Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 吉尔吉斯语翻译:社慕斯丁·哈克冒富 * - Mục lục các bản dịch

PDF XML CSV Excel API
Please review the Terms and Policies

Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Tawbah   Câu:
يَحۡلِفُونَ بِٱللَّهِ لَكُمۡ لِيُرۡضُوكُمۡ وَٱللَّهُ وَرَسُولُهُۥٓ أَحَقُّ أَن يُرۡضُوهُ إِن كَانُواْ مُؤۡمِنِينَ
Алар силерди (о, момундар,) ыраазы кылуу үчүн, Аллахты ортого салып (“пайгамбардын көңүлүн оорутканым жок” деп) ант ичишет. Эгер алар момун болушса, (силерди койо туруп) Аллах менен пайгамбарын ыраазы кылуулары көбүрөөк акыйкат эмес беле?!
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
أَلَمۡ يَعۡلَمُوٓاْ أَنَّهُۥ مَن يُحَادِدِ ٱللَّهَ وَرَسُولَهُۥ فَأَنَّ لَهُۥ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدٗا فِيهَاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡخِزۡيُ ٱلۡعَظِيمُ
Же, кимде-ким Аллах менен пайгамбарына каршы чыкса, ага түбөлүк тозок оту болушун жана бул чоң шерменделик экенин алар билбейт беле?!
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
يَحۡذَرُ ٱلۡمُنَٰفِقُونَ أَن تُنَزَّلَ عَلَيۡهِمۡ سُورَةٞ تُنَبِّئُهُم بِمَا فِي قُلُوبِهِمۡۚ قُلِ ٱسۡتَهۡزِءُوٓاْ إِنَّ ٱللَّهَ مُخۡرِجٞ مَّا تَحۡذَرُونَ
Мунафыктар өздөрү жөнүндө, жүрөктөрүнө катылган эки жүздүүлүктөрүн ачып таштай турган бир сүрө түшүп калуусунан коркушат.[1] Айт: «(Шылдыңдап) Күлгүлө, эми! Аллах силер корккон нерсени (жүзөгө) чыгарды го!».[2]
[1] Дал ошол корккон окуя болуп, Аллах алардын ичиндеги жаман ойлорун ачыкка чыгарган жана жүзүндөгү жылмакай бетпардасын сыйрыган ушул сүрөнү түшүрдү. Ошондуктан бул сүрөнүн дагы бир аталышы “Аль-Фазиха” (шермендесин чыгаруучу).
[2] “Табук” казатында жүргөндө алардын бир тайпалар: “Ушул шериктерибизден (Мухаммад жана анын сахабаларынан) сугалагыраак, көп жалган айткан, бирок согушта суу жүрөк адамдарды көрбөдүк” деп, күлүшкөн.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَلَئِن سَأَلۡتَهُمۡ لَيَقُولُنَّ إِنَّمَا كُنَّا نَخُوضُ وَنَلۡعَبُۚ قُلۡ أَبِٱللَّهِ وَءَايَٰتِهِۦ وَرَسُولِهِۦ كُنتُمۡ تَسۡتَهۡزِءُونَ
Эгер алардан (ошол жөнүндө) сурасаң: “Биз жөн эле, ойноп эле сүйлөгөн болчубуз” - дешет. Айткын: “Силер Аллахтын, Анын аяттарынын Жана пайгамбарынын үстүнөн күлө турган болуп калдыңарбы?!”
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
لَا تَعۡتَذِرُواْ قَدۡ كَفَرۡتُم بَعۡدَ إِيمَٰنِكُمۡۚ إِن نَّعۡفُ عَن طَآئِفَةٖ مِّنكُمۡ نُعَذِّبۡ طَآئِفَةَۢ بِأَنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ
Кечирим сурабай эле койгула, силер ыйман келтиргениңерден кийин (кайрадан) каапыр болуп бүттүңөр![1] Эгер силерден бир тайпаны кечирсек, (дагы) башка бир тайпаны күнөөкөр болгону себептүү азаптайбыз.
[1] Бул аяттын өкүмү боюнча Аллах тааланын жана Анын пайгамбарынын үстүнөн күлгөндөр менен дин өкүмдөрүнөн бир өкүмдү же ибадаттардан бир ибадатты мыскылдагандар каапыр болушат.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
ٱلۡمُنَٰفِقُونَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتُ بَعۡضُهُم مِّنۢ بَعۡضٖۚ يَأۡمُرُونَ بِٱلۡمُنكَرِ وَيَنۡهَوۡنَ عَنِ ٱلۡمَعۡرُوفِ وَيَقۡبِضُونَ أَيۡدِيَهُمۡۚ نَسُواْ ٱللَّهَ فَنَسِيَهُمۡۚ إِنَّ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ
Мунафык эркектер менен мунафык аялдар бардыгы – бир: жаман иштерге буюрушат жакшы иштерден кайтарышат жана (cараңдык кылып) колдорун жумуп алышат. Алар Аллахты унутушту эле, Аллах дагы аларды “унутту”[1] Чынында, мунафыктар – бузукулар!
[1] Аллах дагы аларды “унутту” дегени түз маанисиндеги унутуу эмес, балким ырайымынан ажыратып, тозокко салат жана жалбарууларын укпай койот дегенди билдирет.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلۡمُنَٰفِقِينَ وَٱلۡمُنَٰفِقَٰتِ وَٱلۡكُفَّارَ نَارَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ هِيَ حَسۡبُهُمۡۚ وَلَعَنَهُمُ ٱللَّهُۖ وَلَهُمۡ عَذَابٞ مُّقِيمٞ
Аллах мунафык эркектерге, мунафык аялдарга жана каапырларга, түбөлүк кала турган тозок отун убада кылды! Ушул аларга жетиштүү! Жана Аллах аларга наалат айтты! Аларга түгөнгүс азап!
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
 
Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Tawbah
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 吉尔吉斯语翻译:社慕斯丁·哈克冒富 - Mục lục các bản dịch

社慕斯丁·哈克冒富·阿卜杜·哈利格翻译,有先锋翻译中心主持推广

Đóng lại