Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-A‘rāf   Ayah:
قَالُوٓاْ ءَامَنَّا بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Сыйкырчылар: "Бардык жаратылгандардын Раббисине ыйман келтирдик" - дешти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
رَبِّ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ
"Муса менен Харундун (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) Раббисине ыйман келтирдик, Ал чыныгы ибадатка татыктуу, башка ойлонуп табылган кудайлар сыяктуу эмес".
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ فِرۡعَوۡنُ ءَامَنتُم بِهِۦ قَبۡلَ أَنۡ ءَاذَنَ لَكُمۡۖ إِنَّ هَٰذَا لَمَكۡرٞ مَّكَرۡتُمُوهُ فِي ٱلۡمَدِينَةِ لِتُخۡرِجُواْ مِنۡهَآ أَهۡلَهَاۖ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُونَ
Алар жалгыз Аллахка ыйман келтиргенден кийин Фараон аларды коркутуп: "Менин уруксатымсыз эле Мусага ишенип алдыңарбы? Ага ыйман келтирүңөр жана Муса алып келген нерсени тастыктап, ишенүүңөр, шаар элин чыгарып кетүү үчүн Муса менен келишип алган алдоо, куулугуңар эле. Эй, сыйкырчылар, силерге кандай азап жана кандай жазалоо болорун эми көрөсүңөр" - деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
لَأُقَطِّعَنَّ أَيۡدِيَكُمۡ وَأَرۡجُلَكُم مِّنۡ خِلَٰفٖ ثُمَّ لَأُصَلِّبَنَّكُمۡ أَجۡمَعِينَ
"Силердин оң колуңар менен сол бутуңарды, же сол бутуңар менен оң колуңарды кайчылаш кестирип, анан курма дарагына кердирип өлтүрөмүн. Бул силерге жаза жана силердин көргөндөрдүн баарына эскертүү болот" - деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُوٓاْ إِنَّآ إِلَىٰ رَبِّنَا مُنقَلِبُونَ
Сыйкырчылар Фараондун коркутуусуна жооп кылып: "Биз жалгыз Раббибизге кайтуучубуз, бизге кандай коркунучту убада кылсаң да баары бир" - дешти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَمَا تَنقِمُ مِنَّآ إِلَّآ أَنۡ ءَامَنَّا بِـَٔايَٰتِ رَبِّنَا لَمَّا جَآءَتۡنَاۚ رَبَّنَآ أَفۡرِغۡ عَلَيۡنَا صَبۡرٗا وَتَوَفَّنَا مُسۡلِمِينَ
"Эй, Фараон, биз Мсуа аркылуу келген Раббибиздин белгисине ишенгенибиз үчүн сен өч алып жатасың, эгер ушул кылганыбыз айыптала турган күнөө болсо, анда биздин күнөөбүз ушу" - дешти. Анан Аллахка жалбаруу менен дуба кылып: "Оо, Раббибиз, чындыктан тайбай турууга бизге сабыр бер, бизди сага мусулман болуп, буйругуңа баш ийип, элчиңе ээрчиген абалда өлтүр" - дешти.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَقَالَ ٱلۡمَلَأُ مِن قَوۡمِ فِرۡعَوۡنَ أَتَذَرُ مُوسَىٰ وَقَوۡمَهُۥ لِيُفۡسِدُواْ فِي ٱلۡأَرۡضِ وَيَذَرَكَ وَءَالِهَتَكَۚ قَالَ سَنُقَتِّلُ أَبۡنَآءَهُمۡ وَنَسۡتَحۡيِۦ نِسَآءَهُمۡ وَإِنَّا فَوۡقَهُمۡ قَٰهِرُونَ
Фараондун коомундагы аттуу-баштуулар Фираунду Мусага жана аны ээрчиген ыймандууларга каршы үндөп: "Эй, Фираун, Муса менен анын коомун жерде бузукулук кылдырып таштап коёсуңбу? Алар сени жана сенин кудайларыңды таштап, жалгыз Аллахка дуба кылып жатышат." - дешти. Фираун: "Эми Исраил урпактарынын эркектерин бут кырдырып, кызмат кылдыруу үчүн аялдарын гана алап каламын, Биз аларга бийлик, күч менен мажбурлоо менен үстөмдүк кылабыз" - деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالَ مُوسَىٰ لِقَوۡمِهِ ٱسۡتَعِينُواْ بِٱللَّهِ وَٱصۡبِرُوٓاْۖ إِنَّ ٱلۡأَرۡضَ لِلَّهِ يُورِثُهَا مَن يَشَآءُ مِنۡ عِبَادِهِۦۖ وَٱلۡعَٰقِبَةُ لِلۡمُتَّقِينَ
Муса коомуна осуят кылып: "Эй, коомум, жамандыктан сактанууда, жакшылыкка жетүүдө жалгыз Аллахтан жардам сурагыла, башыңарга түшкөн сыноого сабыр кылгыла, акыйкатта, жер Аллахтыкы, анда каалагандай өкүм чыгаргыдай жер Фираунга же башка бирөөгө таандык эмес. Аны Аллах пенделерине каалагандай бөлүштүрөт. Бирок, жердеги жашоонун жакшы жыйынтыгы Анын буйругун аткарып, тыюусунан тыйылган ыймандууларга болот. Сыноо, мээнет канча оор болсо да, жыйынтыгында силерге жакшылык болот" - деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
قَالُوٓاْ أُوذِينَا مِن قَبۡلِ أَن تَأۡتِيَنَا وَمِنۢ بَعۡدِ مَا جِئۡتَنَاۚ قَالَ عَسَىٰ رَبُّكُمۡ أَن يُهۡلِكَ عَدُوَّكُمۡ وَيَسۡتَخۡلِفَكُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَيَنظُرَ كَيۡفَ تَعۡمَلُونَ
Исраил урпактарынан болгон Мусанын коому ага кайрылып: "Эй, Муса, Фираун сен келгенге чейин балдарыбызды өлтүрүп, аялдарыбызды тирүү калтырып азаптап келген эле, бул азабы сен келгенден кийин деле уланып жатат" - дешти. Муса аларга насаат кылып жана кутулар күндү сүйүнчүлөп: "Раббиңер силердин душманыңар болгон Фираунду жана анын элин өлтүрүп, силерди жер бетинде сактап калаар. Ошондон кийин силер шүгүр кыласыңарбы же каапыр болосуңарбы карап турат.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَقَدۡ أَخَذۡنَآ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ بِٱلسِّنِينَ وَنَقۡصٖ مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمۡ يَذَّكَّرُونَ
Фараондун элин каатчылык жана кургакчылык менен азаптадык, мөмө-жемиштердин жана түшүмдүн тартыштыгы менен сынадык. Бул болуп жаткандар каапырлыктары себептүү болуп жатканын эскерип, андан сабак алып тобо кылышабы деген үмүттө ушундай кылдык.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• موقف السّحرة وإعلان إيمانهم بجرأة وصراحة يدلّ على أنّ الإنسان إذا تجرّد عن هواه، وأذعن للعقل والفكر السّليم بادر إلى الإيمان عند ظهور الأدلّة عليه.
Сыйкырчылардын абалы жана ыйманын дароо, ачык жарыя кылышканы, инсан эгер каалоо кумарынан алыстаса жана таза ой-пикирине баш ийсе, ачык далилди көрөр замат ыйманга шашыларына далил.

• أهل الإيمان بالله واليوم الآخر هم أشدّ الناس حزمًا، وأكثرهم شجاعة وصبرًا في أوقات الأزمات والمحن والحروب.
Аллахка жана кыямат күнүнө ишенген ыймандуулар согуш, мээнет жана кыйынчылык учурдагы адамдардын эң чечкиндүүлөрү, эр жүрөктөрү жана сабырдуулары болушат

• المنتفعون من السّلطة يُحرِّضون ويُهيِّجون السلطان لمواجهة أهل الإيمان؛ لأن في بقاء السلطان بقاء لمصالحهم.
Бийликтин көлөкөсүндө баш калкалаган адамдар падышаны ыймандууларга каршы ундөп, тукурушат. Анткени, падышалык сакталса, алардын кызыкчылыгы да сакталат.

• من أسباب حبس الأمطار وغلاء الأسعار: الظلم والفساد.
Жамгыр жаабай калуусуна, баалардын көтөрүлүп кетүүсүнө залымдык жана бузкулук себеп болот.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-A‘rāf
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara