قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (21) سۈرە: سۈرە نەھل
أَمۡوَٰتٌ غَيۡرُ أَحۡيَآءٖۖ وَمَا يَشۡعُرُونَ أَيَّانَ يُبۡعَثُونَ
Өз колдору менен жасашып алып өздөрү аларга сыйынышат. Алар эч нерсени билбеген жансыз заттар. Алар кыямат күнү сыйынуучулары менен тозокко бирге ыргытылуулары үчүн качан тирилишерин да билишпейт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• في الآيات من أصناف نعم الله على العباد شيء عظيم، مجمل ومفصل، يدعو الله به العباد إلى القيام بشكره وذكره ودعائه.
Бул аяттарда Аллахтын пенделерге берген түрдүү жакшылыктары – улуу нерсе экендиги айтылды. Ал кыска да кеңири да болот. Аллах ал аркылуу пенделерин Ага шүгүр кылууга, Аны эстөөгө жана Ага дуба кылууга чакырат.

• طبيعة الإنسان الظلم والتجرُّؤ على المعاصي والتقصير في حقوق ربه، كَفَّار لنعم الله، لا يشكرها ولا يعترف بها إلا من هداه الله.
Зулумдук кылуу, күнөө кылууга батынуу жана Раббисинин акыларына кош көңүл кароо – инсандын табиятында бар. Ал Аллахтын жакшылыктарын көп танат. Аллах Өзү туура жолго салгандардан башкалар ал үчүн шүгүр кылышпайт жана аны моюндарына алышпайт.

• مساواة المُضِلِّ للضال في جريمة الضلال؛ إذ لولا إضلاله إياه لاهتدى بنظره أو بسؤال الناصحين.
Адаштырган адам менен адашкан адам – адашуу күнөөсүндө бирдей. Эгерде ал аны адаштырбаганда ал өзү ойлонуп же насаат кылган адамдардан сурап туура жолго келмек.

• أَخْذ الله للمجرمين فجأة أشد نكاية؛ لما يصحبه من الرعب الشديد، بخلاف الشيء الوارد تدريجيًّا.
Аллах кылмышкерлерди күтүүсүздөн катуу кыйратууга учуратты. Аларды акырындык менен эмес, капыстан эле катуу коркунуч басты.

 
مەنالار تەرجىمىسى ئايەت: (21) سۈرە: سۈرە نەھل
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

تاقاش