Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نەمل   ئايەت:
فَلَمَّا جَآءَ سُلَيۡمَٰنَ قَالَ أَتُمِدُّونَنِ بِمَالٖ فَمَآ ءَاتَىٰنِۦَ ٱللَّهُ خَيۡرٞ مِّمَّآ ءَاتَىٰكُمۚ بَلۡ أَنتُم بِهَدِيَّتِكُمۡ تَفۡرَحُونَ
Качан анын элчиси менен жардамчылары Сулайманга белектерди алып келишкенде, ал алардын белек тартуу кылгандарын четке кагып мындай деди: «Мени силерге тийишпесин деп мага мал-мүлк менен жардам берейин дедиңерби? Аллах мага берген пайгамбарлык, бийлик жана байлык силердин берген нерсеңерден жакшыраак. Тескерисинче, силерге бул дүйнөнүн арзыбаган нерселери белек кылынса, сүйүнгөн адамдардансыңар».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ٱرۡجِعۡ إِلَيۡهِمۡ فَلَنَأۡتِيَنَّهُم بِجُنُودٖ لَّا قِبَلَ لَهُم بِهَا وَلَنُخۡرِجَنَّهُم مِّنۡهَآ أَذِلَّةٗ وَهُمۡ صَٰغِرُونَ
Сулайман анын элчисине айтты: «Белектериңди ал дагы, кайра аларга кайтып бар! Эми биз ага жана элине алар туруштук бере албай тургандай аскер менен барып, аларды Сабадан кууп чыгабыз. Эгер алар мага моюн сунуп келишпесе, буга чейинки күч-кубаттуулугун жоготуп, кордукка туш болушат».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمَلَؤُاْ أَيُّكُمۡ يَأۡتِينِي بِعَرۡشِهَا قَبۡلَ أَن يَأۡتُونِي مُسۡلِمِينَ
Сулайман падышалык башчыларга кайрылып: «Оо, төбөлдөр! Алар мага моюн сунуп келишкенге чейин ким анын бийлик тактысын алып келе алат?» – деди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ عِفۡرِيتٞ مِّنَ ٱلۡجِنِّ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبۡلَ أَن تَقُومَ مِن مَّقَامِكَۖ وَإِنِّي عَلَيۡهِ لَقَوِيٌّ أَمِينٞ
Жиндердин дөө-шааларынан болгон бирөөсү айтты: «Мен анын тактысын сен ушул отурган жериңден турганга чейин алып келе алам. Чындыгында мен аны алып келүүгө кудуреттүүмүн, андан эч нерсени кемитпей толук алып келүүгө ишеничтүүмүн».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ ٱلَّذِي عِندَهُۥ عِلۡمٞ مِّنَ ٱلۡكِتَٰبِ أَنَا۠ ءَاتِيكَ بِهِۦ قَبۡلَ أَن يَرۡتَدَّ إِلَيۡكَ طَرۡفُكَۚ فَلَمَّا رَءَاهُ مُسۡتَقِرًّا عِندَهُۥ قَالَ هَٰذَا مِن فَضۡلِ رَبِّي لِيَبۡلُوَنِيٓ ءَأَشۡكُرُ أَمۡ أَكۡفُرُۖ وَمَن شَكَرَ فَإِنَّمَا يَشۡكُرُ لِنَفۡسِهِۦۖ وَمَن كَفَرَ فَإِنَّ رَبِّي غَنِيّٞ كَرِيمٞ
Сулаймандын алдындагы бир такыба аалым киши айтты. Анын Китептен илими бар эле, анын ичинде Аллахтын улуу ысымы айтылган, аны атап дуба кылынса, жооп берилген. Ошол киши айтты: «Мен аны көзүңдү ирмегенче эле алып келе алам. Мен Аллахка дуба кылам, Ал ошол замат алып келет. Ошондо ал дуба кылды, Аллах анын дубасына жооп берди. Качан Сулайман көз алдында тактынын турганын көргөндө мындай деди: «Бул Раббимдин мени жакшылыктарга шүгүр кылабы же аларды танып кетеби деп сынаш үчүн берген артыкчылыгы. Кимде-ким Аллахка шүгүр кылса, анда анын шүгүр кылганынын пайдасы өзүнө гана кайтат. Аллах Беймуктаж, пенделердин шүгүр кылганы Ага эч нерсени кошпойт. Ал эми ким Аллахтын жакшылыктарын танып, Ага шүгүр кылбаса, анда Раббим анын шүгүр кылуусуна Беймуктаж, Кеңпейил. Жакшылыктарды тангандарга да жоомарттык кылуусу – Анын кең пейилдигинен».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالَ نَكِّرُواْ لَهَا عَرۡشَهَا نَنظُرۡ أَتَهۡتَدِيٓ أَمۡ تَكُونُ مِنَ ٱلَّذِينَ لَا يَهۡتَدُونَ
Сулайман айтты: «Анын бийлик тактысын мурунку көрүнүшүнөн башкача кылып өзгөртүп койгула. Көрөлү, ал өз тактысын таанып кетер бекен же өз буюмдарын да тааныбаган адамдардан болот бекен?».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَلَمَّا جَآءَتۡ قِيلَ أَهَٰكَذَا عَرۡشُكِۖ قَالَتۡ كَأَنَّهُۥ هُوَۚ وَأُوتِينَا ٱلۡعِلۡمَ مِن قَبۡلِهَا وَكُنَّا مُسۡلِمِينَ
Качан Сабанын ханышасы Сулайманга келгенде, аны сынаш үчүн: «Бул сенин тактыңа окшош бекен?» – деп суралды. Ал: «Дал өзү го!» – деп жооп берди. Ошондо Сулайман айтты: «Аллах бизге андан алдын ушундай нерселерди ишке ашырууга болгон кудуреттүүлүгү тууралуу илимди берген. Биз Аллахтын буйругуна ээрчийбиз, Ага моюн сунабыз».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَصَدَّهَا مَا كَانَت تَّعۡبُدُ مِن دُونِ ٱللَّهِۖ إِنَّهَا كَانَتۡ مِن قَوۡمٖ كَٰفِرِينَ
Ал эми ханышаны жалгыз Аллахка сыйынуудан өз элин ээрчип Андан башкага сыйынып келген нерсеси тосуп турду. Чындыгында ал Аллахка каапырлык кылган коомдордон эле. Ошолор сыяктуу каапыр болчу.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قِيلَ لَهَا ٱدۡخُلِي ٱلصَّرۡحَۖ فَلَمَّا رَأَتۡهُ حَسِبَتۡهُ لُجَّةٗ وَكَشَفَتۡ عَن سَاقَيۡهَاۚ قَالَ إِنَّهُۥ صَرۡحٞ مُّمَرَّدٞ مِّن قَوَارِيرَۗ قَالَتۡ رَبِّ إِنِّي ظَلَمۡتُ نَفۡسِي وَأَسۡلَمۡتُ مَعَ سُلَيۡمَٰنَ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Ага: «Хансарайга кириңиз!» – деп айтылды. Ал суунун бетиндей көрүнүштө эле. Аны көргөндө суу экен деп ойлоп, аны кечейин деп кийимин балтырына чейин көтөргөндө Сулайман ага: «Бул хансарай жылмакайлап тегизделген айнектен курулган» – деди. Анан аны Исламды кабыл алууга чакырды. Ал анын чакырыгына жооп берип мындай деди: «Оо, Раббим! Чындыгында мен Сени менен катар башкаларга сыйынып өзүмө зыян келтирип жүрүпмүн. Мен эми Сулайман менен биргеликте бүткүл ааламдардын Жаратуучусу, Башкаруучусу болгон Аллахка моюн сундум».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• عزة الإيمان تحصّن المؤمن من التأثر بحطام الدنيا.
Ыймандын кубаттуулугу ыймандуу адамды бул дүйнөдөгү нерселерге таасирленүүдөн сактайт.

• الفرح بالماديات والركون إليها صفة من صفات الكفار.
Материалдык байлыктарга сүйүнүү жана ага берилүү – каапырлардын сыпаттарынан.

• يقظة شعور المؤمن تجاه نعم الله.
Ыймандуу адамдын Аллахтын жакшылыктарына катара болгон сезимдери дайым ойгоо болот.

• اختبار ذكاء الخصم بغية التعامل معه بما يناسبه.
Душманга кандай мамиле кылуу керектигин билиш үчүн анын акылдуулугун текшерип көрүү.

• إبراز التفوق على الخصم للتأثير فيه.
Душманга таасир этүү үчүн өз үстөмдүгүн көрсөтүү.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: نەمل
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش