дагы намаз окуганда ошол тарапка жүзүңөрдү бургула. Китеп ээлери болгон жөөттөр менен христиандар кыбыланын өзгөрүүсү алардын Жаратуучусу жана иштерин көзөмөлдөөчүсү тараптан түшүрүлгөн акыйкат экенин анык билишет, анткени бул алардын китебинде тастыкталган. Аллах акыйкаттан жүз бургандардын эмне кылып жатканынан бейкапар эмес. Тескерисинче, Ал муну билет жана жакында аларга жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أن الاعتراض على أحكام الله وشرعه والتغافل عن مقاصدها دليل على السَّفَه وقلَّة العقل.
Аллахтын өкүмдөрүнө, шариятына каршы чыгуу жана алардын максаттарына кайдыгер кароо – бул кем акылдыкка жана аңкоолукка далил.

• فضلُ هذه الأمة وشرفها، حيث أثنى عليها الله ووصفها بالوسطية بين سائر الأمم.
Бул үммөттүн артыкчылыгы жана кадыр-баркы. Анткени Аллах аны мактады жана бардык үммөттөрдүн арасынан ортолукту карманганы деп сыпаттады.

• التحذير من متابعة أهل الكتاب في أهوائهم؛ لأنهم أعرضوا عن الحق بعد معرفته.
Китеп ээлерин напси каалоолорунда ээрчүүдөн эскертүү. Анткени алар чындыкты билип туруп, андан баш тартышкан.

• جواز نَسْخِ الأحكام الشرعية في الإسلام زمن نزول الوحي، حيث نُسِخَ التوجه إلى بيت المقدس، وصار إلى المسجد الحرام.
Вахий түшүп турган мезгилде Исламдагы шарият өкүмдөрүн жокко чыгаруунун уруксаттыгы. Анткени Акса мечитине жүздөнүү жокко чыгарылып, анын ордуна Аль-Харам мечити болду.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (144) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara