Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (249) Surah: Al-Baqarah
فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوتُ بِٱلۡجُنُودِ قَالَ إِنَّ ٱللَّهَ مُبۡتَلِيكُم بِنَهَرٖ فَمَن شَرِبَ مِنۡهُ فَلَيۡسَ مِنِّي وَمَن لَّمۡ يَطۡعَمۡهُ فَإِنَّهُۥ مِنِّيٓ إِلَّا مَنِ ٱغۡتَرَفَ غُرۡفَةَۢ بِيَدِهِۦۚ فَشَرِبُواْ مِنۡهُ إِلَّا قَلِيلٗا مِّنۡهُمۡۚ فَلَمَّا جَاوَزَهُۥ هُوَ وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَعَهُۥ قَالُواْ لَا طَاقَةَ لَنَا ٱلۡيَوۡمَ بِجَالُوتَ وَجُنُودِهِۦۚ قَالَ ٱلَّذِينَ يَظُنُّونَ أَنَّهُم مُّلَٰقُواْ ٱللَّهِ كَم مِّن فِئَةٖ قَلِيلَةٍ غَلَبَتۡ فِئَةٗ كَثِيرَةَۢ بِإِذۡنِ ٱللَّهِۗ وَٱللَّهُ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Талут аскерлери менен шаардан чыкканда аларга: «Аллах силерди бир дарыя менен сынайт. Ким андан ичсе, ал менин жолумда эмес жана согушта мени менен бирге болбойт. Ким андан ичпесе, ал менин жолумда жана согушта мени менен бирге болот. Ал эми ким чыдабай колу менен бир кочуш суу сузуп ичсе, эч нерсе эмес» – деди. Аскерлердин көбү ичип алышты, аз гана бөлүгү катуу чаңкаганына карабай чыдап ичишкен жок. Талут жана аны менен бирге болгон ыймандуулар дарыядан өткөндө, анын кээ бир жоокерлери: «Бүгүн биз Жалут жана анын аскерлерине туруштук бере албайбыз» – дешти. Ошондо кыямат күнү Аллахка жолугарына толук ишенгендер: «Канчалаган аз сандагы ыймандуулар тобу Аллахтын уруксаты жана жардамы менен көп сандагы каапырлардын тобунун үстүнөн жеңишке жетишкен. Жеңишке жетүүдө көптүк эмес, ыйман маанилүү». Аллах сабырдуу пенделери менен бирге, аларды колдойт жана жардам берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من حكمة القائد أن يُعرِّض جيشه لأنواع الاختبارات التي يتميز بها جنوده ويعرف الثابت من غيره.
Жол башчынын өз аскерлерин айырмалап, алардын кимиси туруктуу экенин билиш үчүн аларды ар кандай сыноолорго дуушар кылуу анын акылмандыгынан.

• العبرة في النصر ليست بمجرد كثرة العدد والعدة فقط، وإنما معونة الله وتوفيقه أعظم الأسباب للنصر والظَّفَر.
Жеңишке жетүүдө тек гана сандын көптүгү жана даярдыгы маанилүү эмес, жеңишке жетүүнүн эң чоң себеби – Аллахтын жардамы жана ийгилиги.

• لا يثبت عند الفتن والشدائد إلا من عَمَرَ اليقينُ بالله قلوبَهم، فمثل أولئك يصبرون عند كل محنة، ويثبتون عند كل بلاء.
Козголоңдордо жана кыйынчылыктарда жүрөгүндө Аллахка болгон терең ишиним орногондор гана бекем турушат. Андайлар бардык сыноолорго чыдашат жана ар бир кыйынчылыкка туруштук беришет.

• الضراعة إلى الله تعالى بقلب صادق متعلق به من أعظم أسباب إجابة الدعاء، ولا سيما في مواطن القتال.
Аллах таалага чын жүрөктөн жалынып-жалбаруу – дубанын кабыл болушунун эң чон себептеринен, айрыкча согуш майдандарында.

• من سُنَّة الله تعالى وحكمته أن يدفع شر بعض الخلق وفسادهم في الأرض ببعضهم.
Кээ бирлердин жер бетиндеги жамандыгын жана бузукулугун башка бирөөлөр аркылуу токтотуу – Аллах тааланын тутунган жолу.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (249) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara