Оо, пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле.[1] Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер – Аллахтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар – Аллахтын чектөөлөрү. Ким Аллах белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллах ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес.[2]
[1] «Идда мөөнөттөрүндө талак бергиле» дегени, иддасына чейин, айыздан таза абалында, жакындык кылбай туруп талак бергиле деген мааниде. [2] Мусулман адамдар талакты оюнчук кылып албаш керек. Анын да эрежелери бар. Ал эми, эрежеси менен талагы берилген аялдарды үйдөн чыгарып жиберилбейт. Ал аял идда мөөнөтү (үч ирет этек кири келип, үч ирет тазалануу убактысы) аяктаганга чейин үйүндө олтурууга жана күйөөсү тарабынан каржыланууга тийиш. А, эгер талактын себеби аялдын бузуктугунда болсо, анда эрежеси менен талак кылгандан кийин үйдөн чыгарып жиберсе болот.
Эгер аялдар (идда) мөөнөтүн бүтүрсө, же жакшылык менен алып калгыла же жакшылык менен ажырашкыла. (Жарашсаңар да, ажырашсаңар да) өзүңөрдөн эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. (Оо, күбө болгондор!) силер Аллах үчүн (түз-туура) күбөлүк бергиле! Мунуңар Аллахка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адамдарга үлгү болоор иш. Ким Аллахтан такыба кылса, анын жолун ачып койот.
Жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллахка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллах Өз ишин аягына чыгарат. Аллах ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон.
Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү – төрөгөнгө чейин. Ким Аллахтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот.
Аларга[1] мүмкүн болушунча өзүңөр жашаган үйлөрдөн орун бергиле. Аларга кысым көргөзүү менен зыян жеткирбегиле. Эгер алардын боюна бүткөн болсо, боюндагысын төрөгөнгө чейин (бардык муктаждыгын) камсыздагыла. Эгерде силер үчүн (балаңарды) эмизип берсе, акысын төлөп бергиле[2] жана (сүт акысынын баасын) өз ара, жакшылык менен келишип алгыла. Эгер (келише албай) кыйналсаңар, ал (күйөө) үчүн (баласын) башка аял эмизип берет.
[1] Талагы берилген аялдарга. [2] Талак кылынган аял идда мөөнөтүндө төрөсө, бала атаныкы болгону себептүү, баланы эмизгени үчүн анын атасынан (мурдагы күйөөсүнөн) акы талап кылса, ата аны төлөп бериши зарыл.
«Бай адам байлыгынан (кеңири) камкордук кылсын. Кимдин ырыскысы ченелген болсо, Аллах берген нерселерден (колунан келишинче) камкордук кылсын. Аллах эч кимди Өзү бергенден ашыкчасына мажбурлабайт. Аллах тез арада кыйынчылыктын артынан жеңилдик берет».
(Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык.
(Ал эскерме – Аллахтын) элчиси. Ал силерге Аллахтын анык аяттарын окуп берет, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн. Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган болсо, аны түбүнөн дарыялар аккан жана анда түбөлүк калуучу бейиштерге киргизет. Аллах ага эң сонун ырыскыны (бейишти) берди!
Аллах жети кабат асмандарды жана жерден да ошончосун жаратты. Алардын (асман-жердин) арасына (Анын) буйруктар(ы), Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн түшүп турат.
Contents of the translations can be downloaded and re-published, with the following terms and conditions:
1. No modification, addition, or deletion of the content.
2. Clearly referring to the publisher and the source (QuranEnc.com).
3. Mentioning the version number when re-publishing the translation.
4. Keeping the transcript information inside the document.
5. Notifying the source (QuranEnc.com) of any note on the translation.
6. Updating the translation according to the latest version issued from the source (QuranEnc.com).
7. Inappropriate advertisements must not be included when displaying translations of the meanings of the Noble Quran.
Kết quả tìm kiếm:
API specs
Endpoints:
Sura translation
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/sura/{translation_key}/{sura_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified sura (by its number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114)
Returns:
json object containing array of objects, each object contains the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".
GET / https://quranenc.com/api/v1/translation/aya/{translation_key}/{sura_number}/{aya_number} description: get the specified translation (by its translation_key) for the speicified aya (by its number sura_number and aya_number)
Parameters: translation_key: (the key of the currently selected translation) sura_number: [1-114] (Sura number in the mosshaf which should be between 1 and 114) aya_number: [1-...] (Aya number in the sura)
Returns:
json object containing the "sura", "aya", "translation" and "footnotes".