Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (272) Surah: Al-Baqarah
۞ لَّيۡسَ عَلَيۡكَ هُدَىٰهُمۡ وَلَٰكِنَّ ٱللَّهَ يَهۡدِي مَن يَشَآءُۗ وَمَا تُنفِقُواْ مِنۡ خَيۡرٖ فَلِأَنفُسِكُمۡۚ وَمَا تُنفِقُونَ إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ ٱللَّهِۚ وَمَا تُنفِقُواْ مِنۡ خَيۡرٖ يُوَفَّ إِلَيۡكُمۡ وَأَنتُمۡ لَا تُظۡلَمُونَ
Оо, пайгамбар! Чындыкты кабыл алуу, ага моюн сунуу жана ага алып баруу үчүн аларды туура жолго салууга милдеттүү эмессиң. Чындыгында сен аларды акыйкатка багыттоого жана аны менен тааныштырууга гана милдеттүүсүң. Ал эми акыйкатка жана туура жолго карай ийгилик берүү Аллахтын гана колунда. Ал кимди кааласа туура жолго салат. Жакшылыкка кандай нерсени сарптасаңар, анын пайдасы өзүңөргө кайтат. Анткени Аллах ага муктаж эмес. Андыктан сарптаган нерсеңер Аллах үчүн гана болсун. Чыныгы ыймандуулар Аллахтын ыраазылыгын көздөп сарпташат. Жакшылыкка сарптаган нерсеңер аз болобу же көп болобу, анын сыйлыгын кемитпестен толук аласыңар. Анткени Аллах эч кимге зулум кылбайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• إذا أخلص المؤمن في نفقاته وصدقاته فلا حرج عليه في إظهارها وإخفائها بحسب المصلحة، وإن كان الإخفاء أعظم أجرًا وثوابًا لأنها أقرب للإخلاص.
Эгер ыймандуу адам сарптаган мал-мүлкүндө жана садакаларында ыкластуулук кылса, анда аны пайдасына карап ачык береби же жашыруун береби айырмасы жок. Жашыруун бергендин сооп-сыйлыгы көбүрөөк, анткени ушундай кылуу ыкластуулукка жакыны.

• دعوة المؤمنين إلى الالتفات والعناية بالمحتاجين الذين تمنعهم العفة من إظهار حالهم وسؤال الناس.
Ыймандууларды, абалын ачык айтууга жана адамдардан суроого абийири жол бербеген муктаж адамдарга көңүл бурууга чакыруу.

• مشروعية الإنفاق في سبيل الله تعالى في كل وقت وحين، وعظم ثوابها، حيث وعد تعالى عليها بعظيم الأجر في الدنيا والآخرة.
Бардык убакта жана мезгилде Аллах жолунда мал-мүлк сарптоо шариятта уруксат жана анын сообу чоң. Анткени Аллах таала ал үчүн дүйнөдө жана акыретте чоң сыйлыктарды убада кылган.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (272) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara