Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Ash-Shu‘arā’   Ayah:
فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلۡجَمۡعَانِ قَالَ أَصۡحَٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدۡرَكُونَ
Качан Фараондун коому менен Мусанын коому бири-бирине жолукканда, алар бири-бирин көрүшкөндө Мусанын шериктери айтты: «Чындыгында Фараон менен анын коому бизди кууп жетерине аз калды. Биз аларга туруштук бере албайбыз».
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ كَلَّآۖ إِنَّ مَعِيَ رَبِّي سَيَهۡدِينِ
Муса элине айтты: «Абал силер элестеткендей эмес! Чындыгында Раббим мени менен бирге, Ал колдойт жана жардам берет. Ал мага жол кутулуунун жолун көргөзөт».
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضۡرِب بِّعَصَاكَ ٱلۡبَحۡرَۖ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرۡقٖ كَٱلطَّوۡدِ ٱلۡعَظِيمِ
Биз Мусага вахий кылып: «Таягың менен деңизди чап!» – деп буйрудук. Ал аны чапканда деңиз экиге бөлүнүп, ал Исраил урпактарынын урууларынын санына барабар он эки жолго айланды. Деңиздин ар бир ачылган бөлүгү бекемдиги менен чоңдугунда улуу тоо сыяктуу болуп, алардан эч кандай суу акпай калды.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَأَزۡلَفۡنَا ثَمَّ ٱلۡأٓخَرِينَ
Биз Фараон менен анын коомун жакын алып келдик, анан алар жолдон өтсө болот экен деген ойдо деңизге киришти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَأَنجَيۡنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ
Биз Муса жана аны менен бирге болгон Исраил урпактарын куткардык. Алардан бир да адам өлгөн жок.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ
Андан соң Фараон менен анын коомун деңизге чөктүрүп жок кылдык.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَأٓيَةٗۖ وَمَا كَانَ أَكۡثَرُهُم مُّؤۡمِنِينَ
Чындыгында Мусага деңиздин экиге бөлүнүшүндө, анын куткарылышында жана Фараон менен коомунун кыйроосунда Мусанын чынчыл экенин билдирген аят-белгилер бар. Бирок Фараон менен болгондордун көпчүлүгү ыйман келтиришкен жок.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ
Оо, пайгамбар! Чындыгында сенин Раббиң душмандарынан өч алууга Кудуреттүү, алардын тообо кылгандарына Ырайымдуу.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱتۡلُ عَلَيۡهِمۡ نَبَأَ إِبۡرَٰهِيمَ
Оо, пайгамбар! Аларга Ибрахимдин окуясын окуп бер.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَا تَعۡبُدُونَ
Бир кезде ал атасы Азарга жана элине: «Аллахтан башка эмнеге сыйынып жатасыңар?» – деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ نَعۡبُدُ أَصۡنَامٗا فَنَظَلُّ لَهَا عَٰكِفِينَ
Эли айтты: «Биз айкелдер-буттарга сыйынып жатабыз. Аларга сыйынганыбызды токтотпойбуз жана аларды таштабайбыз».
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ هَلۡ يَسۡمَعُونَكُمۡ إِذۡ تَدۡعُونَ
Ибрахим аларга айтты: «Ал айкелдер-буттарга дуба кылсаңар дубаңарды угушабы?
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَوۡ يَنفَعُونَكُمۡ أَوۡ يَضُرُّونَ
Же силер аларга моюн сунсаңар пайда келтире алышабы? Же силер аларга баш ийбестик кылсаңар зыян тийгизе алышабы?».
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُواْ بَلۡ وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا كَذَٰلِكَ يَفۡعَلُونَ
Алар айтышты: «Аларга дуба кылсак бизди угушпайт, аларга моюн сунсак бизге пайда келтире алышпайт, аларга баш ийбестик кылсак бизге зыян тийгизе алышпайт. Бирок биз ата-бабаларыбыздын ушундай кылышкандарын көргөнбүз. Ошондуктан биз аларды ээрчийбиз».
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ أَفَرَءَيۡتُم مَّا كُنتُمۡ تَعۡبُدُونَ
Ибрахим айтты: «Силер ойлонуп көрдүңөр беле, Аллахтан башка эмне деген айкел-буттарга сыйынып жатканыңарды?
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُمُ ٱلۡأَقۡدَمُونَ
Жана силердин илгерки ата-бабаларыңардын эмнелерге сыйынышкандарын?
Ang mga Tafsir na Arabe:
فَإِنَّهُمۡ عَدُوّٞ لِّيٓ إِلَّا رَبَّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Чындыгында алардын баарысы – менин душмандарым. Анткени бүткүл ааламдардын Раббиси Аллахтан башкалары жалган.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ٱلَّذِي خَلَقَنِي فَهُوَ يَهۡدِينِ
Ал мени жаратты жана Ал мени дүйнө жана акырет жакшылыктарына багыттайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱلَّذِي هُوَ يُطۡعِمُنِي وَيَسۡقِينِ
Ал жалгыз Өзү мени тамактандырат, эгер ачка болсом жана Ал мага ичирет, эгер чаңкаган болсом.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذَا مَرِضۡتُ فَهُوَ يَشۡفِينِ
Эгер ооруп калсам, Ал жалгыз Өзү мени оорумдан айыктырат. Менин Андан башка айыктыруучум жок.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱلَّذِي يُمِيتُنِي ثُمَّ يُحۡيِينِ
Ажалым жеткен кезде Ал жалгыз Өзү мени өлтүрөт. Жана Ал мени өлгөндөн кийин кайра тирилтет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱلَّذِيٓ أَطۡمَعُ أَن يَغۡفِرَ لِي خَطِيٓـَٔتِي يَوۡمَ ٱلدِّينِ
Жана мен сурак күнү жалгыз Андан гана күнөөлөрүмдү кечирүүсүн үмүт кылам.
Ang mga Tafsir na Arabe:
رَبِّ هَبۡ لِي حُكۡمٗا وَأَلۡحِقۡنِي بِٱلصَّٰلِحِينَ
Ибрахим Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мага динде туура түшүнүк бер жана мени пайгамбарлардан болгон такыбалуулардын катарына кош, алар менен бирге бейишке киргиз» – деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الله مع عباده المؤمنين بالنصر والتأييد والإنجاء من الشدائد.
Аллах Өз колдоосу, жардамы жана кыйынчылыктан куткаруусу менен ыймандуу пенделери менен бирге.

• ثبوت صفتي العزة والرحمة لله تعالى.
Аллах таала кудуреттүүлүк жана ырайымдуулук сыпаттарына ээ экендигин тастыктоо.

• خطر التقليد الأعمى.
Сокур ээрчүүнүн коркунучу.

• أمل المؤمن في ربه عظيم.
Ыймандуу адамдын үмүтү – улуу Раббисинде.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Ash-Shu‘arā’
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara