Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (233) Surah: Al-Baqarah
۞ وَٱلۡوَٰلِدَٰتُ يُرۡضِعۡنَ أَوۡلَٰدَهُنَّ حَوۡلَيۡنِ كَامِلَيۡنِۖ لِمَنۡ أَرَادَ أَن يُتِمَّ ٱلرَّضَاعَةَۚ وَعَلَى ٱلۡمَوۡلُودِ لَهُۥ رِزۡقُهُنَّ وَكِسۡوَتُهُنَّ بِٱلۡمَعۡرُوفِۚ لَا تُكَلَّفُ نَفۡسٌ إِلَّا وُسۡعَهَاۚ لَا تُضَآرَّ وَٰلِدَةُۢ بِوَلَدِهَا وَلَا مَوۡلُودٞ لَّهُۥ بِوَلَدِهِۦۚ وَعَلَى ٱلۡوَارِثِ مِثۡلُ ذَٰلِكَۗ فَإِنۡ أَرَادَا فِصَالًا عَن تَرَاضٖ مِّنۡهُمَا وَتَشَاوُرٖ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡهِمَاۗ وَإِنۡ أَرَدتُّمۡ أَن تَسۡتَرۡضِعُوٓاْ أَوۡلَٰدَكُمۡ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكُمۡ إِذَا سَلَّمۡتُم مَّآ ءَاتَيۡتُم بِٱلۡمَعۡرُوفِۗ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٞ
Энелер балдарын эки жыл толук эмизишет. Бул эки жылга чектөө – эмизүү мөөнөтүн толук кылууну каалагандар үчүн. Бала эмизүүчү ажырашкан энени шариятка каршы келбеген, эл ичинде калыптанган салтка ылайык каржылоо жана аны кийим-кече менен камсыздоо баланын атасынын милдети. Аллах эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн жана кудуретинен ашыкчаны жүктөбөйт. Ата-эне баласын бири-бирине зыян келтирүү максатта курал катары колдонбоосу керек. Эгер баланын атасы жок болсо жана анын мал-мүлкү да болбосо, анда анын мураскоруна атага тиешелүү милдеттер жүктөлөт. Эгерде бала эки жашка толгонго чейин ата-энеси өз ара кеңешип жана баланын кызыкчылыгына карап макулдашканкан кийин аны эмчектен чыгарууну каалашса, бул алар үчүн күнөө эмес. А эгер балаңарга энесинен башка эмизүүчү аялды жалдагыңар келсе жана эмизүүчү аял менен макулдашкан акысын кемитпестен же кечиктирбестен жакшылык менен төлөп турсаңар, силерге күнөө болбойт. Аллахтын буйруктарын аткарып, Анын тыюуларын таштоо менен Андан корккула жана билгиле, Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды көрүп турат. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Жакында Ал кылган иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• نهي الرجال عن ظلم النساء سواء كان بِعَضْلِ مَوْلِيَّتِه عن الزواج، أو إجبارها على ما لا تريد.
Эркектерди аялдарга зулум кылуудан тыюу, мейли турмушка берүүдө камкорчулугунан (валийликтен) баш тартуу менен болобу же алар каалабаган нерсеге мажбурлоо менен болобу, айырмасы жок.

• حَفِظَ الشرع للأم حق الرضاع، وإن كانت مطلقة من زوجها، وعليه أن ينفق عليها ما دامت ترضع ولده.
Шарияттта аял күйөөсү менен ажырашып кетсе да эмизүү укугу энеге берилген жана баланы эмизүү мөөнөтү бүткөнчө күйөөсү аны каржылоого милдеттүү.

• نهى الله تعالى الزوجين عن اتخاذ الأولاد وسيلة يقصد بها أحدهما الإضرار بالآخر.
Аллах таала жубайларды бири-бирине зыян келтирүү үчүн балдарын курал катары колдонуудан тыйды.

• الحث على أن تكون كل الشؤون المتعلقة بالحياة الزوجية مبنية على التشاور والتراضي بين الزوجين.
Үй-бүлөлүк жашоого тиешелүү бардык маселелерди жубайлардын кеңешүүсү жана өз ара макулдашуусунун негизинде жүргүзүүгө үндөө.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (233) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara