Check out the new design

قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى * - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى


مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: تەھرىم   ئايەت:

Тахрим

سۈرىنىڭ مەقسەتلىرىدىن:
الدعوة إلى إقامة البيوت على تعظيم حدود الله وتقديم مرضاته وحده.
Үйлөрдө Аллахтын чектерин улуктоого жана Анын гана ыраазылыгын алдын койууга чакыруу.

يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّبِيُّ لِمَ تُحَرِّمُ مَآ أَحَلَّ ٱللَّهُ لَكَۖ تَبۡتَغِي مَرۡضَاتَ أَزۡوَٰجِكَۚ وَٱللَّهُ غَفُورٞ رَّحِيمٞ
Оо, пайгамбар! Эмне үчүн аялдарыңдын Мария күңүңө болгон кызганычынан улам аларды ыраазы кылыш үчүн Аллах сага андан ырахаттанууга уруксат берген нерсени арамга чыгарып жатасың? Аллах сага Кечиримдүү, Мээримдүү.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
قَدۡ فَرَضَ ٱللَّهُ لَكُمۡ تَحِلَّةَ أَيۡمَٰنِكُمۡۚ وَٱللَّهُ مَوۡلَىٰكُمۡۖ وَهُوَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡحَكِيمُ
Аллах силерге антыңардын күнөөсүн кетириштин жолун шариятта белгиледи, эгерде андан да жакшысын көрсөңөр же аны бузган болсоңор. Аллах силердин Колдоочуңар. Ал силердин абалыңарды жана силерге эмне пайдалуу экенин Билүүчү жана Өз шариятында, тагдырында Даанышман.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
وَإِذۡ أَسَرَّ ٱلنَّبِيُّ إِلَىٰ بَعۡضِ أَزۡوَٰجِهِۦ حَدِيثٗا فَلَمَّا نَبَّأَتۡ بِهِۦ وَأَظۡهَرَهُ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ عَرَّفَ بَعۡضَهُۥ وَأَعۡرَضَ عَنۢ بَعۡضٖۖ فَلَمَّا نَبَّأَهَا بِهِۦ قَالَتۡ مَنۡ أَنۢبَأَكَ هَٰذَاۖ قَالَ نَبَّأَنِيَ ٱلۡعَلِيمُ ٱلۡخَبِيرُ
Эстечи, бир жолу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Хафсага сыр айткан эле. Анда аялы Марияга жакындабайм деген болчу. Качан Хафса Аишага бул сырды айтканда, Аллах пайгамбарына сыры ачылып калганы тууралуу кабар берди. Ал Хафсаны жемелеп, анын айткандарынын кээ бирин өзүнө айтып берди, кээ бирин айтпады. Ошондо ал: «Сизге муну ким айтты?» – деп сураганда, ал: «Мага бардык нерсени Билүүчү, жашыруун нерселердин баарынан Кабардар (Аллах) билдирди» - деди.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
إِن تَتُوبَآ إِلَى ٱللَّهِ فَقَدۡ صَغَتۡ قُلُوبُكُمَاۖ وَإِن تَظَٰهَرَا عَلَيۡهِ فَإِنَّ ٱللَّهَ هُوَ مَوۡلَىٰهُ وَجِبۡرِيلُ وَصَٰلِحُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَۖ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ بَعۡدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ
Экөөңөргө тообо кылуу милдет болду. Анткени экөөңөрдүн жүрөгүңөр Аллахтын элчиси күң аялынан алыстап, аны өзүнө арам кылуу сыяктуу ага жакпаган нерсени жакшы көрүүгө ыктады. Эгерде экөөңөр ага каршы тукурууга улам кайта берсеңер, Аллах Анын Колдоочусу жана Жардамчысы. Ошондой эле Жебреил жана ыймандуулардын жакшылары анын колдоочулары жана жардамчылары. Ал эми Аллахтын ага болгон колдоосунан кийин периштелер анын жардамчылары жана ага зыян бергендерге каршы колдоочулары.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
عَسَىٰ رَبُّهُۥٓ إِن طَلَّقَكُنَّ أَن يُبۡدِلَهُۥٓ أَزۡوَٰجًا خَيۡرٗا مِّنكُنَّ مُسۡلِمَٰتٖ مُّؤۡمِنَٰتٖ قَٰنِتَٰتٖ تَٰٓئِبَٰتٍ عَٰبِدَٰتٖ سَٰٓئِحَٰتٖ ثَيِّبَٰتٖ وَأَبۡكَارٗا
Эгерде пайгамбар силерге талак берсе, анда Раббиси ага силерден да жакшы болгон, анын буйругуна баш ийген, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирген, Ага моюн сунган, күнөөлөрүнө тообо кылган, Раббисине ибадат кылган жана орозо кармаган жубандарды жана эч ким жакындык кылбаган кыздарды алмаштырып коюшу мүмкүн. Бирок ал аларга талак берген жок.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ قُوٓاْ أَنفُسَكُمۡ وَأَهۡلِيكُمۡ نَارٗا وَقُودُهَا ٱلنَّاسُ وَٱلۡحِجَارَةُ عَلَيۡهَا مَلَٰٓئِكَةٌ غِلَاظٞ شِدَادٞ لَّا يَعۡصُونَ ٱللَّهَ مَآ أَمَرَهُمۡ وَيَفۡعَلُونَ مَا يُؤۡمَرُونَ
Оо, Аллахка ыйман келтирип, Анын шариятын аткаргандар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар жана таштар болгон улуу тозоктон коргоп калгыла. Ал тозоктун үстүндө ага кирген адамдарга катаал жана күчтүү периштелер бар. Алар Аллахтын буйруктарына баш ийбестик кылышпайт жана аларга буйрулган нерселерди кечиктирбестен аткарышат.
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَا تَعۡتَذِرُواْ ٱلۡيَوۡمَۖ إِنَّمَا تُجۡزَوۡنَ مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Кыяматта каапырларга айтылат: «Эй, Аллахка каапыр болгондор! Бүгүн каапырлыгыңар жана күнөөлөрүңөр үчүн кечирим сурабай эле койгула. Кечиримиңер кабыл кылынбайт. Силер бүгүн дүйнөдө Аллахка кылган каапырлыгыңардын жана Анын элчилерин жалганга чыгарганыңардын жазасын аласыңар».
ئەرەپچە تەپسىرلەر:
بۇ بەتتىكى ئايەتلەردىن ئېلىنغان مەزمۇنلار:
• مشروعية الكَفَّارة عن اليمين.
Анттын күнөөсүнөн кутуулунун жолу шариятта бар.

• بيان منزلة النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه ودفاعه عنه.
Пайгамбардын Раббисинин алдындагы ордун жана аны коргоосун баяндоо.

• من كرم المصطفى صلى الله عليه وسلم مع زوجاته أنه كان لا يستقصي في العتاب فكان يعرض عن بعض الأخطاء إبقاءً للمودة.
Пайгамбардын аялдары менен болгон айкөлдүгү. Ал ашыкча жемелеген эмес, ортодогу сүйүү сакталыш үчүн кээ бир катачылыктарды гана айткан.

• مسؤولية المؤمن عن نفسه وعن أهله.
Ыймандуу адамдын өзү жана үй-бүлөсү үчүн жоопкерчилиги.

 
مەنالار تەرجىمىسى سۈرە: تەھرىم
سۈرە مۇندەرىجىسى بەت نومۇرى
 
قۇرئان كەرىم مەنىلىرىنىڭ تەرجىمىسى - قۇرئان كەرىم قىسقىچە تەپسىرىنىڭ قىرغىزچە تەرجىمىسى - تەرجىمىلەر مۇندەرىجىسى

قۇرئان تەتقىقاتى تەپسىر مەركىزى چىقارغان.

تاقاش