Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (110) Surah: Āl-‘Imrān
كُنتُمۡ خَيۡرَ أُمَّةٍ أُخۡرِجَتۡ لِلنَّاسِ تَأۡمُرُونَ بِٱلۡمَعۡرُوفِ وَتَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمُنكَرِ وَتُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِۗ وَلَوۡ ءَامَنَ أَهۡلُ ٱلۡكِتَٰبِ لَكَانَ خَيۡرٗا لَّهُمۚ مِّنۡهُمُ ٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَأَكۡثَرُهُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Оо, Мухаммад пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) үммөтү, силер үммөттөрдүн арасынан ыйманыңарда жана амалыңарда эң жакшы үммөт болдуңар. Адамдарга эң пайдалуу болдуңар, шарият көрсөткөн жана акылга туура келген жакшы иштерге чакырасыңар, шарият тыюу салган жана акылга сыйбас жаман иштеден тыясыңар. Аллахка чындап ишенип, ишенимиңерди иш жүзүндө далилдейсиңер. Эгер тиги китеп берилген яхудилер менен христиандар Мухаммад пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жанамактоо дубасы болсун) ишенишсе алардын дүйнө акырети үчүн жакшы болмок. Алардын арасынан азы гана Мухаммад пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун) алып келген динге ишеништи, көбү Аллахтын дини жана шариятынан сыртта калды
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أعظم ما يميز هذه الأمة وبه كانت خيريتها - بعد الإيمان بالله - الأمر بالمعروف والنهي عن المنكر.
Бул үммөттү өзгөчөлөткөн жана жакшылыгын күчөткөн, Аллахка ыйман келтьирүүдөн кийинки эле иш, бул - жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу

• قضى الله تعالى بالذل على أهل الكتاب لفسقهم وإعراضهم عن دين الله، وعدم وفائهم بما أُخذ عليهم من العهد.
келишимди бузганы, Аллахтын дининен баш тартып бузукулук кылганы үчүн Аллах Таала китеп берилгендерди кор кылып койду

• أهل الكتاب ليسوا على حال واحدة؛ فمنهم القائم بأمر الله، المتبع لدينه، الواقف عند حدوده، وهؤلاء لهم أعظم الأجر والثواب. وهذا قبل بعثة النبي محمد صلى الله عليه وسلم.
Китеп берилгендердин баары окшош эмес; алардын арасында Аллахтын буйругун аткарган, динин карманган, чегин сактагандары бар. Алардын сооп-сыйы чоң. Булар пайгамбарыбыздын пайгамбарчылыгынан мурда болгон

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (110) Surah: Āl-‘Imrān
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara