Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Az-Zukhruf   Ayah:
وَٱلَّذِي نَزَّلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءَۢ بِقَدَرٖ فَأَنشَرۡنَا بِهِۦ بَلۡدَةٗ مَّيۡتٗاۚ كَذَٰلِكَ تُخۡرَجُونَ
Ал силерге, малдарыңарга жана эгинзарларыңарга жетиштүү өлчөмдө асмандан суу түшүрдү. Анан Биз аны менен өсүмдүк өспөгөн кургак жерди тирилттик. Аллах өсүмдүк өспөгөн ал кургак жерди тирилткен сыяктуу силерди да кайрадан тирилтет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَٱلَّذِي خَلَقَ ٱلۡأَزۡوَٰجَ كُلَّهَا وَجَعَلَ لَكُم مِّنَ ٱلۡفُلۡكِ وَٱلۡأَنۡعَٰمِ مَا تَرۡكَبُونَ
Ал түн менен күн, эркек жана ургаачы сыяктуу бардык түрлөрдү жаратты. Ошондой эле силерге сапарларда минген улоолорду жана кемелерди жаратты. Силер деңизде кемелерге, кургактыкта улоолорго олтурасыңар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
لِتَسۡتَوُۥاْ عَلَىٰ ظُهُورِهِۦ ثُمَّ تَذۡكُرُواْ نِعۡمَةَ رَبِّكُمۡ إِذَا ٱسۡتَوَيۡتُمۡ عَلَيۡهِ وَتَقُولُواْ سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِي سَخَّرَ لَنَا هَٰذَا وَمَا كُنَّا لَهُۥ مُقۡرِنِينَ
Силер сапарларда үстүнө минип жүрөсүңөр деген үмүттө ушунун баарын силер үчүн жаратты. Андан соң Раббиңер силерди алардын үстүнө мингизип, моюн сундуруу менен кылган жакшылыгын эстегиле жана тилиңер менен мындай деп айткыла: «Бизге бул улоону даярдаган жана моюн сундурган Аллах аруу жана ыйык! Эми биз аларды башкара алабыз. Эгерде Аллах аларды бизге моюн сундурбаганда аларды башкара алмак эмеспиз».
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا لَمُنقَلِبُونَ
Жана биз өлгөндөн кийин сурак бериш үчүн жана сыйлык-жаза алыш үчүн Раббибизге гана кайтабыз.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَجَعَلُواْ لَهُۥ مِنۡ عِبَادِهِۦ جُزۡءًاۚ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَكَفُورٞ مُّبِينٌ
Мушриктер кээ бир макулуктардын Жаратуучудан төрөлгөн деген ойдо: «Периштелер Аллахтын кыздары» – деп айтышты. Чындыгында ушундай сөздү айтып жаткан инсан – ал анык эле четке каккан жана адашкан шүгүрсүз адам.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَمِ ٱتَّخَذَ مِمَّا يَخۡلُقُ بَنَاتٖ وَأَصۡفَىٰكُم بِٱلۡبَنِينَ
Эй, мушриктер! Аллах жараткандардын арасынан Өзүнө кыздарды энчилеп, ал эми силерге уул балдарды ыйгарды деп жатасыңарбы? Силер ойлоп жаткан мындай бөлүштүрүү эмне деген бөлүштүрүү?
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذَا بُشِّرَ أَحَدُهُم بِمَا ضَرَبَ لِلرَّحۡمَٰنِ مَثَلٗا ظَلَّ وَجۡهُهُۥ مُسۡوَدّٗا وَهُوَ كَظِيمٌ
Эгерде алардын бирине Аллахка таандык деп жаткан сыяктуу кыздуу болгону жөнүндө сүйүнчүлөнсө, катуу кайгырып капаланганынан жүзү карарып, ачуусу ичине батпай кетет. Анда эмнеге сүйүнчү айтылса өзү кайгырып жаткан нерсени Раббисине таандык кылып жатат?
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَوَمَن يُنَشَّؤُاْ فِي ٱلۡحِلۡيَةِ وَهُوَ فِي ٱلۡخِصَامِ غَيۡرُ مُبِينٖ
Алар аялзаты болгону үчүн аны жасантып тарбиялаган жана талаш-талкууда сөзүн ачык айталбаган кыз баланы Раббисине таандык кылып жатышабы?
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَجَعَلُواْ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ ٱلَّذِينَ هُمۡ عِبَٰدُ ٱلرَّحۡمَٰنِ إِنَٰثًاۚ أَشَهِدُواْ خَلۡقَهُمۡۚ سَتُكۡتَبُ شَهَٰدَتُهُمۡ وَيُسۡـَٔلُونَ
Алар Ырайымдуунун кулдары болгон периштелерди кыздар деп аташты. Алар кыздар экенин билгидей Аллах аларды жаратып жатканда көрүшүптүрбү? Алардын бул күбөлүктөрүн периштелер жазып коюшат. Ал эми кыямат күнү ал тууралуу суралышат жана жалгандары себептүү азапталышат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالُواْ لَوۡ شَآءَ ٱلرَّحۡمَٰنُ مَا عَبَدۡنَٰهُمۗ مَّا لَهُم بِذَٰلِكَ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِنۡ هُمۡ إِلَّا يَخۡرُصُونَ
Тагдырды шылтоо кылгандар: «Эгерде Аллах бизди аларга сыйынуубузду каалабаганда, анда биз аларга сыйынбайт элек. Анын бизден ушуну каалоосу – Анын ыраазы экенин билдирет» – деп айтышат. Алардын бул айткан сөзү илимге жатпайт, алар жалганды гана сүйлөп жатышат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
أَمۡ ءَاتَيۡنَٰهُمۡ كِتَٰبٗا مِّن قَبۡلِهِۦ فَهُم بِهِۦ مُسۡتَمۡسِكُونَ
Же Биз Куранга чейин ал мушриктерге Аллахтан башкага сыйынганга уруксат деп айтылган китеп берген бекенбиз? Алар ошол китепти карманып, далил кылып жатышабы.
Ang mga Tafsir na Arabe:
بَلۡ قَالُوٓاْ إِنَّا وَجَدۡنَآ ءَابَآءَنَا عَلَىٰٓ أُمَّةٖ وَإِنَّا عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِم مُّهۡتَدُونَ
Жок! Андай болгон жок! Тескерисинче алар ээрчигендерин далил кылып: «Биз мурунку ата-бабаларыбызды ушул динде таптык. Алар айкелдерге сыйынышкан. Эми биз дагы алардын жолун жолдоп, аларга сыйынабыз» – дешет.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• كل نعمة تقتضي شكرًا.
Ар бир жакшылык үчүн шүгүр кылуу зарылдыгы.

• جور المشركين في تصوراتهم عن ربهم حين نسبوا الإناث إليه، وكَرِهوهنّ لأنفسهم.
Мушриктердин Раббиси тууралуу түшүнүктөрүндөгү адилетсиздиктери. Анткени алар кыздарды Ага таандык кылып, бирок өздөрүнө ыйгарууну жаман көрүштү.

• بطلان الاحتجاج على المعاصي بالقدر.
Күнөөлөрдү тагдырга шылтоонун жараксыздыгы.

• المشاهدة أحد الأسس لإثبات الحقائق.
Көз менен көрүү акыйкатты тастыктоонун негиздеринен.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Az-Zukhruf
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara