Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (275) Surah: Al-Baqarah
ٱلَّذِينَ يَأۡكُلُونَ ٱلرِّبَوٰاْ لَا يَقُومُونَ إِلَّا كَمَا يَقُومُ ٱلَّذِي يَتَخَبَّطُهُ ٱلشَّيۡطَٰنُ مِنَ ٱلۡمَسِّۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّمَا ٱلۡبَيۡعُ مِثۡلُ ٱلرِّبَوٰاْۗ وَأَحَلَّ ٱللَّهُ ٱلۡبَيۡعَ وَحَرَّمَ ٱلرِّبَوٰاْۚ فَمَن جَآءَهُۥ مَوۡعِظَةٞ مِّن رَّبِّهِۦ فَٱنتَهَىٰ فَلَهُۥ مَا سَلَفَ وَأَمۡرُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِۖ وَمَنۡ عَادَ فَأُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلنَّارِۖ هُمۡ فِيهَا خَٰلِدُونَ
Сүткорлук менен алектенгендер жана аны алгандар кыямат күнү кабырларынан жин-шайтан тийген адам сыяктуу тирилишет. Алар кабырынан бир туруп, бир жыгылып талмасы кармаган адамдай турушат. Мунун себеби алар сүткорлукту адал деп эсептешти жана сүткорлук менен Аллах адал кылган соодадан түшкөн пайдаларды айырмалашкан жок. Алар: «Адалдык жагынан соода деле сүткорлук сыяктуу. Экөөсү бирдей мал-мүлктүн көбөйүшүнө жана өсүшүнө алып келет» – дешти. Аллах аларга жооп берди, алардын салыштыруусун четке какты жана жалгандарын ачыкка чыгарды. Ошондой эле соодада жалпы жана жеке пайдалар болгону үчүн аны адал кылганын, ал эми сүткорлук зулумдукту жана адамдардын мал-мүлкүн кайтарбастан жалган жолдо жешти камтыгандыгы үчүн аны арам кылганын баяндады. Кимге Раббиси тараптан сүткорлуктан тыюу жана эскертүү келсе жана ал аны таштап, Аллахка тообо кылып кайтса, анда анын мурда сүткорлуктан алган нерселери үчүн эч кандай күнөө жок жана андан кийин кандай болорун Аллах Өзү чечет. Ал эми кимге Аллахтын тыюусу жетип, далил келтирилгенден кийин да сүткорлук кылганын токтотпосо, ал тозокко кирүүгө жана анда түбөлүк калууга татыктуу болду. Мындагы тозокто түбөлүк калат дегенден сүткорлукту адал деп жеген адам же ал жакта узакка калуу максат кылынган. Анткени тозокто түбөлүк калуу каапырларга гана тиешелүү, ал эми жалгыз кудайлуулук (таухид) ишенимин кармангандар тозокто түбөлүк калышпайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• من أعظم الكبائر أكل الربا، ولهذا توعد الله تعالى آكله بالحرب وبالمحق في الدنيا والتخبط في الآخرة.
Сүткорлук – чоң күнөөлөрдүн бири. Ошондуктан Аллах таала аны жеген адамга бул дүйнөдө согушту жана кемип жок болууну, ал эми акыретте жин ургандай абалда болорун убада кылды.

• الالتزام بأحكام الشرع في المعاملات المالية ينزل البركة والنماء فيها.
Мал-мүлккө тиешелүү мамилелерде шарият өкүмдөрүн кармануу киреше жана береке алып келет.

• فضل الصبر على المعسر، والتخفيف عنه بالتصدق عليه ببعض الدَّين أو كله.
Карыздан кыйналган адам үчүн сабырдуулуктун жана анын карызынын бир бөлүгүн же аны толук кечип садака кылуу менен жеңилдик берүүнүн артыкчылыгы.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (275) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara