قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (106) سۈرە: سۈرە نەھل
مَن كَفَرَ بِٱللَّهِ مِنۢ بَعۡدِ إِيمَٰنِهِۦٓ إِلَّا مَنۡ أُكۡرِهَ وَقَلۡبُهُۥ مُطۡمَئِنُّۢ بِٱلۡإِيمَٰنِ وَلَٰكِن مَّن شَرَحَ بِٱلۡكُفۡرِ صَدۡرٗا فَعَلَيۡهِمۡ غَضَبٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَلَهُمۡ عَذَابٌ عَظِيمٞ
Кимде-ким ыйманга келгенден кийин Аллахка каапырлык кылып, көкүрөгүн каапырлыкка кенен ачып койсо, аны ыймандан артык көрүп тандаса, ага баш ийип каапырлык сөзүн сүйлөсө, анда ал Исламдан чыгат. Аларга Аллахтын каары болот жана алар үчүн чоң азап бар. Ал эми каапырлык кылууга мажбур кылынып, тили менен каапырлык сөзүн сүйлөсө, бирок жүрөгүндө ыймандын акыйкатына шектенбей бейкут болгондор күнөөкөр болушпайт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الترخيص للمُكرَه بالنطق بالكفر ظاهرًا مع اطمئنان القلب بالإيمان.
Жүрөгүндөгү ыйманы өзгөрбөгөн абалда сыртынан каапырлык сөздү айтууга мажбурланган адамга аны айтуу уруксат.

• المرتدون استوجبوا غضب الله وعذابه؛ لأنهم استحبوا الحياة الدنيا على الآخرة، وحرموا من هداية الله، وطبع الله على قلوبهم وسمعهم وأبصارهم، وجعلوا من الغافلين عما يراد بهم من العذاب الشديد يوم القيامة.
Динден кайтып кеткендер Аллахтын каарына жана азабына татыктуу болушту. Анткени алар бул дүйнөнү акыреттен артык көрүштү. Ошондуктан алар Аллахтын туура жолунан куру калышты, Аллах алардын жүрөктөрүнө, кулактарына жана көздөрүнө мөөр басты жана алар кыяматта аларга даярдалган катуу азаптан бейкапар калышты.

• كَتَبَ الله المغفرة والرحمة للذين آمنوا، وهاجروا من بعد ما فتنوا، وصبروا على الجهاد.
Аллах таала ыйман келтиргендерге, азапталууга туш болгондон кийин көчкөндөргө жана Аллах жолундагы согушка сабыр кылгандарга Өзүнүн кечиримин жана ырайымын жазды.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (106) سۈرە: سۈرە نەھل
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش