Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (283) Surah: Al-Baqarah
۞ وَإِن كُنتُمۡ عَلَىٰ سَفَرٖ وَلَمۡ تَجِدُواْ كَاتِبٗا فَرِهَٰنٞ مَّقۡبُوضَةٞۖ فَإِنۡ أَمِنَ بَعۡضُكُم بَعۡضٗا فَلۡيُؤَدِّ ٱلَّذِي ٱؤۡتُمِنَ أَمَٰنَتَهُۥ وَلۡيَتَّقِ ٱللَّهَ رَبَّهُۥۗ وَلَا تَكۡتُمُواْ ٱلشَّهَٰدَةَۚ وَمَن يَكۡتُمۡهَا فَإِنَّهُۥٓ ءَاثِمٞ قَلۡبُهُۥۗ وَٱللَّهُ بِمَا تَعۡمَلُونَ عَلِيمٞ
Эгерде сапарда жүрүп, карыз кагазын жазууга адам таппасаңар, анда карыздар тарап карызын төлөгөнгө чейин карыз берүүчүнүн укугуна кепилдик катары анын ээлигине күрөөлүк коёт. Эгер бири-бириңерге ишенсеңер, анда жазуу, күбөлөндүрүү жана күрөөгө коюу зарыл эмес. Бул учурда карыз карызкордун мойнундагы аманат болуп, ал аны карыз берүүчүгө төлөп берүүгө жана бул аманаттын эч нерсесин танбастан Аллахтан коркууга тийиш. Эгер ал танса, келишим мамилеге күбө болгон адам көрсөтмө берсин жана аны жашырбасын. Ал эми ким аны жашырса, анын жүрөгү бузуку жүрөк. Аллах кылганыңарды Билүүчү. Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Жакында Ал силерге иш-аракеттериңердин сыйлыгын же жазасын берет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• جواز أخذ الرهن لضمان الحقوق في حال عدم القدرة على توثيق الحق، إلا إذا وَثِقَ المتعاملون بعضهم ببعض.
Укуктук документтерди ырастоо мүмкүн болбогон учурда укуктардын кепилдиги катары күрөө алууга уруксат. Эгерде тараптар бири-бирине ишенген болсо, анда зарыл эмес.

• حرمة كتمان الشهادة وإثم من يكتمها ولا يؤديها.
Күбөлүктү жашыруу арам жана аны жашырып, аткарбагандар күнөөкөр.

• كمال علم الله تعالى واطلاعه على خلقه، وقدرته التامة على حسابهم على ما اكتسبوا من أعمال.
Аллах тааланын илими жана жараткандары тууралуу билгичтиги кемчиликсиз жана алардан иш-аракеттери үчүн сурак алууда кудуреттүүлүгү чексиз.

• تقرير أركان الإيمان وبيان أصوله.
Ыймандын түркүктөрүн жана анын негиздеринин баяндоо.

• قام هذا الدين على اليسر ورفع الحرج والمشقة عن العباد، فلا يكلفهم الله إلا ما يطيقون، ولا يحاسبهم على ما لا يستطيعون.
Бул дин жеңилдикке, пенделердин түйшүгүн жана кыйынчылыгын жок кылууга негизделген. Аллах аларга мүмкүнчүлүктөрү жеткен нерселерди гана милдет кылат жана аларды колунан келбеген нерселер үчүн жоопко тартпайт.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (283) Surah: Al-Baqarah
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara