Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (217) Surah: Al-Baqarah
يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلشَّهۡرِ ٱلۡحَرَامِ قِتَالٖ فِيهِۖ قُلۡ قِتَالٞ فِيهِ كَبِيرٞۚ وَصَدٌّ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِ وَكُفۡرُۢ بِهِۦ وَٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ وَإِخۡرَاجُ أَهۡلِهِۦ مِنۡهُ أَكۡبَرُ عِندَ ٱللَّهِۚ وَٱلۡفِتۡنَةُ أَكۡبَرُ مِنَ ٱلۡقَتۡلِۗ وَلَا يَزَالُونَ يُقَٰتِلُونَكُمۡ حَتَّىٰ يَرُدُّوكُمۡ عَن دِينِكُمۡ إِنِ ٱسۡتَطَٰعُواْۚ وَمَن يَرۡتَدِدۡ مِنكُمۡ عَن دِينِهِۦ فَيَمُتۡ وَهُوَ كَافِرٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡ فِي ٱلدُّنۡيَا وَٱلۡأٓخِرَةِۖ وَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Оо, пайгамбар! Адамдар сенден ыйык деп эсептелген Зулкаада, Зулхижжа, Мухаррам жана Ражаб айларында согушуунун өкүмү жөнүндө сурашат. Аларга жооп кылып айт: «Бул айларда согушуу – Аллахтын алдында чоң күнөө жана кабыл алынгыс. Ошол сыяктуу мушриктердин Аллахтын жолунан тосуу үчүн кылгандары да өтө жаман иш. Ыймандууларды Аль-Харам мечитинен тыюу жана адамдарды андан кууп чыгуу Аллахтын алдында ыйык айларда согушуудан да чоңураак. Ал эми алардын ширк кылганы өлтүрүүдөн да чоңураак. Оо, ыймандуулар! Мушриктер силерди акыйкат диниңерден өздөрүнүн жалган динине кайтаруунун жолун табышмайынча, силер менен зулумдукта согушууну уланта беришет. Силердин араңардан ким дининен кайтып, Аллахка каапырлык кылган абалда өлсө, анын жакшылык иштери жокко чыгарылат жана акыретке барганда тозокко кирип, анда түбөлүк калат».
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الجهل بعواقب الأمور قد يجعل المرء يكره ما ينفعه ويحب ما يضره، وعلى المرء أن يسأل الله الهداية للرشاد.
Иштердин акыбетин билбестик, кээде адамдын өзүнө пайдалуу нерсени жек көрүүсүнө, зыяндуу нерсени жакшы көрүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Ошондуктан адам Аллахтан тууралыкка карай жол көрсөтүүнү суроосу керек.

• جاء الإسلام بتعظيم الحرمات والنهي عن الاعتداء عليها، ومن أعظمها صد الناس عن سبيل الله تعالى.
Ислам дини ыйык нерселерди улуктоону жана аларга душмандык кылуудан тыюуну алып келди. Ал эми алардын эң чоңдорунун бири – адамдарды Аллах тааланын жолунан тосуу.

• لا يزال الكفار أبدًا حربًا على الإسلام وأهله حتَّى يخرجوهم من دينهم إن استطاعوا، والله موهن كيد الكافرين.
Каапырлар мусулмандарды дининен чыгармайынча аларга жана Исламга каршы согушту дайыма уланта беришет. Аллах каапырлардын айласын курутат.

• الإيمان بالله تعالى، والهجرة إليه، والجهاد في سبيله؛ أعظم الوسائل التي ينال بها المرء رحمة الله ومغفرته.
Аллахка ыйман келтирүү, Ал үчүн көчүү жана Анын жолунда согушуу – Аллахтын ырайымына жана кечиримине жетүүнүн эң улуу жолдору.

• حرّمت الشريعة كل ما فيه ضرر غالب وإن كان فيه بعض المنافع؛ مراعاة لمصلحة العباد.
Шарият адамдардын кызыкчылыгын эске алуу менен зыяндуулугу басымдуулук кылган бардык нерселерге, анын ичинде анча-мынча пайдасы бар болсо да, аларды арамга чыгарат.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (217) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara