Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (189) Surah: Al-Baqarah
۞ يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلۡأَهِلَّةِۖ قُلۡ هِيَ مَوَٰقِيتُ لِلنَّاسِ وَٱلۡحَجِّۗ وَلَيۡسَ ٱلۡبِرُّ بِأَن تَأۡتُواْ ٱلۡبُيُوتَ مِن ظُهُورِهَا وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنِ ٱتَّقَىٰۗ وَأۡتُواْ ٱلۡبُيُوتَ مِنۡ أَبۡوَٰبِهَاۚ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تُفۡلِحُونَ
Оо, пайгамбар! Алар сенден айлардын жаңыруусу жана алардын абалдарынын өзгөрүүсү тууралуу сурашат. Аларга жооп катары мунун даанышман сырын айт: «Алар адамдар үчүн белгиленген убакыттар. Алар аркылуу ажылык айлары, орозо айы, зекетте бир жылдын толук бүтүшү сыяктуу ибадаттардын убактыларын билишет, ошондой эле кундарды жана карыздарды төлөө мөөнөттөрүн белгилөө сыяктуу өз ара мамилелердеги убакыттарды билишет». Силер Исламга чейинки динсиз доордо ойлогонуңардай ажылык же умра үчүн ихрам кийгенде үйдүн арт жагынан киргениңер жакшылык иш эмес. Бирок чыныгы жакшылык – ичинен да, сыртынан да Аллахтан корккон адамдын жакшылыгы. Ал эми үйлөргө эшигинен киргениңер силер үчүн эң жеңили жана машакат жаратпаганы. Анткени Аллах силерге оорчулук жана машакат жараткан нерселерди жүктөгөн эмес. Өзүңөр менен Аллахтын азабынын ортосуна жакшылык иштерди коргонуч кылгыла. Балким каалаган нерсеңерге жетип, корккон нерсеңерден кутулуу менен ийгиликке жетерсиңер.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• مشروعية الاعتكاف، وهو لزوم المسجد للعبادة؛ ولهذا يُنهى عن كل ما يعارض مقصود الاعتكاف، ومنه مباشرة المرأة.
Этикафка отуруу шариятта көрсөтүлгөн. Ал мечиттен чыкпай ибадат кылуу. Ошол себептен этикафтын максатына каршы келген бардык иштерге, анын ичинде аялы менен жыныстык мамиле кылууга тыюу салынат.

• النهي عن أكل أموال الناس بالباطل، وتحريم كل الوسائل والأساليب التي تقود لذلك، ومنها الرشوة.
Адамдардын мал-мүлкүн жалган жолдо жештен тыюу жана ага алып баруучу бардык каражаттардын жана ыкмалардын, анын ичинде паракорлуктун арамдыгы.

• تحريم الاعتداء والنهي عنه؛ لأن هذا الدين قائم على العدل والإحسان.
Зордук-зомбулук көрсөтүү арам жана ал тыйылган. Анткени бул дин адилеттүүлүккө жана жакшылык кылууга негизделген.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (189) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara