Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية * - Таржималар мундарижаси

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Маънолар таржимаси Сура: Марям сураси   Оят:

Мариям

كٓهيعٓصٓ
Каф, Хаа, Яаа, Айн, Саад.[1]
[1] Бакара сүрөсүнүн 1-аятын караңыз.
Арабча тафсирлар:
ذِكۡرُ رَحۡمَتِ رَبِّكَ عَبۡدَهُۥ زَكَرِيَّآ
(Бул – ) сенин Раббиң пендеси Закарияга берген ырайымынын кабары.
Арабча тафсирлар:
إِذۡ نَادَىٰ رَبَّهُۥ نِدَآءً خَفِيّٗا
Эстегин, ал Раббисине жашыруун түрдө жалбарып,
Арабча тафсирлар:
قَالَ رَبِّ إِنِّي وَهَنَ ٱلۡعَظۡمُ مِنِّي وَٱشۡتَعَلَ ٱلرَّأۡسُ شَيۡبٗا وَلَمۡ أَكُنۢ بِدُعَآئِكَ رَبِّ شَقِيّٗا
(мындай) деди: «Оо, Раббим! Менин муун-сөөктөрүм алсырап, карылыктан чачымды ак баса баштады! Оо, Раббим, мен эч качан Сага дуба кылып таалайсыз болгон эмесмин!
Арабча тафсирлар:
وَإِنِّي خِفۡتُ ٱلۡمَوَٰلِيَ مِن وَرَآءِي وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا فَهَبۡ لِي مِن لَّدُنكَ وَلِيّٗا
Мен артымдагы жакындарымдан кооптонуп жатамын. Аялым төрөбөс болуп калган. Өз даргөйүңдөн мага бир дос (перзент) берчи?![1]
[1] Себеби, анын коомунда анын ишин (жалгыз Аллахка чакыруу милдетин) аркалоого ылайыктуу адам калбай калган. Закария өз жакындарын жана элин түз жолдон адашып кетпесе экен деп, кооптонуп, бир перзентим болсо, ишимди улантып кетээр эле деп үмүт кылууда.
Арабча тафсирлар:
يَرِثُنِي وَيَرِثُ مِنۡ ءَالِ يَعۡقُوبَۖ وَٱجۡعَلۡهُ رَبِّ رَضِيّٗا
Ал мага жана Якубдун (ыймандуу) урпактарына мураскор болсун! Оо, Раббим, Аны Өзүңдүн ыраазычылыгыңдын кызматкерлеринен кылгай элең?!»
Арабча тафсирлар:
يَٰزَكَرِيَّآ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَٰمٍ ٱسۡمُهُۥ يَحۡيَىٰ لَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ مِن قَبۡلُ سَمِيّٗا
«Оо, Закария! Биз сени Яхьа деген наристе менен сүйүнтөбүз! Биз мурун ага (эч кимди) адаш кылган эмеспиз».[1]
[1] Мындан илгери бул ысым менен эч бир адам баласы аталган эмес. «Адаш» «атташ», «аты окшош» деген мааниде.
Арабча тафсирлар:
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَكَانَتِ ٱمۡرَأَتِي عَاقِرٗا وَقَدۡ بَلَغۡتُ مِنَ ٱلۡكِبَرِ عِتِيّٗا
«Оо, Раббим!» деди (Закария) мага кайдагы перзент?! Аялым төрөбөс болсо, өзүм карылыктын чегине жетип калган болсом?!»[1]
[1] Закария перзентсиздиктен кысылган жүрөгүн Раббисине бошотуп, перзентим болсо жакшы болмок деп арзуу кылган. Бирок, мындай болуп кетишин күтпөгөн. Эми, Аллах дубасын кабыл алганын билип, шашып, таңыркап калган учуру.
Арабча тафсирлар:
قَالَ كَذَٰلِكَ قَالَ رَبُّكَ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞ وَقَدۡ خَلَقۡتُكَ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ تَكُ شَيۡـٔٗا
«Ошондой» – деди (Аллах) – Раббиң айтат: «Бул Мага жеңил. Өзүңдү деле мындан мурун Мен жаратканмын. (Анда) сен дагы эч нерсе эмес (жок) элең».
Арабча тафсирлар:
قَالَ رَبِّ ٱجۡعَل لِّيٓ ءَايَةٗۖ قَالَ ءَايَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ ٱلنَّاسَ ثَلَٰثَ لَيَالٖ سَوِيّٗا
«Оо, Раббим! Анда мага (көңүлүмдүн бейпилдиги үчүн) бир белги көргөзчү?!» - деди (Закария). «Сага белги: соп-соо туруп, үч түн бою адамдарга сүйлөй албай каласың» - деди (Аллах).[1]
[1] Бул Закарияга Аллахтан моожиза болду. Ал сүйлөй албаганы менен ибадат сөздөрүн эч кыйналбай сүйлөп жатты. Ибадаткананын михраб (төркү) бөлүгүнө кирип алып, зикир, ибадат менен алек болду. Яхьянын дүйнөгө келиши анын жалгыз өзүнө эмес, диний жетекчиге муктаж болгон элге да кубанычтуу кабар эле.
Арабча тафсирлар:
فَخَرَجَ عَلَىٰ قَوۡمِهِۦ مِنَ ٱلۡمِحۡرَابِ فَأَوۡحَىٰٓ إِلَيۡهِمۡ أَن سَبِّحُواْ بُكۡرَةٗ وَعَشِيّٗا
Ал (ибадатканадагы) михрабдан[1] элине чыкты жана «түнү-күнү мактоо сөздөрүн айткыла» деп, (ымдап) ишаарат кылды. (Ошентип, арадан белгилүү убакыт өтүп Яхья туулду, ал атасынан жакшы тарбия көрдү. Эми акылы толо баштаганда ага Аллах таала айтты:)
[1] Михраб – ибадатканалардын кыбыла тарабындагы диний жетекчинин орду.
Арабча тафсирлар:
يَٰيَحۡيَىٰ خُذِ ٱلۡكِتَٰبَ بِقُوَّةٖۖ وَءَاتَيۡنَٰهُ ٱلۡحُكۡمَ صَبِيّٗا
«Оо, Яхья! (Ыйык) Китепти(н өкүмүн) бекем карма!» Биз ага өкүм-шариятты наристелигинде эле берген элек.
Арабча тафсирлар:
وَحَنَانٗا مِّن لَّدُنَّا وَزَكَوٰةٗۖ وَكَانَ تَقِيّٗا
Жана Биз ага Өзүбүздөн мээримдүүлүк, тазалык касиеттерин тартууладык. Ал - такыба болгон эле.
Арабча тафсирлар:
وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَيۡهِ وَلَمۡ يَكُن جَبَّارًا عَصِيّٗا
Ата-энесине кайрымдуу болду. Текеберленген (таш жүрөк) жана (Раббисине) каршы чыгуучу болбоду.
Арабча тафсирлар:
وَسَلَٰمٌ عَلَيۡهِ يَوۡمَ وُلِدَ وَيَوۡمَ يَمُوتُ وَيَوۡمَ يُبۡعَثُ حَيّٗا
Ага туулган күнүндө, өлгөн күнүндө жана кайра тирилген күнүндө (Аллахтын) салам(ы) болсун!
Арабча тафсирлар:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مَرۡيَمَ إِذِ ٱنتَبَذَتۡ مِنۡ أَهۡلِهَا مَكَانٗا شَرۡقِيّٗا
(Оо, Мухаммад,) сен Китепте (Куранда) Мариямды(н окуясын) эсте: Бир кезде ал өз үй-бүлөсүнөн чыгыш тараптагы (бир) жерге бөлүнүп чыгып,
Арабча тафсирлар:
فَٱتَّخَذَتۡ مِن دُونِهِمۡ حِجَابٗا فَأَرۡسَلۡنَآ إِلَيۡهَا رُوحَنَا فَتَمَثَّلَ لَهَا بَشَرٗا سَوِيّٗا
алардан чүмбөттөнүп алды.[1] Анан Биз ага Өз Рухубузду (Жебирейил периштени) жибердик. Ал Мариямга кадимки инсан кейпинде көрүндү.
[1] Эч кимге көрүнбөгөн жерге барып, Аллахка сыйынып, таат-ибадат менен алек болду.
Арабча тафсирлар:
قَالَتۡ إِنِّيٓ أَعُوذُ بِٱلرَّحۡمَٰنِ مِنكَ إِن كُنتَ تَقِيّٗا
(Анда, Мариям) айтты: «Мени сенден Чексиз ырайымдуу (Аллах) сактасын! Эгер Аллахтан коркуучу болсоң, (мага жолобогун)!».
Арабча тафсирлар:
قَالَ إِنَّمَآ أَنَا۠ رَسُولُ رَبِّكِ لِأَهَبَ لَكِ غُلَٰمٗا زَكِيّٗا
«(Коркпо). Мен Раббиңдин элчиси(периште)мин. Сага аруу перзент бериш үчүн (жиберилдим)», – деди ал.
Арабча тафсирлар:
قَالَتۡ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَٰمٞ وَلَمۡ يَمۡسَسۡنِي بَشَرٞ وَلَمۡ أَكُ بَغِيّٗا
(Мариям) айтты: «Мага эч бир (эркек) адам кол тийгизбеген (кыз бала) жана сойку эмес болсом, менде кайдан бала болсун?!».
Арабча тафсирлар:
قَالَ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِ هُوَ عَلَيَّ هَيِّنٞۖ وَلِنَجۡعَلَهُۥٓ ءَايَةٗ لِّلنَّاسِ وَرَحۡمَةٗ مِّنَّاۚ وَكَانَ أَمۡرٗا مَّقۡضِيّٗا
(Периште) айтты: «(Ооба) ушундай. Бирок, Раббиң айтты: «Аны адамдар үчүн (Өз кудуретибизден) белги жана Ырайым кылып жаратабыз. Бул иш тагдырда чечилип калган» (Периште ушул сөздөрдү айтып, Мариямдын көйнөгүнүн жакасына үйлөдү. Ушундан улам…)
Арабча тафсирлар:
۞ فَحَمَلَتۡهُ فَٱنتَبَذَتۡ بِهِۦ مَكَانٗا قَصِيّٗا
Ал (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды.
Арабча тафсирлар:
فَأَجَآءَهَا ٱلۡمَخَاضُ إِلَىٰ جِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ قَالَتۡ يَٰلَيۡتَنِي مِتُّ قَبۡلَ هَٰذَا وَكُنتُ نَسۡيٗا مَّنسِيّٗا
Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) курма дарагынын өзөгүнө алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкачылыктан, суусагандан жана да эң коркунучтуусу адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп:) «Кана эми, ушуга чейин эле өлүп, таптакыр унутулуп калган болсом!» – деди.
Арабча тафсирлар:
فَنَادَىٰهَا مِن تَحۡتِهَآ أَلَّا تَحۡزَنِي قَدۡ جَعَلَ رَبُّكِ تَحۡتَكِ سَرِيّٗا
Ошондо, андан ылдыйраак жерден (үн катты): «Кайгырба, Раббиң астыңдан суу (дарыя) агызып койду.
Арабча тафсирлар:
وَهُزِّيٓ إِلَيۡكِ بِجِذۡعِ ٱلنَّخۡلَةِ تُسَٰقِطۡ عَلَيۡكِ رُطَبٗا جَنِيّٗا
Жана өзүңө курма өзөгүн силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт.
Арабча тафсирлар:
فَكُلِي وَٱشۡرَبِي وَقَرِّي عَيۡنٗاۖ فَإِمَّا تَرَيِنَّ مِنَ ٱلۡبَشَرِ أَحَدٗا فَقُولِيٓ إِنِّي نَذَرۡتُ لِلرَّحۡمَٰنِ صَوۡمٗا فَلَنۡ أُكَلِّمَ ٱلۡيَوۡمَ إِنسِيّٗا
Эми, (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң менен) кубан! Ал эми, адамдардан бирөөнү көрсөң (ишаарат менен): «Мен Чексиз Ырайымдуу (Аллах) үчүн сүкүт чалууну назир кылып койдум эле. Бүгүн эч бир адамга сүйлөбөймүн» – дегин.[1]
[1] Ошол кезде адамдар аткарчу ибадаттын бир түрү - «Мен Аллах үчүн баланча күн сүкүт чаламын (эч ким менен сүйлөшпөймүн» деп назир (Аллах үчүн ниет) кылышкан.
Арабча тафсирлар:
فَأَتَتۡ بِهِۦ قَوۡمَهَا تَحۡمِلُهُۥۖ قَالُواْ يَٰمَرۡيَمُ لَقَدۡ جِئۡتِ شَيۡـٔٗا فَرِيّٗا
(Мариям) баласын көтөрүп элине келгенде, (ар жактан ажылдашып мындай) дешти: «Оо, Мариям! Сен болбогон уят иш жасаптырсың!
Арабча тафсирлар:
يَٰٓأُخۡتَ هَٰرُونَ مَا كَانَ أَبُوكِ ٱمۡرَأَ سَوۡءٖ وَمَا كَانَتۡ أُمُّكِ بَغِيّٗا
Оо, Харундун карындашы! Сенин атаң бузуку, апаң сойку эмес эле го?!».
Арабча тафсирлар:
فَأَشَارَتۡ إِلَيۡهِۖ قَالُواْ كَيۡفَ نُكَلِّمُ مَن كَانَ فِي ٱلۡمَهۡدِ صَبِيّٗا
Мариям («наристемден сурагыла» дегендей), ага ишарат кылды. «Бешиктеги ымыркай менен кантип сүйлөшөбүз?!» – дешти. (Ошондо, Аллах Өзүнүн Кудурети менен наристе – Исаны сүйлөтүп, ал апасынын аруу-таза экенине күбөлүк берип,)
Арабча тафсирлар:
قَالَ إِنِّي عَبۡدُ ٱللَّهِ ءَاتَىٰنِيَ ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلَنِي نَبِيّٗا
Айтты: «Мен – Аллахтын пендесимин.[1] Ал (Өзүнүн келечектеги тагдыр-жазмышы боюнча) мага китеп берип, пайгамбар кылды.
[1] Демек, ал кудай эмес жана анда эч бир кудайлык касиети жок.
Арабча тафсирлар:
وَجَعَلَنِي مُبَارَكًا أَيۡنَ مَا كُنتُ وَأَوۡصَٰنِي بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ مَا دُمۡتُ حَيّٗا
Ал мени кайда барсам да берекеттүү кылып, мага – денемде жаным болсо эле – намаз окуп, зекет берүүнү буйруду.
Арабча тафсирлар:
وَبَرَّۢا بِوَٰلِدَتِي وَلَمۡ يَجۡعَلۡنِي جَبَّارٗا شَقِيّٗا
Апама жакшылык кылууну буюрду. Жана Ал мени таалайсыз, ташбоор-текебер кылбады!
Арабча тафсирлар:
وَٱلسَّلَٰمُ عَلَيَّ يَوۡمَ وُلِدتُّ وَيَوۡمَ أَمُوتُ وَيَوۡمَ أُبۡعَثُ حَيّٗا
Жана мен туулган, өлгөн жана кайра тириле турган күндөрүмдө мага (Аллах тарабынан) тынчтык-амандык болсун!»
Арабча тафсирлар:
ذَٰلِكَ عِيسَى ٱبۡنُ مَرۡيَمَۖ قَوۡلَ ٱلۡحَقِّ ٱلَّذِي فِيهِ يَمۡتَرُونَ
(Яхудилер менен христиандар) шек-күмөндө болуп жаткан Мариямдын уулу Иса (жөнүндөгү) Акыйкат Зат (Аллах)тын Сөзү – ушул.[1]
[1] Иса жөнүндө не яхудилер, не христиандар анык, далилдүү пикир айта алышпайт. Бардык айткандары шек-күмөндөргө негизделген. Ошондон улам бирөөлөрү аны «тирүү кудай» десе, башкасы аны «кудайдын уулу», дагы бирөөлөрү «үч кудайдын үчүнчүсү» дешет. Жогорку аяттагы сөздөр гана Иса жөнүндө акыйкатты баян кылган: Ал Аллахтын Кудуретинин белгиси, («бол» дегенден улам жаралган) Сөзү жана салих пайгамбары.
Арабча тафсирлар:
مَا كَانَ لِلَّهِ أَن يَتَّخِذَ مِن وَلَدٖۖ سُبۡحَٰنَهُۥٓۚ إِذَا قَضَىٰٓ أَمۡرٗا فَإِنَّمَا يَقُولُ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ
(Пенделери арасынан бирөөнү) Өзүнө бала кылып алуу Аллахка ылайык эмес! Ал (мындан) Таза! Эгер Ал бир ишти өкүм кылса, ага карап «бол!» деши менен болуп калат.
Арабча тафсирлар:
وَإِنَّ ٱللَّهَ رَبِّي وَرَبُّكُمۡ فَٱعۡبُدُوهُۚ هَٰذَا صِرَٰطٞ مُّسۡتَقِيمٞ
«Чынында, менин жана силердин Раббиңер – Аллах! Өзүнө гана ибадат кылгыла! Ушул гана эң туура жол!»
Арабча тафсирлар:
فَٱخۡتَلَفَ ٱلۡأَحۡزَابُ مِنۢ بَيۡنِهِمۡۖ فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن مَّشۡهَدِ يَوۡمٍ عَظِيمٍ
Кийин жамааттар (Иса жөнүндө) талашып-тартыша баштады. Каапыр адамдарга Улуу Күбөлүк күнүндө (Кыяматта) азап болсун!
Арабча тафсирлар:
أَسۡمِعۡ بِهِمۡ وَأَبۡصِرۡ يَوۡمَ يَأۡتُونَنَا لَٰكِنِ ٱلظَّٰلِمُونَ ٱلۡيَوۡمَ فِي ضَلَٰلٖ مُّبِينٖ
Бизге келээр күнү, алардын кулагы аябай сак, көзү көрөгөч болуп калат.[1] Бирок, залимдер ал Күнү терең адашууда.
[1] Өздөрүнүн адашкандыгы жөнүндөгү сөздү жакшы түшүнүп, амал китептериндеги кылмыштарын көрүп, жадагалса, тозок коркунучун да анык угуп, көрүп: «Оо, Рабби, бардыгын көрдүк, эми бизди дүйнөгө кайтарсаң салих амал кылып, ыймандуулардан болоор элек» дешет.
Арабча тафсирлар:
وَأَنذِرۡهُمۡ يَوۡمَ ٱلۡحَسۡرَةِ إِذۡ قُضِيَ ٱلۡأَمۡرُ وَهُمۡ فِي غَفۡلَةٖ وَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен аларды бушаймандык күнүнөн эскерт! Ал Күнү иш чечилип (тозокко түшүшү анык болуп) калат. Алар болсо, ыйман келтирбей (дүйнө жыргалдарына) мас болуп жүрүшөт.
Арабча тафсирлар:
إِنَّا نَحۡنُ نَرِثُ ٱلۡأَرۡضَ وَمَنۡ عَلَيۡهَا وَإِلَيۡنَا يُرۡجَعُونَ
Жерди жана анда болгондун баарын Өзүбүз мураска алабыз жана бардыгы Бизге кайтышат.
Арабча тафсирлар:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ إِبۡرَٰهِيمَۚ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقٗا نَّبِيًّا
Жана сен (оо, Мухаммад), Китепте Ибрахимди эстегин. Ал чынчыл пайгамбар эле.[1]
[1] Ибрахим бардык пайгамбарлардын атасы. Анткени, Куранда эскерилген пайгамбарлар анын урпактары. Жадагалса Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам дагы анын уулу Ысмайылдан тараган арабдардан. Ибрахим алейхи саламдын «Нухтан кийинки, инсанияттын үчүнчү атасы» деген даражасы да бар. Кээ бир тилчи аалымдар айтышат: «Ибрахим семит тилинде Абрахым. «Аб» - ата, «рахым» - жатын. Демек, бардык жатындан чыккандардын атасы».
Арабча тафсирлар:
إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ يَٰٓأَبَتِ لِمَ تَعۡبُدُ مَا لَا يَسۡمَعُ وَلَا يُبۡصِرُ وَلَا يُغۡنِي عَنكَ شَيۡـٔٗا
Бир кезде ал атасына: «Оо, атаке, эмне үчүн укпай турган, көрбөй турган жана өзүңүзгө эч пайдасы тийбей турган «кудайларга» ибадат кылуудасыз?
Арабча тафсирлар:
يَٰٓأَبَتِ إِنِّي قَدۡ جَآءَنِي مِنَ ٱلۡعِلۡمِ مَا لَمۡ يَأۡتِكَ فَٱتَّبِعۡنِيٓ أَهۡدِكَ صِرَٰطٗا سَوِيّٗا
Оо, ата! Мага сизге келбеген илим (пайгамбарлык) келген. Эми, (таш кудайлардан кол үзүп) мени ээрчиңиз, сизди туура жолго (Жалгыз Аллахка сыйынууга) баштаймын.
Арабча тафсирлар:
يَٰٓأَبَتِ لَا تَعۡبُدِ ٱلشَّيۡطَٰنَۖ إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ كَانَ لِلرَّحۡمَٰنِ عَصِيّٗا
Атакебай, шайтанга сыйынбаңыз! Чынында, шайтан Ыраймдууга (Аллах таалага) каршы чыгуучу!
Арабча тафсирлар:
يَٰٓأَبَتِ إِنِّيٓ أَخَافُ أَن يَمَسَّكَ عَذَابٞ مِّنَ ٱلرَّحۡمَٰنِ فَتَكُونَ لِلشَّيۡطَٰنِ وَلِيّٗا
Атаке, мен сизди Чексиз Ырайымдуунун азабы кармабаса экен деп корком. Анда сиз шайтанга дос болуп каласыз!»
Арабча тафсирлар:
قَالَ أَرَاغِبٌ أَنتَ عَنۡ ءَالِهَتِي يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُۖ لَئِن لَّمۡ تَنتَهِ لَأَرۡجُمَنَّكَۖ وَٱهۡجُرۡنِي مَلِيّٗا
(Атасы) айтты: «Оо, Ибрахим, эмне, сен менин кудайларымдан түңүлдүңбү?! Эгер (мунуңду) токтотпосоң таш менен уруп (өлтүрүп) койомун! Жогол! Көпкө чейин мага сүйлөбө!»
Арабча тафсирлар:
قَالَ سَلَٰمٌ عَلَيۡكَۖ سَأَسۡتَغۡفِرُ لَكَ رَبِّيٓۖ إِنَّهُۥ كَانَ بِي حَفِيّٗا
(Ибрахим) айтты: «Саламат болуңуз! Бирок, мен Раббиме дуба кылып, сиздин күнөөңүздү кечиришин сураймын. Ал мага Ырайымдуу.[1]
[1] Ибрахим ушинтип атасынан жаман мамилеге кабылса да аны көп даават кылып, «кайтсаңыз күнөөңүздү Аллахтан сурап алайын» деп, үмүт жана көп дубаларды кылды. Аллахка жалбарып, атасынын күнөөлөрүн кечиришин сурады. Бирок, атасынын Аллахтын душманы экени маалым болгондо, ал үчүн Аллахка дуба кылуусун токтотту жана өзүнүн ага тиешеси жоктугун жарыялады.
Арабча тафсирлар:
وَأَعۡتَزِلُكُمۡ وَمَا تَدۡعُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَأَدۡعُواْ رَبِّي عَسَىٰٓ أَلَّآ أَكُونَ بِدُعَآءِ رَبِّي شَقِيّٗا
«Мен силерди жана силер дуба кылып (сыйынып) жаткан, Аллахтан башка «кудайыңарды» таштап кетемин жана (жалгыз) Раббиме гана дуба кыламын! Жалгыз Раббиме дуба кылганым себептүү (силерге окшоп) таалайсыз болуп калбаймын деген үмүтүм бар».
Арабча тафсирлар:
فَلَمَّا ٱعۡتَزَلَهُمۡ وَمَا يَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ وَهَبۡنَا لَهُۥٓ إِسۡحَٰقَ وَيَعۡقُوبَۖ وَكُلّٗا جَعَلۡنَا نَبِيّٗا
Аларды жана Аллахтан башка алар сыйынган (жалган) кудайларды таштап кеткен соң, Биз ага Исхак менен Якубду бердик жана экөөсүн тең пайгамбар кылдык.
Арабча тафсирлар:
وَوَهَبۡنَا لَهُم مِّن رَّحۡمَتِنَا وَجَعَلۡنَا لَهُمۡ لِسَانَ صِدۡقٍ عَلِيّٗا
Жана аларга (Ибрахим, Исхак, Якубдарга) Өз ырайымыбызды төгүп, аларга жогорку даражалуу мактоо сөздөрүн арнадык.[1]
[1] Бул пайгамбарларды кыяматка чейинки элдер мактап, акысына дуба кылышат. Эч ким аларды айыптабайт.
Арабча тафсирлар:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ مُوسَىٰٓۚ إِنَّهُۥ كَانَ مُخۡلَصٗا وَكَانَ رَسُولٗا نَّبِيّٗا
Сен (оо, Мухаммад), Китепте Мусаны да эстегин: Ал тандалган пенде жана элчи-пайгамбар болгон.[1]
[1] Тарыхтагы пайгамбарлар эки даражада болушкан: 1) Элчи-пайгамбар 2) Набий-пайгамбар. Элчи-пайгамбарлар Аллахтан алган нерселерин элдерге жеткирүүгө милдеттендирилген. Элчи-пайгамбарга Аллах Дин-Шарият берет. Ал эми, Набий-пайгамбар өзүнөн мурда өткөн элчи-пайгамбардын дининде болот жана ошонун динин жайылтат.
Арабча тафсирлар:
وَنَٰدَيۡنَٰهُ مِن جَانِبِ ٱلطُّورِ ٱلۡأَيۡمَنِ وَقَرَّبۡنَٰهُ نَجِيّٗا
Биз ага Тур тоосунун жанында, оң тарабынан бийик добуш менен чакырып, Өзүбүзгө жакындаттык.[1]
[1] Ушул аят Аллахтын сүйлөө сыпатына далил болот. Анткени, Аллах ошол жерде Муса менен эч бир ортомчусуз, бирок көрүнбөй сүйлөшкөн.
Арабча тафсирлар:
وَوَهَبۡنَا لَهُۥ مِن رَّحۡمَتِنَآ أَخَاهُ هَٰرُونَ نَبِيّٗا
Жана Өз ырайымыбыздан бир тууганы Харунду (жардамчы) пайгамбар кылып бердик.
Арабча тафсирлар:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ إِسۡمَٰعِيلَۚ إِنَّهُۥ كَانَ صَادِقَ ٱلۡوَعۡدِ وَكَانَ رَسُولٗا نَّبِيّٗا
Китепте Ысмайылды да эсте. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле.
Арабча тафсирлар:
وَكَانَ يَأۡمُرُ أَهۡلَهُۥ بِٱلصَّلَوٰةِ وَٱلزَّكَوٰةِ وَكَانَ عِندَ رَبِّهِۦ مَرۡضِيّٗا
Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам.
Арабча тафсирлар:
وَٱذۡكُرۡ فِي ٱلۡكِتَٰبِ إِدۡرِيسَۚ إِنَّهُۥ كَانَ صِدِّيقٗا نَّبِيّٗا
Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон.
Арабча тафсирлар:
وَرَفَعۡنَٰهُ مَكَانًا عَلِيًّا
Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк.
Арабча тафсирлар:
أُوْلَٰٓئِكَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِم مِّنَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مِن ذُرِّيَّةِ ءَادَمَ وَمِمَّنۡ حَمَلۡنَا مَعَ نُوحٖ وَمِن ذُرِّيَّةِ إِبۡرَٰهِيمَ وَإِسۡرَٰٓءِيلَ وَمِمَّنۡ هَدَيۡنَا وَٱجۡتَبَيۡنَآۚ إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُ ٱلرَّحۡمَٰنِ خَرُّواْۤ سُجَّدٗاۤ وَبُكِيّٗا۩
Ушулар Аллах көп жакшылыктарды берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-саламдын) балдарынан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исраилдин (Якубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып,туура жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулса, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат![1]
[1] Бул Ыйык Курандагы сажда аяттарынан бири. Ким сажда аяттарынан бирин окуса же укса ошол замат бир ирет сажда кылуусу – важып.
Арабча тафсирлар:
۞ فَخَلَفَ مِنۢ بَعۡدِهِمۡ خَلۡفٌ أَضَاعُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَٱتَّبَعُواْ ٱلشَّهَوَٰتِۖ فَسَوۡفَ يَلۡقَوۡنَ غَيًّا
Андан соң алардын артынан (ушундай жаман) урпактар калды: Намаз окушпайт, дене кумарын ээрчип калышкан. Алар жакында катуу азапка кабылышат.
Арабча тафсирлар:
إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ وَلَا يُظۡلَمُونَ شَيۡـٔٗا
Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирген жана салих (жакшы) амал жасаган адамдар бейишке кирет жана аларга эч зулумдук (адилетсиздик) кылынбайт.
Арабча тафсирлар:
جَنَّٰتِ عَدۡنٍ ٱلَّتِي وَعَدَ ٱلرَّحۡمَٰنُ عِبَادَهُۥ بِٱلۡغَيۡبِۚ إِنَّهُۥ كَانَ وَعۡدُهُۥ مَأۡتِيّٗا
Түбөлүк (түгөнгүс) бейиштерди пенделерине Чексиз Ырайымдуу (Аллах) кайыптан убада берген. Чындыгында, Анын убадасы сөзсүз болуучу![1]
[1] Аллах тааланын Өзү дагы, Анын бейиши дагы кайып – көрүнбөйт. Момун пенделер ошол көрбөгөн Раббилеринин көрүнбөгөн бейишине ишенип ушунчалык ибадат кылууда. Эгер көрсө кантишээр экен!
Арабча тафсирлар:
لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوًا إِلَّا سَلَٰمٗاۖ وَلَهُمۡ رِزۡقُهُمۡ فِيهَا بُكۡرَةٗ وَعَشِيّٗا
Анда (бейиште) алар маанисиз сөздөрдү угушпайт. «Салам» деген сөздөрдү гана угушат. Ал жерде алардын (көз көрүп, кулак укпаган) ырыскылары эртели-кеч даяр турат.
Арабча тафсирлар:
تِلۡكَ ٱلۡجَنَّةُ ٱلَّتِي نُورِثُ مِنۡ عِبَادِنَا مَن كَانَ تَقِيّٗا
Биз пенделерибиздин арасынан такыба болгондоруна мурас кылып берчү бейиш(тин баяны) ушул.
Арабча тафсирлар:
وَمَا نَتَنَزَّلُ إِلَّا بِأَمۡرِ رَبِّكَۖ لَهُۥ مَا بَيۡنَ أَيۡدِينَا وَمَا خَلۡفَنَا وَمَا بَيۡنَ ذَٰلِكَۚ وَمَا كَانَ رَبُّكَ نَسِيّٗا
«Биз Раббиңдин буйругу менен гана түшөбүз.[1] Биздин келечегибиздеги, бизге чейинки жана ал экөөсүнүн ортосундагы (учурдагы) иштердин баары Аллахтын колунда. Раббиң унутчаак эмес.
[1] Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва салламга вахий алып келүүчү Жебирейил периште бир мөөнөт кечигип келгенде, Илахий сөздү сагынып, куса болгон пайгамбарыбыз: «Тезирээк келбейт белең?» дегенде, Жебирейил ушинтип жооп берген.
Арабча тафсирлар:
رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا فَٱعۡبُدۡهُ وَٱصۡطَبِرۡ لِعِبَٰدَتِهِۦۚ هَلۡ تَعۡلَمُ لَهُۥ سَمِيّٗا
«(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»
Арабча тафсирлар:
وَيَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَءِذَا مَا مِتُّ لَسَوۡفَ أُخۡرَجُ حَيًّا
(Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!» – дейт.
Арабча тафсирлар:
أَوَلَا يَذۡكُرُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَنَّا خَلَقۡنَٰهُ مِن قَبۡلُ وَلَمۡ يَكُ شَيۡـٔٗا
(Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек![1]
[1] Инсанды биринчи ирет жоктуктан жарата алган Аллах, экинчи ирет анын чириген, майдаланган денесин кайрадан жарата алаарында шек жок. Башка бир аятта Аллах таала айтат: «Ал макулуктарды биринчи ирет (жок нерседен) жаратты. Кийин аларды кайрадан жаратат. Бул Ага эң эле жеңил».
Арабча тафсирлар:
فَوَرَبِّكَ لَنَحۡشُرَنَّهُمۡ وَٱلشَّيَٰطِينَ ثُمَّ لَنُحۡضِرَنَّهُمۡ حَوۡلَ جَهَنَّمَ جِثِيّٗا
(Оо, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз!
Арабча тафсирлар:
ثُمَّ لَنَنزِعَنَّ مِن كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمۡ أَشَدُّ عَلَى ٱلرَّحۡمَٰنِ عِتِيّٗا
Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Чексиз Ырайымдууга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана тозокко биринчи ошолорду таштайбыз).
Арабча тафсирлар:
ثُمَّ لَنَحۡنُ أَعۡلَمُ بِٱلَّذِينَ هُمۡ أَوۡلَىٰ بِهَا صِلِيّٗا
Анан тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз.
Арабча тафсирлар:
وَإِن مِّنكُمۡ إِلَّا وَارِدُهَاۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتۡمٗا مَّقۡضِيّٗا
Силердин (Акыретке чогулган адамдардын) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр.(Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш.[1]
[1] Ар бир адам, момуну да, каапыры да тозок үстүндөгү «Сырат» көпүрөсүнө келип, андан өтүшөт. Кимдир тез, жеңил өтүп кетсе, кимдир акырыныраак, дагы бирөө чалышып өтөт. Күнөөсү көп бактысыздар, чалышып тозокко түшүп кетишет. Жеңил өткөндөр менен араң, кыйналып өткөндөр, Раббисине шүгүр кылышып, бейишке чыгышат.
Арабча тафсирлар:
ثُمَّ نُنَجِّي ٱلَّذِينَ ٱتَّقَواْ وَّنَذَرُ ٱلظَّٰلِمِينَ فِيهَا جِثِيّٗا
Андан соң Аллахтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, залимдерди чөгөлөгөн абалда тозокто калтырабыз.
Арабча тафсирлар:
وَإِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِمۡ ءَايَٰتُنَا بَيِّنَٰتٖ قَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لِلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَيُّ ٱلۡفَرِيقَيۡنِ خَيۡرٞ مَّقَامٗا وَأَحۡسَنُ نَدِيّٗا
Жана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана чогулушу жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» – деп айтышат.
Арабча тафсирлар:
وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هُمۡ أَحۡسَنُ أَثَٰثٗا وَرِءۡيٗا
Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз!
Арабча тафсирлар:
قُلۡ مَن كَانَ فِي ٱلضَّلَٰلَةِ فَلۡيَمۡدُدۡ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ مَدًّاۚ حَتَّىٰٓ إِذَا رَأَوۡاْ مَا يُوعَدُونَ إِمَّا ٱلۡعَذَابَ وَإِمَّا ٱلسَّاعَةَ فَسَيَعۡلَمُونَ مَنۡ هُوَ شَرّٞ مَّكَانٗا وَأَضۡعَفُ جُندٗا
Айт (оо, Мухаммад): «Ким адашуучулукта болсо, (жана эскертилгенине карабай жолунан кайтпаса) Чексиз Ырайымдуу аларга (жашоо) мөөнөтүн узартсын!»[1] Качан алар өздөрүнө убада кылынган азапты же кыяматты көрүшкөндө, кимдин даражысы жаманыраак жана аскери алсызыраак экенин билип алышат.
[1] Себеби, канча көп жашаса, ошончо көп күнөө кылып, ошончо көп азапка дуушар болот.
Арабча тафсирлар:
وَيَزِيدُ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ٱهۡتَدَوۡاْ هُدٗىۗ وَٱلۡبَٰقِيَٰتُ ٱلصَّٰلِحَٰتُ خَيۡرٌ عِندَ رَبِّكَ ثَوَابٗا وَخَيۡرٞ مَّرَدًّا
Аллах хидаят (туура жол) тапкан адамдардын хидаятын көбөйтөт. Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак.[1]
[1] «Түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар» - бул намаз, орозо, зекет, ажылык, умра зыяраты, кайыр-садака ж.б.у.с Куранда буюрулган нерселер.
Арабча тафсирлар:
أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي كَفَرَ بِـَٔايَٰتِنَا وَقَالَ لَأُوتَيَنَّ مَالٗا وَوَلَدًا
(Оо, Мухаммад!) Биздин аяттарыбызга каапыр болуп (жүргөн байлардын): «Бизге (Кыяматта деле) мал-дөөлөт менен перзенттер берилет» дегенин көрбөйсүңбү?!
Арабча тафсирлар:
أَطَّلَعَ ٱلۡغَيۡبَ أَمِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحۡمَٰنِ عَهۡدٗا
Эмне, алар кайыпты көрүп коюптурбу же болбосо, Чексиз Ырайымдуу менен (Бейишке түшүү жөнүндө) убада келишимдери бар бекен?!
Арабча тафсирлар:
كَلَّاۚ سَنَكۡتُبُ مَا يَقُولُ وَنَمُدُّ لَهُۥ مِنَ ٱلۡعَذَابِ مَدّٗا
Жок, андай эмес! Биз алардын (күнөө) сөздөрүн жазып койобуз жана аларга азапты(н мөөнөтүн) узартабыз.
Арабча тафсирлар:
وَنَرِثُهُۥ مَا يَقُولُ وَيَأۡتِينَا فَرۡدٗا
Жана алар айткан нерселерге (дүйнө-мүлк, дөөлөткө) мына Биз мураскор болобуз. Алар болсо, Бизге жалгыз өздөрү гана келишет.[1]
[1] Алар өлгөндө бардык мурасы дүйнөдө калат. Бул дүйнөдө Аллахтан башка эч ким түбөлүк калбаганы себептүү, бардык нерселерге Аллах Өзү мураскор болуп калат. Адам пенде өлгөндө өзү менен эч нерсе алып кетпейт. Бир гана сооп же күнөөсүн алып кетет.
Арабча тафсирлар:
وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِ ٱللَّهِ ءَالِهَةٗ لِّيَكُونُواْ لَهُمۡ عِزّٗا
Алар өздөрүнө кубат-жардамчы болот деген ойдо Аллахтан башка нерселерди кудай тутуп алышкан.
Арабча тафсирлар:
كَلَّاۚ سَيَكۡفُرُونَ بِعِبَادَتِهِمۡ وَيَكُونُونَ عَلَيۡهِمۡ ضِدًّا
Жок, андай болбойт! (Кыяматта) «кудайлары» алардын өзүнө сыйынганынан танышат жана аларга каршы чыгышат.
Арабча тафсирлар:
أَلَمۡ تَرَ أَنَّآ أَرۡسَلۡنَا ٱلشَّيَٰطِينَ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ تَؤُزُّهُمۡ أَزّٗا
Көрбөйсүңбү, чындыгында Биз каапырларга шайтандарды жиберебиз. (Шайтандар) аларды (күнөөгө) катуу түртөт.[1]
[1] Бул - алардын Акыйкатка багыт албагандыгынын жазасы. Аллахка бекем ыклас менен сыйынган адамдарга Шайтандын бийлиги өтпөйт. Ал эми, мушрик каапырларга болсо, шайтандар дос-үлпөт болуп алышып, азгырып, ар кандай күнөөлөргө түртөт.
Арабча тафсирлар:
فَلَا تَعۡجَلۡ عَلَيۡهِمۡۖ إِنَّمَا نَعُدُّ لَهُمۡ عَدّٗا
Сен аларга (азапты) шаштырба. Биз аларга (азап мөөнөтүн) кылдаттык менен эсептеп койгонбуз.
Арабча тафсирлар:
يَوۡمَ نَحۡشُرُ ٱلۡمُتَّقِينَ إِلَى ٱلرَّحۡمَٰنِ وَفۡدٗا
Ошол (Кыямат) күнү Биз такыба кишилерди мээримдүү Аллахтын алдына өкүл иретинде (урмат-сый менен) чогултабыз.
Арабча тафсирлар:
وَنَسُوقُ ٱلۡمُجۡرِمِينَ إِلَىٰ جَهَنَّمَ وِرۡدٗا
(Каапыр) кылмышкерлерди болсо, суусаган (кордолгон) абалда тозокко айдайбыз.
Арабча тафсирлар:
لَّا يَمۡلِكُونَ ٱلشَّفَٰعَةَ إِلَّا مَنِ ٱتَّخَذَ عِندَ ٱلرَّحۡمَٰنِ عَهۡدٗا
(Ал жерде) Чексиз Ырайымдуу (Аллах) менен убада-келишими (ыйманы) бар адамдар гана шапаатка ээ боло алышат.[1]
[1] «Шапаат» – бул кыяматтагы пайгамбарлардын, салих, олуя кишилердин ортомчулугу. Алар Аллах уруксат берсе, адамдын кээ бир күнөөлөрүн кечирүүнү сурап, пенде менен Аллахтын ортосуна түшүшөт. Пенденин ыйман келтирип, ислам амалдарын аткарышы – бул Аллах менен түзүлгөн келишим сыяктуу: «Эгер мен (Оо, Аллах) сенин айткандарыңды аткарсам, мени бейишке чыгарасың» маанисинде.
Арабча тафсирлар:
وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗا
(Мушриктер): «Аллахтын баласы бар» дешти.
Арабча тафсирлар:
لَّقَدۡ جِئۡتُمۡ شَيۡـًٔا إِدّٗا
(Эй, мушриктер) силер өтө коркунучтуу сөз айттыңар.
Арабча тафсирлар:
تَكَادُ ٱلسَّمَٰوَٰتُ يَتَفَطَّرۡنَ مِنۡهُ وَتَنشَقُّ ٱلۡأَرۡضُ وَتَخِرُّ ٱلۡجِبَالُ هَدًّا
Бул сөздөн асмандар айрылып, жер жарылып, тоолор майдаланып кетиши ыктымал!
Арабча тафсирлар:
أَن دَعَوۡاْ لِلرَّحۡمَٰنِ وَلَدٗا
«Рахмандын баласы бар» дегендери себептүү!
Арабча тафсирлар:
وَمَا يَنۢبَغِي لِلرَّحۡمَٰنِ أَن يَتَّخِذَ وَلَدًا
Чексиз Ырайымдууга бала тутууга муктаждыгы жок!
Арабча тафсирлар:
إِن كُلُّ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ إِلَّآ ءَاتِي ٱلرَّحۡمَٰنِ عَبۡدٗا
Асмандардагынын жана Жердегинин баары Чексиз Ырайымдууга кул-пенде болуп, келишти.
Арабча тафсирлар:
لَّقَدۡ أَحۡصَىٰهُمۡ وَعَدَّهُمۡ عَدّٗا
Аллах бардыгынын анык эсебин алып койгон.
Арабча тафсирлар:
وَكُلُّهُمۡ ءَاتِيهِ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَرۡدًا
Бардыгы Кыямат Күндө Ага жалгыз абалда (байлык, бала, шерик, аскерлерин бул дүйнөгө таштап) келет.
Арабча тафсирлар:
إِنَّ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ سَيَجۡعَلُ لَهُمُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وُدّٗا
Албетте, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар үчүн Чексиз Ырайымдуу Аллах сүйүүнү жаратат.[1]
[1] Андай адамдарды Аллах Өзү да сүйөт, башка макулуктарына да сүйдүрөт. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам өзүнүн бир хадисинде мындай деген: «Аллах бир пендени сүйүп калса, Жебирейил периштеге: «Мен баланчаны сүйдүм, сен да сүйгүнүң» дейт. Жебирейил аны сүйүп калат. Кийин, ал асман элдерине (периштелерге) кайрылып айтат: «Эй, силер! Аллах баланчаны сүйдү, силер да сүйгүлө!» Анан аны асман элдери да сүйүп калат. Кийин анын сүйүүсү жер бетинде да (жашоочулары тарабынан) кабылданат».
Арабча тафсирлар:
فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لِتُبَشِّرَ بِهِ ٱلۡمُتَّقِينَ وَتُنذِرَ بِهِۦ قَوۡمٗا لُّدّٗا
(Оо, Мухаммад!) Биз Куранды сенин тилиңе жеңил кылдык. Аны менен такыбаларга (бейиштен) куш кабар беришиң үчүн жана талашкан каапырларды (тозоктон) эскертүүң үчүн.
Арабча тафсирлар:
وَكَمۡ أَهۡلَكۡنَا قَبۡلَهُم مِّن قَرۡنٍ هَلۡ تُحِسُّ مِنۡهُم مِّنۡ أَحَدٍ أَوۡ تَسۡمَعُ لَهُمۡ رِكۡزَۢا
Биз бул (Меккедеги) мушриктерден мурда (Аад, Самуд сыяктуу) нечендеген (каапыр-мушрик) муундарды кыйраттык! Сен алардын бирөө жарымын сезип, же болбосо добушун угуп жатасыңбы?!
Арабча тафсирлар:
 
Маънолар таржимаси Сура: Марям сураси
Суралар мундарижаси Бет рақами
 
Қуръони Карим маъноларининг таржимаси - الترجمة القيرغيزية - Таржималар мундарижаси

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

Ёпиш