Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (177) Surah: Al-Baqarah
۞ لَّيۡسَ ٱلۡبِرَّ أَن تُوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ قِبَلَ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلۡكِتَٰبِ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ وَءَاتَى ٱلۡمَالَ عَلَىٰ حُبِّهِۦ ذَوِي ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينَ وَٱبۡنَ ٱلسَّبِيلِ وَٱلسَّآئِلِينَ وَفِي ٱلرِّقَابِ وَأَقَامَ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتَى ٱلزَّكَوٰةَ وَٱلۡمُوفُونَ بِعَهۡدِهِمۡ إِذَا عَٰهَدُواْۖ وَٱلصَّٰبِرِينَ فِي ٱلۡبَأۡسَآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَحِينَ ٱلۡبَأۡسِۗ أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ صَدَقُواْۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡمُتَّقُونَ
Аллах ыраазы болгон жакшылык – жүзүңөрдү жөн гана чыгышка же батышка буруп жана ал тууралуу талашып-тартышуу эмес, чыныгы жакшылыктын баары – Аллахты жалгыз кудай деп ыйман келтирген, кыямат күнүнө, бардык периштелерге, түшүрүлгөн бардык китептерге, бардык пайгамбарларга аларды бөлүп-жарбастан ыйман келтирген, мал-мүлктү жакшы көрүп, өзү каалап турса да аны жакын туугандарына, балагатка жетпей атасын жоготкондорго, муктаждарга, мекенинен жана үй-бүлөсүнөн алыста жүрүп, муктаждыктан улам адамдардан жардам сурашка аргасыз болгон бейтааныш жолоочуларга сарптаган, мал-мүлкүн кулдарды кулчулуктан жана туткундан бошотууга жумшаган, намазды Аллах буйругандай толук деңгээлде окуган, парз зекетти берген, ортодо келишкен келишимди аткарган, жакырчылыкка, кыйынчылыкка жана ооруга сабыр кылган, согуш күч алганда качып кетпеген адамдарда. Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон адамдар – ыйманында жана иш-аракеттеринде Аллахка чынчыл болгондор жана алар Аллах буйруган нерселерди аткарып, Анын тыйгандарын таштаган такыбалар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• البِرُّ الذي يحبه الله يكون بتحقيق الإيمان والعمل الصالح، وأما التمسك بالمظاهر فقط فلا يكفي عنده تعالى.
Аллах сүйгөн жакшылык ыйман келтирүү жана жакшылык иштерди аткаруу менен ишке ашат, ал эми үстүртөн гана кармануу Аллахтын алдында жетишсиз болуп эсептелет.

• من أعظم ما يحفظ الأنفس، ويمنع من التعدي والظلم؛ تطبيق مبدأ القصاص الذي شرعه الله في النفس وما دونها.
Адамдардын жанын сактаган жана душмандыктан, зулумдуктан коргогон эң улуу иштердин бири – адамдын жаны жана андан төмөнкү нерселерге карата Аллах шарият кылган өч алуу принциптерин иш жүзүндө колдонуу.

• عِظَمُ شأن الوصية، ولا سيما لمن كان عنده شيء يُوصي به، وإثمُ من غيَّر في وصية الميت وبدَّل ما فيها.
Керээздин маанилүүлүгү, айрыкча колунда керээз калтыра тургандай нерсеси бар адамдар үчүн, ошондой эле өлгөн адамдын керээзин өзгөртүү жана андагы нерселерди бурмалоонун күнөө экендиги тууралуу айтылды.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (177) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara