Check out the new design

Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Anfāl   Ayah:
وَأَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ وَلَا تَنَٰزَعُواْ فَتَفۡشَلُواْ وَتَذۡهَبَ رِيحُكُمۡۖ وَٱصۡبِرُوٓاْۚ إِنَّ ٱللَّهَ مَعَ ٱلصَّٰبِرِينَ
Сөзүңөрдө, ишиңерде жана бардык абалыңарда Аллах жана анын элчисине бекем баш ийгиле. Эч качан кайчы пикирде болбогула; анткени кайчы пкириде болуп талашуу силердин алсыздооңорго, коркууңарга жана кубатыңардын кетүүсүнө себеп болот. Душманыңарга жолукканда сабырдуу болгула. Акыйкатта, Аллах көтөрмөлөп, колдоп, жардам берүүдө сабырдуулар менен бирге. Аллах ким менен бирге болсо, ал эч шеги жок үстөмдүк кылуучу жана жеңүүчу болот.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَا تَكُونُواْ كَٱلَّذِينَ خَرَجُواْ مِن دِيَٰرِهِم بَطَرٗا وَرِئَآءَ ٱلنَّاسِ وَيَصُدُّونَ عَن سَبِيلِ ٱللَّهِۚ وَٱللَّهُ بِمَا يَعۡمَلُونَ مُحِيطٞ
Меккеден чыкканда адамдарга көрүнүп, текеберленип чыккан, адамдарды Аллахтын дининен тосуп, ага кирүүгө мүмкүнчүлүк бербеген бутпарастарга окшобогула. Аллах алардын кылган иштерин ороп алуучу, алардын иштеринен эч бири жашыруун калбайт, кийин ошого жарша жазалайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَإِذۡ زَيَّنَ لَهُمُ ٱلشَّيۡطَٰنُ أَعۡمَٰلَهُمۡ وَقَالَ لَا غَالِبَ لَكُمُ ٱلۡيَوۡمَ مِنَ ٱلنَّاسِ وَإِنِّي جَارٞ لَّكُمۡۖ فَلَمَّا تَرَآءَتِ ٱلۡفِئَتَانِ نَكَصَ عَلَىٰ عَقِبَيۡهِ وَقَالَ إِنِّي بَرِيٓءٞ مِّنكُمۡ إِنِّيٓ أَرَىٰ مَا لَا تَرَوۡنَ إِنِّيٓ أَخَافُ ٱللَّهَۚ وَٱللَّهُ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Оо, ыймандуулар, Аллахтын силерге кылган дагы бир жакшылыгы, шайтан бутпарастарга кылган иштерин кооз көрсөттү. Аларды мусулмандар менен беттешүүгө, согушууга шыктандырды. Аларга: "Бүгүн силерге эч ким үстөмдүк кыла албайт, акыйкатта мен силерге жардам берип, душманыңардан коргойм" - деди. Качан эки топ бет келгенде, ыймандуулардын тобу менен аларга жардам берүүчү периштелер келишти, бутпарастардын тобу менен аларды таштап кетүүчү шайтан келди. Ошондо шайтан артын салып качты да, бутпарастарга: "Мен силерден жүз бурдум, мен ыймандууларга жардам бергени келген периштелерди көрдүм, Аллах мени жок кылып жиберүүсүнөн корком, Аллахтын азабы катуу, Анын азабына эч ким чыдай албайт" - деди.
Ang mga Tafsir na Arabe:
إِذۡ يَقُولُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ غَرَّ هَٰٓؤُلَآءِ دِينُهُمۡۗ وَمَن يَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱللَّهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ عَزِيزٌ حَكِيمٞ
Дагы эстегиле, эки жуздүүлөр менен ыйманы алсыздар: "Бул мусулмандарды, душмандын көптүгүнө карабай, алсыз жана аз саныңар менен жеңишке жетесиңер деп убада берген диндери алдап койду" - дешти. Алар ким Аллахтын Өзүнө таянса, жеңиш убада кылган сөзүнө бекем ишенсе, акыйкатта Аллах ага жардам берип, канчалык алсыз болсо да кароосуз калтырбоосуна ишенишпеди. Аллах кубаттуу, ага эч ким үстөмдүк кыла албайт, тагдыр кылууда жана шариятында даанышман.
Ang mga Tafsir na Arabe:
وَلَوۡ تَرَىٰٓ إِذۡ يَتَوَفَّى ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ يَضۡرِبُونَ وُجُوهَهُمۡ وَأَدۡبَٰرَهُمۡ وَذُوقُواْ عَذَابَ ٱلۡحَرِيقِ
Оо, элчи, периштелер Аллахка жана Анын элчилерине каапыр болгондордун жанын алган учурда, бет келгендерин бетине, артын салып качкандарын көчүгүнө уруп өлтүрүп, аларга: "Эй, каапырлар, күйгүзүүчү азапты таткыла" - деп айтканына күбө болгонуңда кана. Эгер буга күбо болгонуңда, өтө чоң иишке күбө болот элең.
Ang mga Tafsir na Arabe:
ذَٰلِكَ بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيكُمۡ وَأَنَّ ٱللَّهَ لَيۡسَ بِظَلَّٰمٖ لِّلۡعَبِيدِ
Эй, каапырлар, жаныңарды алгандагы оорутуучу азаптар жана кабырыңарда,акыретиңерде болуучу күйгүзүүчү азаптар, бул дүйнөдө кылган ишиңер себептүү болду. Аллах адамдарга залым кылбайт, алардын ортосунда адилеттүү өкүм кылат, Ал адилеттүү өкүмдар.
Ang mga Tafsir na Arabe:
كَدَأۡبِ ءَالِ فِرۡعَوۡنَ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ فَأَخَذَهُمُ ٱللَّهُ بِذُنُوبِهِمۡۚ إِنَّ ٱللَّهَ قَوِيّٞ شَدِيدُ ٱلۡعِقَابِ
Бул каапырларга түшүүчү азап ушуларга эле тиешелүү эмес, бул ар кайсы заманда жана мекенде каапырлык кылгандардын баарына болуп келген Аллахтын сүннөт жолу. Фираундун коому жана андан мурдагы үммөттөр да Аллахтын аяттарына каапырлык кылганда ушундай азапка кабылган. Аллах аларды күнөөлөрү себептүү кармады жана азап түшүрдү. Акыйкатта, Аллах күчтүү Ага эч ким үстөмдүк кыла албайт жана мажбурлай албайт, күнөөкөрлөргө азабы катуу.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• البَطَر مرض خطير ينْخَرُ في تكوين شخصية الإنسان، ويُعَجِّل في تدمير كيان صاحبه.
Жакшылыкты билбөө бул коркунучтуу ооруу. Инсандын адамдык касиетин бузат, жашоосун талкалайт

• الصبر يعين على تحمل الشدائد والمصاعب، وللصبر منفعة إلهية، وهي إعانة الله لمن صبر امتثالًا لأمره، وهذا مشاهد في تصرفات الحياة.
Сабырдуулук машак, көйгөйлөрду көтөрүүгө жардам берет. Сабырдын илахий пайдасы бар, бул - буйруктарын аткарган адамга Аллахтын колдоо көрсөтүүсү. Муну тирүүлүк жүрүм-турумда байкайбыз.

• التنازع والاختلاف من أسباب انقسام الأمة، وإنذار بالهزيمة والتراجع، وذهاب القوة والنصر والدولة.
талашуу, кайчы пикирде болуу үммөтүн бөлүнүүсүнө себеп болот. Кыйроону жана артка чегинүүнү эскертет. Күчтү, жеңишти жана бийликти кетирет.

• الإيمان يوجب لصاحبه الإقدام على الأمور الهائلة التي لا يُقْدِم عليها الجيوش العظام.
Ыйман ээсин өтө чоң иштерге, көп аскерлер жете албаган чоң иштерге биринчи жеткирет.

 
Salin ng mga Kahulugan Surah: Al-Anfāl
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - Salin sa Wikang Kirgiz ng Al-Mukhtasar fī Tafsīr Al-Qur’an Al-Karīm - Indise ng mga Salin

Inilabas ng Markaz Tafsīr Lid-Dirāsāt Al-Qur’ānīyah (Sentro ng Tafsīr Para sa mga Pag-aaral Pang-Qur’an).

Isara