Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (3) Surah: Āl-‘Imrān
نَزَّلَ عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ وَأَنزَلَ ٱلتَّوۡرَىٰةَ وَٱلۡإِنجِيلَ
Оо, пайгамбар! Ал сага окуяларда жана өкүмдөрдөгү адилеттикте мурдагы илахий китептерге ылайык келген Куранды акыйкат менен түшүрдү жана алардын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок. Ошондой эле сага Куран түшүрүлгөнгө чейин Мусага Тооратты, Исага Инжилди түшүргөн. Бул илахий китептердин баарысы адамдардын дининин жана дүйнөсүнүн оңолуусуна туура жол жана багыт көрсөтүүчү. Ал акыйкатты жалгандан, туура жолду адашуудан айырмалап көрсөткөн Фурканды (ажыратуучу) түшүрдү. Ал эми Аллахтын сага түшүргөн аяттарына каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Аллах – Ага эч бир нерсе үстөмдүк кыла албаган кудуреттүү жана Анын элчилерин жалганга чыгарып, Анын буйругуна каршы чыккандардан өч алуучу.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• أقام الله الحجة وقطع العذر عن الخلق بإرسال الرسل وإنزال الكتب التي تهدي للحق وتحذر من الباطل.
Аллах элчилерди жөнөтүү менен, акыйкатка жолдогон жана жалгандан эскерткен китептерди түшүрүү менен адамдарга далилдерди келтирди жана алар үчүн шылтоого жол калтырган жок.

• كمال علم الله تعالى وإحاطته بخلقه، فلا يغيب عنه شيء في الأرض ولا في السماء، سواء كان ظاهرًا أو خفيًّا.
Аллах тааланын илиминин кемчиликсиздиги жана ал өзүнө жаратылгандарды камтуусу. Жер бетиндеги жана асмандагы кайсы нерсе болбосун, ал ачык болобу, же купуя болобу, эч бири Ага жашыруун эмес.

• من أصول أهل الإيمان الراسخين في العلم أن يفسروا ما تشابه من الآيات بما أُحْكِم منها.
Мааниси бүдөмүк аяттарды айкын маанидеги аяттар менен чечмелөө – илими терең ыймандуу адамдар колдонгон негиздерден.

• مشروعية دعاء الله تعالى وسؤاله الثبات على الحق، والرشد في الأمر، ولا سيما عند الفتن والأهواء.
Аллах таалага дуба кылып акыйкатка бекемдикти жана иштеги тууралыкты суроо шариятта бар, айрыкча козголоң (фитна) жана напси каалоолор күч алган учурларда кылуу зарыл.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (3) Surah: Āl-‘Imrān
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara