Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 吉尔吉斯语翻译:社慕斯丁·哈克冒富 * - Mục lục các bản dịch

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Ý nghĩa nội dung Câu: (5) Chương: Al-Ma-idah
ٱلۡيَوۡمَ أُحِلَّ لَكُمُ ٱلطَّيِّبَٰتُۖ وَطَعَامُ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ حِلّٞ لَّكُمۡ وَطَعَامُكُمۡ حِلّٞ لَّهُمۡۖ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنَٰتِ وَٱلۡمُحۡصَنَٰتُ مِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ مِن قَبۡلِكُمۡ إِذَآ ءَاتَيۡتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ مُحۡصِنِينَ غَيۡرَ مُسَٰفِحِينَ وَلَا مُتَّخِذِيٓ أَخۡدَانٖۗ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلۡإِيمَٰنِ فَقَدۡ حَبِطَ عَمَلُهُۥ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ
Бүгүн силерге (бардык) таза нерселер адал кылынды. Жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды. Жана силерге момун-мусулмандардын таза-аруу аялдары менен китеп ээлеринен болгон таза (сойку эмес) аялдар(га үйлөнүү) адал кылынды. (Мунун шарты:) эгер махырын берип, зына кылбай, ойнош тутпай, ак никелеп алсаңар. Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо,[1] анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот.
[1] “Ыйманга каапыр болуунун” мааниси, “ыймандын алты шартынын бардыгына же бирөө жарымына ынабай койсо” дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, аялзат эгер китеп ээси (яхудий же христиан) болсо да “Иса - Кудай, Мухаммад пайгамбар эмес” десе каапыр болуп эсептелет жана андай ишенимдеги аялга үйлөнүп болбойт.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
 
Ý nghĩa nội dung Câu: (5) Chương: Al-Ma-idah
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 吉尔吉斯语翻译:社慕斯丁·哈克冒富 - Mục lục các bản dịch

社慕斯丁·哈克冒富·阿卜杜·哈利格翻译,有先锋翻译中心主持推广

Đóng lại