Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (229) Surah: Al-Baqarah
ٱلطَّلَٰقُ مَرَّتَانِۖ فَإِمۡسَاكُۢ بِمَعۡرُوفٍ أَوۡ تَسۡرِيحُۢ بِإِحۡسَٰنٖۗ وَلَا يَحِلُّ لَكُمۡ أَن تَأۡخُذُواْ مِمَّآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ شَيۡـًٔا إِلَّآ أَن يَخَافَآ أَلَّا يُقِيمَا حُدُودَ ٱللَّهِۖ فَإِنۡ خِفۡتُمۡ أَلَّا يُقِيمَا حُدُودَ ٱللَّهِ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَا فِيمَا ٱفۡتَدَتۡ بِهِۦۗ تِلۡكَ حُدُودُ ٱللَّهِ فَلَا تَعۡتَدُوهَاۚ وَمَن يَتَعَدَّ حُدُودَ ٱللَّهِ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ
Күйөөсү кайра жарашууга ээлик кылган талак эки жолу гана болот, башкача айтканда бир жолу талак берет, кийин кайра жарашат, болбосо дагы талак берет, кийин кайра жарашат, мына ошол эки талактан кийин, же аны өз камкордугуна алып ынтымакта жашайт, же анын алдындагы милдеттерин аткарып, ага жакшылык кылуу менен үчүнчү талагын берет. Эй, күйөөлөр! Аялыңарга төлөп берген калыңдан эч бир нерсени алганга болбойт. Бирок аялы күйөөсүн сырткы келбети же мүнөзү себептүү жактырбаса жана мунун айынан жубайлар бири-бирине болгон милдеттерин аткара албайбыз деп ойлошсо, анда бул ишти алар менен туугандык байланышы бар адамдарга же башкаларга билдиришсин. Эгер жакындары да алар бири-бирине карата жубайлык милдеттерин аткара албайт деп коркушса, анда аял ажырашуу үчүн күйөөсүнө мал-мүлк төлөө аркылуу андан башын бошотуп алуусунда эч кандай күнөө жок. Бул шарият өкүмдөрү адал менен арамды ажыратуучу, андыктан алардын чегинен чыкпагыла. Ким адал менен арамдын ортосундагы Аллахтын чектеринен чыкса, мына ошолор өздөрүн кыйроого учураткан жана Аллахтын каары менен жазасына туш кылган залымдар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• بيَّن الله تعالى أحكام النكاح والطلاق بيانًا شاملًا حتى يعرف الناس حدود الحلال والحرام فلا يتجاوزونها.
Аллах таала адамдар адал менен арамдын чектерин билип, алардын чегинен чыкпоо үчүн аларга нике менен талактын өкүмдөрүн баяндады.

• عظَّم الله شأن النكاح وحرم التلاعب فيه بالألفاظ فجعلها ملزمة، وألغى التلاعب بكثرة الطلاق والرجعة فجعل لها حدًّا بطلقتين رجعيتين ثم تحرم عليه إلا أن تنكح زوجا غيره ثم يطلقها، أو يموت عنها.
Аллах никенин баркын көтөрдү жана ар кандай сөздөр менен аны тамаша тутуудан тыйып, аларды милдеттүү түрдө аткарыла турган кылып койду. Ошондой эле кайра-кайра талак берүүнү жана жарашууну оюн тутуудан токтотуп, аны жарашууга мүмкүн болгон эки талак сөзү менен чектеди, андан кийинкисинде ал башка күйөөгө тийип, аны менен ажырашмайынча же өлмөйүнчө аны менен никелешүүгө болбойт.

• المعاشرة الزوجية تكون بالمعروف، فإن تعذر ذلك فلا بأس من الطلاق، ولا حرج على أحد الزوجين أن يطلبه.
Жубайлардын жашоосу жакшылык менен уланууга тийиш. Эгер бул такыр мүмкүн болбосо, анда ажырашууга уруксат жана жубайлардын бирөөсү ажырашууну талап кылса, ага эч кандай күнөө эмес.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (229) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara