Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Fussilat   Ayah:
وَمِنۡ ءَايَٰتِهِۦٓ أَنَّكَ تَرَى ٱلۡأَرۡضَ خَٰشِعَةٗ فَإِذَآ أَنزَلۡنَا عَلَيۡهَا ٱلۡمَآءَ ٱهۡتَزَّتۡ وَرَبَتۡۚ إِنَّ ٱلَّذِيٓ أَحۡيَاهَا لَمُحۡيِ ٱلۡمَوۡتَىٰٓۚ إِنَّهُۥ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٌ
Анын улуктугун, жалгыздыгын жана кайра тирилтүүгө болгон кудуреттүүлүгүн билдирген аят-белгилеринен – сен көрүп турган өсүмдүк өспөгөн жер. Эгер Биз ага жамгыр суусун түшүрсөк, ал андагы көмүлгөн дандардын өнгөнүнөн кыймылга келип, көтөрүлө баштайт. Чындыгында ушундай өлүк жерди өсүмдүктөр аркылуу тирилткен Аллах – сурак жана жаза-сыйлык үчүн өлүктөрдү кайрадан тирилте алат. Ал бардык нерсеге кудуреттүү. Өлүк жерди кайра тирилтүү жана өлүктөрдү кабырларынан кайра тирилтүү Аны алсыратпайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ ٱلَّذِينَ يُلۡحِدُونَ فِيٓ ءَايَٰتِنَا لَا يَخۡفَوۡنَ عَلَيۡنَآۗ أَفَمَن يُلۡقَىٰ فِي ٱلنَّارِ خَيۡرٌ أَم مَّن يَأۡتِيٓ ءَامِنٗا يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِۚ ٱعۡمَلُواْ مَا شِئۡتُمۡ إِنَّهُۥ بِمَا تَعۡمَلُونَ بَصِيرٌ
Ал эми Аллахтын аят-белгилерин четке кагып, жалганга чыгарып жана бурмалап тууралыктан четтеп кеткендердин абалы бизге маалым. Биз аларды билебиз. Тозокко ыргытылган адам жакшыбы же кыяматта азаптан кутулган адамбы? Эй, адамдар! Өзүңөр каалаган жакшылык-жамандык иштерди жасай бергиле. Биз силерге жакшыны да, жаманды да баяндап бердик. Аллах кайсынысын кылып жатканыңарды Көрүүчү. Силердин иш-аракеттериңердин эч бири Ага жашыруун эмес.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِنَّ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِٱلذِّكۡرِ لَمَّا جَآءَهُمۡۖ وَإِنَّهُۥ لَكِتَٰبٌ عَزِيزٞ
Аллах тараптан Куран келгенде ага каапырлык кылгандар кыямат күнү азапталышат. Чындыгында ал ыйык жана улук Китеп. Аны эч ким бурмалай албайт, эч ким өзгөртө да албайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَّا يَأۡتِيهِ ٱلۡبَٰطِلُ مِنۢ بَيۡنِ يَدَيۡهِ وَلَا مِنۡ خَلۡفِهِۦۖ تَنزِيلٞ مِّنۡ حَكِيمٍ حَمِيدٖ
Ага кошумчалап же кемитип же өзгөртүп же бурмалап, анын алдынан да, артынан да жалган жолой албайт. Ал китеп бүткүл абалда мактоого арзыган жана жаратууда, тагдыр кылууда, шариятты өкүм кылууда Даанышман тараптан түшкөн.
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَّا يُقَالُ لَكَ إِلَّا مَا قَدۡ قِيلَ لِلرُّسُلِ مِن قَبۡلِكَۚ إِنَّ رَبَّكَ لَذُو مَغۡفِرَةٖ وَذُو عِقَابٍ أَلِيمٖ
Оо, пайгамбар! Сага айтылган жалган сөздөр сенден мурунку пайгамбарларга да айтылган. Андыктан сабыр кыл! Чындыгында Раббиң тообо кылган пенделери үчүн Кечиримдүү жана тообо кылбастан күнөө кыла бергендерди катаал Жазалоочу.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَوۡ جَعَلۡنَٰهُ قُرۡءَانًا أَعۡجَمِيّٗا لَّقَالُواْ لَوۡلَا فُصِّلَتۡ ءَايَٰتُهُۥٓۖ ءَا۬عۡجَمِيّٞ وَعَرَبِيّٞۗ قُلۡ هُوَ لِلَّذِينَ ءَامَنُواْ هُدٗى وَشِفَآءٞۚ وَٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ فِيٓ ءَاذَانِهِمۡ وَقۡرٞ وَهُوَ عَلَيۡهِمۡ عَمًىۚ أُوْلَٰٓئِكَ يُنَادَوۡنَ مِن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ
Эгерде Биз бул Куранды араб тилинде түшүрбөсөк алардын арасындагы каапырлар: «Бизге түшүнүктүү болуш үчүн аяттарына түшүндүрмө берилсе болмок? Куранды алып келген араб болсо, анан ал өзү башка тилде болмок беле?» – деп айтышмак. Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Бул Куран Аллахка ыйман келтирип, Анын пайгамбарын чынчыл деп тастыктагандар үчүн адашуудан сактаган туура жол, көкүрөктөгү наадыкдыкка жана ушуга окшогон нерселерге шыпаа. Ал эми Аллахка ыйман келтирбегендердин кулактары дүлөй, ага карата көздөрү сокур, ала аны түшүнүшпөйт. Мына ушул сыпаттарга ээ болгондор алыс жерден чакырык салган адамдардай, эми алар чакырган адамды кантип угушсун?».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ فَٱخۡتُلِفَ فِيهِۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةٞ سَبَقَتۡ مِن رَّبِّكَ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۚ وَإِنَّهُمۡ لَفِي شَكّٖ مِّنۡهُ مُرِيبٖ
Биз Мусага Тооратты бердик. Алар ал тууралуу талашып-тартышты, кээ бири ага ыйман келтирди, кээ бири ага каапыр болду. Эгерде Аллахтын алардын талаштары тууралуу кыяматта пенделердин ортосунда өкүм кылам деген убадасы болбогондо, анда Тоорат тууралуу талашып-тартышкандардын ортосунда өкүм кылмак. Кимиси акыйкатта, кимиси жалганда экенин ачыктап, чынчылды урматтамак жана жалганчыны кордомок. Чындыгында каапырлар Куран тууралуу катуу шек-күмөндө.
Ang mga Tafsir na Arabe:
مَّنۡ عَمِلَ صَٰلِحٗا فَلِنَفۡسِهِۦۖ وَمَنۡ أَسَآءَ فَعَلَيۡهَاۗ وَمَا رَبُّكَ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ
Кимде-ким жакшылык иш кылса, анда жакшылык ишинин пайдасы өзүнө кайтат. Эч кимдин кылган жакшылык иши Аллахка пайда келтирбейт. Ал эми ким жамандык иш кылса, анда анын зыяны өзүнө кайтат. Макулуктардан эч кимдин кылган күнөөсү Аллахка зыян бербейт. Ар бирине өзү татыктуу болгон сыйлыгын же жазасын берет. Оо, пайгамбар! Раббиң пенделерине зулум кылбайт, алардын жакшылыгын кемитпейт жана күнөөлөрүн көбөйтпөйт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• حَفِظ الله القرآن من التبديل والتحريف، وتَكَفَّل سبحانه بهذا الحفظ، بخلاف الكتب السابقة له.
Аллах Куранды өзгөртүүдөн жана бурмалоодон сактап койгон. Аллах мурунку китептерден айырмалап, бул китепти сактоону Өз кепилдигине алган.

• قطع الحجة على مشركي العرب بنزول القرآن بلغتهم.
Курандын арабча түшүшү араб мушриктеринин шылтоолоруна бөгөт койгон.

• نفي الظلم عن الله، وإثبات العدل له.
Аллахтан зулумдукту жокко чыгаруу жана Анын адилеттигин тастыктоо.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Fussilat
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara