Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (264) Surah: Al-Baqarah
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تُبۡطِلُواْ صَدَقَٰتِكُم بِٱلۡمَنِّ وَٱلۡأَذَىٰ كَٱلَّذِي يُنفِقُ مَالَهُۥ رِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَلَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۖ فَمَثَلُهُۥ كَمَثَلِ صَفۡوَانٍ عَلَيۡهِ تُرَابٞ فَأَصَابَهُۥ وَابِلٞ فَتَرَكَهُۥ صَلۡدٗاۖ لَّا يَقۡدِرُونَ عَلَىٰ شَيۡءٖ مِّمَّا كَسَبُواْۗ وَٱللَّهُ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلۡكَٰفِرِينَ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Садака берилген адамга милдет кылуу жана зыян берүү менен садакаңардын сообун жок кылып албагыла. Мына ушундай кылган адам эл көрсүн жана мактасын деген ниет менен мал-мүлктөрүн сарптаган адам сыяктуу. Ал Аллахка, кыямат күнүнө жана андагы сыйлык жана жазага ишенбеген каапыр. Мунун мисалы үстү топурак баскан жылмакай ташка окшош. Ал ташка нөшөрлөп жамгыр жаап, анын топурактарын кетирип, аны эч нерсеси жок жылмакай кылып койду. Ошол сыяктуу эле эл көрсүн үчүн кылган адамдардын иш-аракеттеринин жана короткон мал-мүлктөрүнүн сооптору жок болот, Аллахтын алдында алардын эч нерсеси калбайт. Аллах каапырларды Өзү ыраазы болгон жана алардын иш-аракеттерине жана сарптаган мал-мүлктөрүнө пайда келтирген нерселерге багыттабайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• مراتب الإيمان بالله ومنازل اليقين به متفاوتة لا حد لها، وكلما ازداد العبد نظرًا في آيات الله الشرعية والكونية زاد إيمانًا ويقينًا.
Аллахка болгон ыймандын даражалары жана Ага болгон ишенимдин орундары ар түрдүү жана чеги жок. Пенде Аллахтын шарияттык жана ааламдык аят-белгилерине назар салуусу күчөгөн сайын анын ыйманы жана ишеними көбөйөт.

• بَعْثُ الله تعالى للخلق بعد موتهم دليل ظاهر على كمال قدرته وتمام عظمته سبحانه.
Аллах тааланын макулуктарды өлгөндөн кийин кайра тирилтүүсү – Анын толук кудуреттүүлүгүнө жана чексиз улуулугуна ачык далил болот.

• فضل الإنفاق في سبيل الله وعظم ثوابه، إذا صاحبته النية الصالحة، ولم يلحقه أذى ولا مِنّة محبطة للعمل.
Аллах жолунда мал-мүлк сарптоонун артыкчылыгы жана сооп-сыйлыгынын көптүгү. Анткени аны иш-аракетти жок кылган милдет кылуу жана зыян берүү коштобостон, жакшы ниет коштоду.

• من أحسن ما يقدمه المرء للناس حُسن الخلق من قول وفعل حَسَن، وعفو عن مسيء.
Адамдын башкаларга кылган эң чоң жакшылыктарынан – жакшы сөз айтуу, жакшы иш кылуу жана жамандык кылганды кечирүү сыяктуу кулк-мүнөздүүлүк.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (264) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara