Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Indise ng mga Salin


Salin ng mga Kahulugan Ayah: (26) Surah: Al-Anfāl
وَٱذۡكُرُوٓاْ إِذۡ أَنتُمۡ قَلِيلٞ مُّسۡتَضۡعَفُونَ فِي ٱلۡأَرۡضِ تَخَافُونَ أَن يَتَخَطَّفَكُمُ ٱلنَّاسُ فَـَٔاوَىٰكُمۡ وَأَيَّدَكُم بِنَصۡرِهِۦ وَرَزَقَكُم مِّنَ ٱلطَّيِّبَٰتِ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ
Оо, ыймандуулар, эстегиле, силер Меккеде аз санда элеңер, Мекке эли силерди алсыратып, кордойт эле. Душмандарыңар силерди тез арада тоноп кетүүсүнөн коркот элеңер. Кийин Аллах силерге Мадинаны орун кылып берди. Бадр сыяктуу согуш жерлеринде душманыңарды жеңилдирип, силерге күч-кубат берди. Силерге адал, таза ырыскы берди, анын ичинде душманыңардан алган олжолор да бар. Балким, Аллахтын жакшылыктарына шүгүр кылсаңар, аны дагы көбөйтүп берет.Анын жакшылыктарына каапырлык кылбагыла, анда аны силерден алып коёт жана силерди азаптайт.
Ang mga Tafsir na Arabe:
Ilan sa mga Pakinabang ng mga Ayah sa Pahinang Ito:
• الشكر نعمة عظيمة يزيد بها فضل الله تعالى، وينقص عند إغفالها.
Шүгүр кылуу - чоң жакшылык, шүгүр кылган адамга Аллахтын бергени көбөйөт, шүгүр кылбаса, бергени азаят.

• للأمانة شأن عظيم في استقامة أحوال المسلمين، ما ثبتوا عليها وتخلقوا بها، وهي دليل نزاهة النفس واعتدال أعمالها.
Мусулмандардын абалынын оңолуусу үчүн аманаттын орду чоң...

• ما عند الله من الأجر على كَفِّ النفس عن المنهيات، خير من المنافع الحاصلة عن اقتحام المناهي لأجل الأموال والأولاد.
Напсисин тыюу салынган иштерден сактай алгандарга берилчү Аллахтын сообу, байлык жана бала-чакасы үчүн тыйылган иштерге аралашып тапкан пайдадан жакшыраак.

• في الآيات بيان سفه عقول المعرضين؛ لأنهم لم يقولوا: اللَّهُمَّ إن كان هذا هو الحق من عندك فاهدنا إليه.
Аяттарда акыйкаттан баш тарткандардын акылсыздыгы баяндалган; анткени алар: "Оо, Аллахым, эгер бул нерсе Сенден келген чындык болсо, бизди ушул жолго башта" - деп айткан жок.

• في الآيات فضيلة الاستغفار وبركته، وأنه من موانع وقوع العذاب.
Аяттарда истигфар айтып кечирим суроонун артыкчылыгы жана берекеси айтылды; анткени истигфар азаптын түшүүсүнөн сактайт.

 
Salin ng mga Kahulugan Ayah: (26) Surah: Al-Anfāl
Indise ng mga Surah Numero ng Pahina
 
Salin ng mga Kahulugan ng Marangal na Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Indise ng mga Salin

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Isara