Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: An-Nisā’   Ayah:
لِّلرِّجَالِ نَصِيبٞ مِّمَّا تَرَكَ ٱلۡوَٰلِدَانِ وَٱلۡأَقۡرَبُونَ وَلِلنِّسَآءِ نَصِيبٞ مِّمَّا تَرَكَ ٱلۡوَٰلِدَانِ وَٱلۡأَقۡرَبُونَ مِمَّا قَلَّ مِنۡهُ أَوۡ كَثُرَۚ نَصِيبٗا مَّفۡرُوضٗا
Ата-энеси, же бир тууганы же атасы менен бир тууган ага-иниси сыяктуу жакын туугандарынан калган мураста, ал мурас азбы, көппү анда эркек кишинин үлүшү бар. Ошондой эле анда аял кишинин да үлүшү болот; А жахилият, караңгы доордо мындай эмес эле, анда мурас аял киши менен жаш балага тийчү эмес. Мурасты ар бирине тиешелүү өлчөмдө үлүш кылып так бөлүп берүүнү Аллах Таала парз кылды.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذَا حَضَرَ ٱلۡقِسۡمَةَ أُوْلُواْ ٱلۡقُرۡبَىٰ وَٱلۡيَتَٰمَىٰ وَٱلۡمَسَٰكِينُ فَٱرۡزُقُوهُم مِّنۡهُ وَقُولُواْ لَهُمۡ قَوۡلٗا مَّعۡرُوفٗا
Эгер мурас бөлүштүрүлгөндө ал жерде мурас албай турган жакындар, жетимдер же жакыр адамдар болуп калса, жакшылк үчүн мурасты бөлүштүрбөй туруп аларга да бир аздан бергиле, алар ошого муктаж, аларга жылуу-жумшак сөз айтып көңүл көтөргүлө
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلۡيَخۡشَ ٱلَّذِينَ لَوۡ تَرَكُواْ مِنۡ خَلۡفِهِمۡ ذُرِّيَّةٗ ضِعَٰفًا خَافُواْ عَلَيۡهِمۡ فَلۡيَتَّقُواْ ٱللَّهَ وَلۡيَقُولُواْ قَوۡلٗا سَدِيدًا
Өтүп кетсем, али жаш, кембагал балдарымдын абалы кандай болот деп корккон адамдар, кол алдындагы башка жетим балдарга залым кылууда Аллахтан корксун Өтүп кеткенден кийин мунун балдарына да башкалар жакшылык кылуусу үчүн, өзү азыр жетимдерге жакшылык кылсын. Өлүмү жакын адамга, ал өткөн соң осуят, мурасына залым кылбай так бөлүштүрөрүн айтып, жакшы сөзү менен узатсын.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يَأۡكُلُونَ أَمۡوَٰلَ ٱلۡيَتَٰمَىٰ ظُلۡمًا إِنَّمَا يَأۡكُلُونَ فِي بُطُونِهِمۡ نَارٗاۖ وَسَيَصۡلَوۡنَ سَعِيرٗا
Жетимдердин мал-мүлкүн алып, кийин аны өзү каалагандай иштетип залым кылгандар аларды ичинен күйгүзө турган отту жегендей болот, Кыямат күнү алар тозокто күйөт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
يُوصِيكُمُ ٱللَّهُ فِيٓ أَوۡلَٰدِكُمۡۖ لِلذَّكَرِ مِثۡلُ حَظِّ ٱلۡأُنثَيَيۡنِۚ فَإِن كُنَّ نِسَآءٗ فَوۡقَ ٱثۡنَتَيۡنِ فَلَهُنَّ ثُلُثَا مَا تَرَكَۖ وَإِن كَانَتۡ وَٰحِدَةٗ فَلَهَا ٱلنِّصۡفُۚ وَلِأَبَوَيۡهِ لِكُلِّ وَٰحِدٖ مِّنۡهُمَا ٱلسُّدُسُ مِمَّا تَرَكَ إِن كَانَ لَهُۥ وَلَدٞۚ فَإِن لَّمۡ يَكُن لَّهُۥ وَلَدٞ وَوَرِثَهُۥٓ أَبَوَاهُ فَلِأُمِّهِ ٱلثُّلُثُۚ فَإِن كَانَ لَهُۥٓ إِخۡوَةٞ فَلِأُمِّهِ ٱلسُّدُسُۚ مِنۢ بَعۡدِ وَصِيَّةٖ يُوصِي بِهَآ أَوۡ دَيۡنٍۗ ءَابَآؤُكُمۡ وَأَبۡنَآؤُكُمۡ لَا تَدۡرُونَ أَيُّهُمۡ أَقۡرَبُ لَكُمۡ نَفۡعٗاۚ فَرِيضَةٗ مِّنَ ٱللَّهِۗ إِنَّ ٱللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمٗا
Аллах Таала силерге келишим кылып, балдарыңардын мурасы тууралуу буларга буйруду; Мурас уул балага эки кыз балага берилчү өлчөмдө берилет. Эгер маркумда уулу жок жалаң кыз болсо, анда эки кызына мурастын үчтөн экиси тиет. А эгер мурас алуучу жалгыз эле кыз болсо, ага мурастын жарымы берилет. Эгер маркумдун уул же кызы болсо, бул учурда анын ата-энесине алтыдан бири тиешелүү болот. А эгер маркумдун перзенти болбосо, анда анын энесине үчтөн бири берилип, калганы атасына берилет. Эгер маркумдун эки же андан көп ага-ини, эже-карындаштары болсо, анда энесине милдеттүү түрдө алтынан бири берилет да, калганы атасына калат, бир туугандарына эч нерсе берилбейт. Мурасты мындай тартипте бөлүштүрүү, маркум мурасты осуят кылгандан кийин жана маркумдун карыздары болсо, аны төлөгөндөн кийин ишке ашырылат. Анан да мурасты маркумдун малынын үчтөн биринен ашырып жибербөө керек, тагыраагы, андан калган мал-мүлктөн үчтөн бири гана мураска бөлүнөт. Мурасты ушинтип бөлүштүрүүнү парз кылганынын себеби, адамдар ата-энесинин же балдарынын кимиси ага бул дүйнөдө да, акыретте да пайдалуу экенин билбейт. Билбегени себептүү бирөөсүн жакшы көрүп, бүт малын ага мураска калтырышы мүмкүн. Дагы бирин жаман көрүп,ага такыр мурас калтырбай коюшу да мүмкүн. А чынында, ал ойлогондой болбой (жакшы көргөнү зыянкеч, жаман көргөнү пайдалуу болуп) калуусу толук мүмкүн. Мунун баарын Ага эч нерсе жашыруун калбаган Аллах билет. Ошон үчүн мурасты жогорудагыдай бөлүштүрүүнү буйруду. Муну пенделери сөзсүз аткара турган милдет кылды. Аллах Таала чынында Билүүчү, пенделерине эмне жагары Ага жашыруун эмес. Ал шарият кылууда, жана өкүм чыгарууда Даанышман.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• دلت أحكام المواريث على أن الشريعة أعطت الرجال والنساء حقوقهم مراعية العدل بينهم وتحقيق المصلحة بينهم.
Мурас бөлүштүрүү шариятта эркек менен аялдын укугу бирдей, адил сакталарына далил, муну менен мамилелери да бекемделет

• التغليظ الشديد في حرمة أموال اليتامى، والنهي عن التعدي عليها، وعن تضييعها على أي وجه كان.
Жетимдин мал-мүлкүн ар кандай жол менен каалагандай иштетип, жеш арам экени катуу эскертилген

• لما كان المال من أكثر أسباب النزاع بين الناس تولى الله تعالى قسمته في أحكام المواريث.
Адамдарды талашып-тартышуусуна негизги себеп байлык болгону үчүн, Аллах Таала аны мурас аркылуу бөлүштүрүү жолун көрсөттү

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: An-Nisā’
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara