Check out the new design

Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov * - Mealler fihristi

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Anlam tercümesi Sure: Sûretu'l-Mürselât   Ayet:

Мурсалат

وَٱلۡمُرۡسَلَٰتِ عُرۡفٗا
Ант ичемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен;
Arapça tefsirler:
فَٱلۡعَٰصِفَٰتِ عَصۡفٗا
Өтө катуу жүргөн шамалдар менен;
Arapça tefsirler:
وَٱلنَّٰشِرَٰتِ نَشۡرٗا
(Булуттарды Аллах каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен;
Arapça tefsirler:
فَٱلۡفَٰرِقَٰتِ فَرۡقٗا
(Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Куран аяттары) менен;
Arapça tefsirler:
فَٱلۡمُلۡقِيَٰتِ ذِكۡرًا
(Пайгамбарларга Аллах тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен;
Arapça tefsirler:
عُذۡرًا أَوۡ نُذۡرًا
(Ал периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн.
Arapça tefsirler:
إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٞ
(Оо, адамдар!) силерге убада кылынган Күн[1] албетте болуучу!
[1] Кыямат
Arapça tefsirler:
فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتۡ
Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп,
Arapça tefsirler:
وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتۡ
Асман (аңырайып) ачылып,
Arapça tefsirler:
وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ نُسِفَتۡ
Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда…
Arapça tefsirler:
وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتۡ
Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде… (ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт).
Arapça tefsirler:
لِأَيِّ يَوۡمٍ أُجِّلَتۡ
(Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле?
Arapça tefsirler:
لِيَوۡمِ ٱلۡفَصۡلِ
Ажыратуу күнүнө![1]
[1] Ал күндө бардык элдер бир майданга пайгамбарлары менен бирге чогултулуп, алардын күбөлүгүндө сурак кылынат. Ошол сурактан кийин акыйкат жалгандан ажырайт, жакшылар жамандан ажырайт.
Arapça tefsirler:
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ
(Оо, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң.[1]
[1] Аллах үйрөтмөйүнчө пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам кайып кабарларын билген эмес. Аллах таала кабар бергенден кийин гана бул күн жөнүндө көп хадистерди айткан. Ошол хадистердин биринде мындай деген: “Кыямат күндө адамдар чогултулганда, баштарын күн куйкалап, көздөрү чекчейген бойдон асманды тиктеп кырк жыл ажыратуу күнүн күтүшөт.” (Куртубий). Башка хадистерде айтылышы боюнча ошол күтүү күндөрүндө Аллахтын көлөкөсүнөн башка эч бир көлөкө болбойт. Аллах каалаган ыймандуу адамдар Аллахтын көлөкөсүнө калкаланып жан сакташат.
Arapça tefsirler:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап![1]
[1] Биз “азап” деп которгон сөздүн арабчасы “увайл”. Жалпысынан алганда Увайл – бул тозоктогу өтө жийиркеничтүү жана өтө сасык чуңкур. Ага тозокулардын күйгөн жарааттарынан сыркыган ириңдер жана башка ыпылас чыгындылар агып турат. Аллах сактасын!
Arapça tefsirler:
أَلَمۡ نُهۡلِكِ ٱلۡأَوَّلِينَ
Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле?![1]
[1] Аллах таала акыретти жалган дегендерди ушул дүйнөдө да көп жазалаган. Нух коомунун, Лут коомунун, Аад жана Самуд элдеринин аянычтуу кыйроолору азыркы жана кийинки каапырлар үчүн сабак болууга тийиш.
Arapça tefsirler:
ثُمَّ نُتۡبِعُهُمُ ٱلۡأٓخِرِينَ
Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук!
Arapça tefsirler:
كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ
Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз.
Arapça tefsirler:
وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ
Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап!
Arapça tefsirler:
 
Anlam tercümesi Sure: Sûretu'l-Mürselât
Surelerin fihristi Sayfa numarası
 
Kur'an-ı Kerim meal tercümesi - Kırgızca Tercüme - Şemsettin Hakimov - Mealler fihristi

Şemseddin Hakimov Abdülhalik tarafından tercüme edilmiştir, Rowad Tercüme Merkezi gözetiminde geliştirilmiştir.

Kapat