Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (282) Surah: Al-Baqarah
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا تَدَايَنتُم بِدَيۡنٍ إِلَىٰٓ أَجَلٖ مُّسَمّٗى فَٱكۡتُبُوهُۚ وَلۡيَكۡتُب بَّيۡنَكُمۡ كَاتِبُۢ بِٱلۡعَدۡلِۚ وَلَا يَأۡبَ كَاتِبٌ أَن يَكۡتُبَ كَمَا عَلَّمَهُ ٱللَّهُۚ فَلۡيَكۡتُبۡ وَلۡيُمۡلِلِ ٱلَّذِي عَلَيۡهِ ٱلۡحَقُّ وَلۡيَتَّقِ ٱللَّهَ رَبَّهُۥ وَلَا يَبۡخَسۡ مِنۡهُ شَيۡـٔٗاۚ فَإِن كَانَ ٱلَّذِي عَلَيۡهِ ٱلۡحَقُّ سَفِيهًا أَوۡ ضَعِيفًا أَوۡ لَا يَسۡتَطِيعُ أَن يُمِلَّ هُوَ فَلۡيُمۡلِلۡ وَلِيُّهُۥ بِٱلۡعَدۡلِۚ وَٱسۡتَشۡهِدُواْ شَهِيدَيۡنِ مِن رِّجَالِكُمۡۖ فَإِن لَّمۡ يَكُونَا رَجُلَيۡنِ فَرَجُلٞ وَٱمۡرَأَتَانِ مِمَّن تَرۡضَوۡنَ مِنَ ٱلشُّهَدَآءِ أَن تَضِلَّ إِحۡدَىٰهُمَا فَتُذَكِّرَ إِحۡدَىٰهُمَا ٱلۡأُخۡرَىٰۚ وَلَا يَأۡبَ ٱلشُّهَدَآءُ إِذَا مَا دُعُواْۚ وَلَا تَسۡـَٔمُوٓاْ أَن تَكۡتُبُوهُ صَغِيرًا أَوۡ كَبِيرًا إِلَىٰٓ أَجَلِهِۦۚ ذَٰلِكُمۡ أَقۡسَطُ عِندَ ٱللَّهِ وَأَقۡوَمُ لِلشَّهَٰدَةِ وَأَدۡنَىٰٓ أَلَّا تَرۡتَابُوٓاْ إِلَّآ أَن تَكُونَ تِجَٰرَةً حَاضِرَةٗ تُدِيرُونَهَا بَيۡنَكُمۡ فَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَلَّا تَكۡتُبُوهَاۗ وَأَشۡهِدُوٓاْ إِذَا تَبَايَعۡتُمۡۚ وَلَا يُضَآرَّ كَاتِبٞ وَلَا شَهِيدٞۚ وَإِن تَفۡعَلُواْ فَإِنَّهُۥ فُسُوقُۢ بِكُمۡۗ وَٱتَّقُواْ ٱللَّهَۖ وَيُعَلِّمُكُمُ ٱللَّهُۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ
Оо, Аллахка ыйман келтиргендер жана Анын элчисине ээрчигендер! Эгерде бири-бириңерге белгилүү бир мөөнөткө чейин карыз берсеңер, анда ошол карызды жазгыла. Араңардан бир адам шариятка ылайык чындык жана калыстык менен жазсын. Карызды жазган адам Аллах ага үйрөткөн нерсеге туура келгендей адилеттүүлүк менен жазуудан баш тартпасын. Карызды төлөөгө милдеттүү адамдан тастыктоо катары ал айткандай жазсын жана ал Раббисинен корксун, карыздын өлчөмүнөн, түрүнөн жана сапатынан эч нерсени кемитпесин. Эгер карыз алып жаткан адам ойдогудай иш жүргүзө албаса, же жаштыгы же акыл-эси кемдиги себептүү алсыз болсо, же дудук болгондугу үчүн айтып бере албаса, анда анын ордуна ал үчүн жоопкер камкорчусу чындык жана калыстык менен айтып берсин. Ошондой эле адилеттүү жана акыл-эси жайында болгон эки эркек кишини күбө болууга чакыргыла. Эгер эки эркек киши табылбаса, анда силер диндарлыгына жана аманаткөйлүгүнө ыраазы болгон бир эркек киши жана эки аялды күбө кылгыла. Анткени аялдардын бирөөсү унутуп калса, экинчиси анын эсине салат. Эгерде алардан карызга күбө болууга чакырылса, күбөлөр андан баш тартышпасын. Эгер аларды ушуга чакырса, алар үчүн аны аткаруу милдет. Карызды белгиленген мөөнөтүнө чейин аз болобу, көп болобу, аны жазуудан эч зерикпегиле. Карызды жазуу – Аллахтын шарияты боюнча эң адилеттүү, күбөгө өтүүдө жана аны аткарууда эң жеткиликтүү жана карыздын түрү, өлчөмү жана мөөнөтү тууралуу шектенүүнү жок кылууга эң жакыны. Эгер ортоңордо соода-сатык келишими болуп, товар даяр жана баасы белгилүү болсо, анда аны жазбай эле койсоңор болот, себеби ага эч кандай зарылдык жок. Талашып-тартышууну алдын алуу үчүн күбө болууга чакыруу уруксат. Жазган жана күбөгө өткөн адамдарга зыян келтирүүгө болбойт. Ошондой эле алар дагы жазууну жана күбөгө өтүүнү сурангандарга зыян келтирбеши керек. Эгерде зыян келтире турган болсоңор, бул Аллахка моюн сунуудан баш тартуу болуп саналат. Оо, ыймандуулар! Аллахтан корккула, Анын силерге буйруганына баш ийгиле жана тыйгандарын таштагыла – Аллах силерге дүйнөңөргө жана акыретиңерге пайдалууну үйрөтөт. Аллах бардык нерсени Билүүчү. Ага эч нерсе жашыруун эмес.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• وجوب تسمية الأجل في جميع المداينات وأنواع الإجارات.
Пикир келишпестиктерди жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн карызды жана мал-мүлккө байланышкан бардык келишимдерди документтештирүү шариятта уруксат.

Жөндөмсүз же акыл-эси кем же жашы жете элек мүмкүнчүлүгү чектелгендерге камкорчулук кылган адамдарды дайындоо зарыл.

Карыздарды жана укуктук документтерди ырастоо үчүн күбөлөндүрүү уруксат.

Жазган адам бардык мамилелик иштерде өзүнө жараша колдонулган сөздөрдү жана жат жазууну жакшы билүүсү – толук жана адилеттүү жазууга кирет.

Укуктук документтерди ырастоодо жана жазууда укук ээлери тарабынан болобу, аны жазгандар жана күбөлөр тарабынан болобу, эч кимге зыян келтирүүгө болбойт.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (282) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara