Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (259) Surah: Al-Baqarah
أَوۡ كَٱلَّذِي مَرَّ عَلَىٰ قَرۡيَةٖ وَهِيَ خَاوِيَةٌ عَلَىٰ عُرُوشِهَا قَالَ أَنَّىٰ يُحۡيِۦ هَٰذِهِ ٱللَّهُ بَعۡدَ مَوۡتِهَاۖ فَأَمَاتَهُ ٱللَّهُ مِاْئَةَ عَامٖ ثُمَّ بَعَثَهُۥۖ قَالَ كَمۡ لَبِثۡتَۖ قَالَ لَبِثۡتُ يَوۡمًا أَوۡ بَعۡضَ يَوۡمٖۖ قَالَ بَل لَّبِثۡتَ مِاْئَةَ عَامٖ فَٱنظُرۡ إِلَىٰ طَعَامِكَ وَشَرَابِكَ لَمۡ يَتَسَنَّهۡۖ وَٱنظُرۡ إِلَىٰ حِمَارِكَ وَلِنَجۡعَلَكَ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِۖ وَٱنظُرۡ إِلَى ٱلۡعِظَامِ كَيۡفَ نُنشِزُهَا ثُمَّ نَكۡسُوهَا لَحۡمٗاۚ فَلَمَّا تَبَيَّنَ لَهُۥ قَالَ أَعۡلَمُ أَنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ
Же болбосо, чатырлары кулаган, дубалдары ураган, жашоочулары кырылып, ээн калган шаардын жанынан өтүп бара жаткан адамдын окуясын билчү белең? Ал киши таң калып: «Аллах бул шаардын элин өлгөндөн кийин кантип тирилтет болду экен?» – деди. Ошондо Аллах аны жүз жылга өлтүрүп, анан кайра тирилтти жана андан: «Канча жыл өлүк жаттың?» – деп сурады. Ал: «Бир күн же күндүн бир аз бөлүгүндөй убакыт жаттым окшойт» – деп жооп берди. Ал ага айтты: «Жок, сен толук жүз жыл жаттың. Жаныңдагы тамак-аш менен суусундукту карачы, алар өзгөрбөстөн ошол бойдон турат, болбосо тамак-аш менен суусундук бат эле бузулуп кетет. Өлгөн эшегиңди карачы! Биз сени адамдарга Аллахтын кайра тирилтүүгө кудуреттүү экенин билдирген ачык-айкын белги кылабыз. Эшегиңдин майдаланып, чачырап кеткен сөөктөрүн карачы, Биз аларды кантип тургузуп, бири-бирине бириктирет экенбиз, андан кийин ага эт каптайбыз, анан аны кайра тирилтебиз». Муну көргөндөн кийин ага иштин акыйкаты белгилүү болду жана Аллахтын кудуретин билди. Ал муну моюнга алып: «Мен Аллахтын бардык нерсеге кудуреттүү экенин билдим» – деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من أعظم ما يميز أهل الإيمان أنهم على هدى وبصيرة من الله تعالى في كل شؤونهم الدينية والدنيوية، بخلاف أهل الكفر.
Ыймандуулардын эң чоң өзгөчөлүктөрдүн бири – алар каапырлардан айырмаланып, динге жана дүйнөгө байланыштуу бардык иштеринде Аллах таала тараптан болгон туура жолдо жана аң-сезимдүүлүктө болушат.

• من أعظم أسباب الطغيان الغرور بالقوة والسلطان حتى يعمى المرء عن حقيقة حاله.
Зомбулуктун эң чоң себептеринин бири – күчкө жана бийликке алдануу. Мындай учурда адам өзүнүн чыныгы абалын көрбөй калат.

• مشروعية مناظرة أهل الباطل لبيان الحق، وكشف ضلالهم عن الهدى.
Чындыкты баяндап жана жалган жолдогулардын акыйкаттан адашуусун ачык көрсөтүп берүү үчүн алар менен талашып-тартышуу шариятта уруксат.

• عظم قدرة الله تعالى؛ فلا يُعْجِزُهُ شيء، ومن ذلك إحياء الموتى.
Аллах тааланын кудуретинин улуулугу. Аны эч бир нерсе алсырата албайт. Ошолордун бири – өлүктөрдү кайра тирилтүү.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (259) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara