(Оо, Мухаммад!) билбейсиңби, Аллах асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди(н кабарын) билет. Эгер үч адам (жашыруун) шыбырашып сүйлөшсө, алардын төртүнчүсү – Ал. Эгерде бешөө болсо, алтынчысы – Ал. Жана мындан азыраак же көбүрөөк болсо да жана кандай жашыруун жерде болсо да Ал алар менен бирге![1] Андан кийин, Кыяматта аларга жасаган иштеринин кабарын билгизет. Чынында, Аллах ар нерсени Билүүчү!
[1] Аллахтын бирге болуусу - Заты менен эмес, бардык нерселерди камтыган илими менен.
Жашыруун ушак айткандан[1] кайтарылган адамдарды көрбөйсүңбү, кийин (дагы эле) тыюу салынган ишке кайтып жатышат жана күнөө, душманчылык, пайгамбарга каршы чыгуу жөнүндө шыбырашып жатышат. Эгер жаныңа келишсе, сага Аллах салам бергенден башкача салам беришет[2] жана өз ара сүйлөшүшкөндө: «(эгер Мухаммаддын пайгамбар экени чын болуп калса) бул сөзүбүз үчүн Аллах азапка салбагай эле!» дешет. Аларга өздөрү таштала турган тозок жетиштүү! Кандай жаман акыбет!
[1] Ушул аяттан баштап Аллах таала Мединадагы мунафык-эки жүздүү адамдар менен яхудилердин баянына өтөт. Алар качан көчөдөн бир мусулманды көрсө, дароо үчөө-төртөө болуп, бөлүнүшүп, оолак жерлерде мусулмандарды ушактап, душмандык эрежелерин түзүшчү. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам аларды бул жоругунан кайтарса деле болбой, өз билгенин жасаша берген. [2] Аллах таала пайгамбарыбызга «Ассаламу алайка» (сага Аллахтан тынчтык-саламаттык болсун!) деп салам берген жана ушуну үйрөткөн. Ал эми, яхудилер болсо, пайгамбарыбызга жолукса угулаар-угулбас шыбырап «Ас-сааму алайка» (сага өлүм болсун) - дешкен.
Оо, ыймандуу адамдар! Эгер силер шыбырашып сүйлөшчү болсоңор, анда күнөө, душманчылык жана пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршы чыгуу жөнүндө шыбырашпагыла! Жакшы иштерди жана такыбалыкты шыбырашкыла. Аллахтан корккула, Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар!
Албетте, (каразгөй) шыбыр сөздөр ыймандуу адамдарды капага салуу үчүн шайтан тарабынан болот. Бирок, Аллахтын уруксаты болмоюнча (мындай шыбыр сөздөр) аларга зыян жеткирбейт. Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
Оо, ыймадуулар! Эгер бир межилис-отурушта силерге «(өз ара кыналып отуруу менен) орун бергиле» деп айтылчу болсо, дароо орун бергиле. (Ошондо) Аллах силерге да (бейишинен) орун берет. Жана эгер (такыбалуу, илимдүү адамдар келгенде) «жайды бошоткула» деп айтылса, дароо бошоткула. (Себеби,) Аллах силердин араңардагы (таза-калыс) ыймандуулар менен илимдүүлөрдүн даражасын көтөрүп койгон. Аллах бардык ишиңерден Кабардар.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Kết quả tìm kiếm:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".