Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: تۇر   ئايەت:
أَفَسِحۡرٌ هَٰذَآ أَمۡ أَنتُمۡ لَا تُبۡصِرُونَ
Силер өз көзүңөр менен көрүп жаткан бул азап сыйкыр бекен? Же силер аны көрбөй жатасыңарбы?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
ٱصۡلَوۡهَا فَٱصۡبِرُوٓاْ أَوۡ لَا تَصۡبِرُواْ سَوَآءٌ عَلَيۡكُمۡۖ إِنَّمَا تُجۡزَوۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Анын ысыктык азабына сабыр кылгыла же кылбагыла, силердин сабыр кылганыңар менен кылбаганыңар баары бир. Бүгүн силер дүйнөдө кылган каапырлыгыңар менен күнөөлөрүңөрдүн жазасың аласыңар.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَعِيمٖ
Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккондор бейиштерде жана түбөлүктүү улуу жыргалчылыктарда болушат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَٰكِهِينَ بِمَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ وَوَقَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ
Алар Аллах берген тамак-аш, суусундук жана нике ырахаттары себептүү, ошондой эле Раббиси аларды тозок азабынан куткаргандыгы себептүү кубанышат. Анткени алар каалаган жыргалчылыктарга жетип жана кайгы-капалардан коргоодо болуп жеңишке жетишти.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Аларга айтылат: «Көңүлүңөр каалаган сиңимдүү нерселерден жегиле жана ичкиле. Жеген же ичкен нерселерди зыяндуу деп коркпогула. Бул силердин дүйнөдө кылган жакшы иш-аракеттериңерди сыйлыгы».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ سُرُرٖ مَّصۡفُوفَةٖۖ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٖ
Алар бири-бирине бет маңдай жайгашкан жасалгалуу сөрүлөргө сүйөнүп олтурушат. Жана Биз аларды бакыраң көз апапакай аялдарга үйлөндүрөбүз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَٱتَّبَعَتۡهُمۡ ذُرِّيَّتُهُم بِإِيمَٰنٍ أَلۡحَقۡنَا بِهِمۡ ذُرِّيَّتَهُمۡ وَمَآ أَلَتۡنَٰهُم مِّنۡ عَمَلِهِم مِّن شَيۡءٖۚ كُلُّ ٱمۡرِيِٕۭ بِمَا كَسَبَ رَهِينٞ
Ыйман келтиргендерди жана аларды ыйманда ээрчиген бала-чакаларын, аларды көргөндө көздөрү кубануулары үчүн алар менен бирге кылабыз. Алардын иш-аракеттери алардыкына жетпесе дагы, Биз алардын иш-аракеттеринин соопторунан эч нерсени кемитпейбиз. Ар бир адам кылган жамандык иши себептүү кармалып турат. Башка эч ким анын иш-аракеттерин көтөрбөйт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأَمۡدَدۡنَٰهُم بِفَٰكِهَةٖ وَلَحۡمٖ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ
Жана Биз бейиштегилерди түрдүү мөмө-жемиштер менен жана алар каалаган эттер менен камсыздайбыз.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَتَنَٰزَعُونَ فِيهَا كَأۡسٗا لَّا لَغۡوٞ فِيهَا وَلَا تَأۡثِيمٞ
Алар бейиште бири-бирине чөйчөктөрдү сунушат. Аны ичкенде дүйнөдөгүдөй мас абалынан улам жалган сүйлөө же күнөө кылуу сыяктуу нерселер болбойт.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
۞ وَيَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ غِلۡمَانٞ لَّهُمۡ كَأَنَّهُمۡ لُؤۡلُؤٞ مَّكۡنُونٞ
Аларга кызмат кылууга дайындалган жаш жигиттер аларды айланып турушат. Алардын терилеринин тунуктугу жана актыгы седепте сакталган берметтер сыяктуу.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٖ يَتَسَآءَلُونَ
Жана бейиштегилердин кээ бирлери башкаларына кайрылып, бири-биринен дүйнөдөгү абалдары жөнүндө сурашты.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَالُوٓاْ إِنَّا كُنَّا قَبۡلُ فِيٓ أَهۡلِنَا مُشۡفِقِينَ
Аларга мындай деп жооп беришет: «Биз дүйнөдө үй-бүлөбүздүн арасында Аллахтын азабынан корккон абалда элек.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَمَنَّ ٱللَّهُ عَلَيۡنَا وَوَقَىٰنَا عَذَابَ ٱلسَّمُومِ
Анан Аллах бизге Исламга карай туура жолду тартуулады жана бизди өтө ысыган азаптан сактады.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِنَّا كُنَّا مِن قَبۡلُ نَدۡعُوهُۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡبَرُّ ٱلرَّحِيمُ
Биз дүйнө жашоосунда Ага сыйынып, бизди тозок азабынан сакта деп дуба кылат элек. Чындыгында Ал жакшылык Кылуучу, пенделерине берген убадасына Чынчыл, аларга Ырайымдуу. Ал бизди ыйман жолуна салып, бейишке киргизгени жана тозоктон алыстатканы – бизге кылган жакшылыгы жана мээрими».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
فَذَكِّرۡ فَمَآ أَنتَ بِنِعۡمَتِ رَبِّكَ بِكَاهِنٖ وَلَا مَجۡنُونٍ
Оо, пайгамбар! Куран менен эскерткин! Аллах сага берген ыйман жана акыл себептүү сен жин-шайтандары бар көзү ачык эмессиң, жинди да эмессиң.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
أَمۡ يَقُولُونَ شَاعِرٞ نَّتَرَبَّصُ بِهِۦ رَيۡبَ ٱلۡمَنُونِ
Же ал жалганчылар: «Мухаммад элчи эмес, ал акын. Биз анын өлүмү келгенче күтүп, андан кутулуп эс алалы» – дешеби?
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قُلۡ تَرَبَّصُواْ فَإِنِّي مَعَكُم مِّنَ ٱلۡمُتَرَبِّصِينَ
Оо, пайгамбар! Аларга айт: «Өлүмүмдү күткүлө! Мен дагы силер мени жалганга чыгарганыңар үчүн силерге келе турган азапты күтөмүн».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• الجمع بين الآباء والأبناء في الجنة في منزلة واحدة وإن قصر عمل بعضهم إكرامًا لهم جميعًا حتى تتم الفرحة.
Ата-энелер менен балдардын кээ бирлеринин иш-аракетинде кемчиликтер болсо да, алардын баары кубанычка батуулары үчүн аларды бир даражада Бейишке чогултуу.

• خمر الآخرة لا يترتب على شربها مكروه.
Акырет шарабын ичүүдө эч кандай жагымсыз нерселер болбойт.

• من خاف من ربه في دنياه أمّنه في آخرته.
Ким бул дүйнөдө Раббисинен корксо, акыретте коопсуз болот.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: تۇر
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش