Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (232) Surah: Al-Baqarah
وَإِذَا طَلَّقۡتُمُ ٱلنِّسَآءَ فَبَلَغۡنَ أَجَلَهُنَّ فَلَا تَعۡضُلُوهُنَّ أَن يَنكِحۡنَ أَزۡوَٰجَهُنَّ إِذَا تَرَٰضَوۡاْ بَيۡنَهُم بِٱلۡمَعۡرُوفِۗ ذَٰلِكَ يُوعَظُ بِهِۦ مَن كَانَ مِنكُمۡ يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۗ ذَٰلِكُمۡ أَزۡكَىٰ لَكُمۡ وَأَطۡهَرُۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ
Эгер аялдарыңарга үч жолудан аз талак берсеңер жана алардын күтүү мөөнөтү бүтсө, анда оо камкорчулар (валийлер), эгер алар жаңыдан никелешүү аркылуу күйөөлөрүнө кайтууну каалашса жана алар менен ошого ыраазы болушса, андай учурда аларга тоскоол болбогула. Аларга тоскоол болуудан тыйган бул өкүм – силердин араңардан Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтиргендерге эскертүү катары айтылат. Мына ушул нерсе ортоңордо жакшылыкты көбүрөөк жайылтат, ошондой эле абийириңерди жана иш-аракеттериңерди ыплас нерселерден тазартат. Аллах ар бир иштин акыйкатын жана акыбетин билет, а силер муну билбейсиңер.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• نهي الرجال عن ظلم النساء سواء كان بِعَضْلِ مَوْلِيَّتِه عن الزواج، أو إجبارها على ما لا تريد.
Эркектерди аялдарга зулум кылуудан тыюу, мейли турмушка берүүдө камкорчулугунан (валийликтен) баш тартуу менен болобу же алар каалабаган нерсеге мажбурлоо менен болобу, айырмасы жок.

• حَفِظَ الشرع للأم حق الرضاع، وإن كانت مطلقة من زوجها، وعليه أن ينفق عليها ما دامت ترضع ولده.
Шарияттта аял күйөөсү менен ажырашып кетсе да эмизүү укугу энеге берилген жана баланы эмизүү мөөнөтү бүткөнчө күйөөсү аны каржылоого милдеттүү.

• نهى الله تعالى الزوجين عن اتخاذ الأولاد وسيلة يقصد بها أحدهما الإضرار بالآخر.
Аллах таала жубайларды бири-бирине зыян келтирүү үчүн балдарын курал катары колдонуудан тыйды.

• الحث على أن تكون كل الشؤون المتعلقة بالحياة الزوجية مبنية على التشاور والتراضي بين الزوجين.
Үй-бүлөлүк жашоого тиешелүү бардык маселелерди жубайлардын кеңешүүсү жана өз ара макулдашуусунун негизинде жүргүзүүгө үндөө.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (232) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara