Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - Bản dịch tiếng Kyrgyzstan về diễn giải ngắn gọn Kinh Qur'an * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Chương: Yusuf   Câu:
قَالَ هَلۡ ءَامَنُكُمۡ عَلَيۡهِ إِلَّا كَمَآ أَمِنتُكُمۡ عَلَىٰٓ أَخِيهِ مِن قَبۡلُ فَٱللَّهُ خَيۡرٌ حَٰفِظٗاۖ وَهُوَ أَرۡحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ
Аларга атасы айтты: «Мурда агасы Юсуфту силерге ишенип тапшыргандай эми анын бир тууганын да тапшырмак белем?! Мен силерге аны ишенип тапшырган болчум, силер аны коргойбуз деп убада берген элеңер, бирок удабаңарды аткарбадыңар. Эми силердин сактайбыз деген убадаңарга ишенбейм. Мен Аллахка гана ишеним артам. Ал сактагысы келгендерди эң жакшы сактоочу жана Өз ырайымын каалагандарга өтө ырайымдуу».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَلَمَّا فَتَحُواْ مَتَٰعَهُمۡ وَجَدُواْ بِضَٰعَتَهُمۡ رُدَّتۡ إِلَيۡهِمۡۖ قَالُواْ يَٰٓأَبَانَا مَا نَبۡغِيۖ هَٰذِهِۦ بِضَٰعَتُنَا رُدَّتۡ إِلَيۡنَاۖ وَنَمِيرُ أَهۡلَنَا وَنَحۡفَظُ أَخَانَا وَنَزۡدَادُ كَيۡلَ بَعِيرٖۖ ذَٰلِكَ كَيۡلٞ يَسِيرٞ
Качан алар алып келишкен азык-түлүк куржундарын ачышканда ичинен буюмдарын таап алышып атасына: «Ушундай жоомарттыктан кийин биз бул башчыдан эмнени сурайбыз? Мына бу азык-түлүккө бааланган буюмдарды башчы өз айкөлдүгү менен бизге кайтарыптыр. Биз үй-бүлөбүзгө азык-түлүк алып келебиз, сиз корккон инибизди коргойбуз жана ал үчүн да бир төөлүк ашыкча жүк алып келебиз. Ал эми бир төөлүк жүктү ашыкча берүү – башчы үчүн өтө жеңил иш».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
قَالَ لَنۡ أُرۡسِلَهُۥ مَعَكُمۡ حَتَّىٰ تُؤۡتُونِ مَوۡثِقٗا مِّنَ ٱللَّهِ لَتَأۡتُنَّنِي بِهِۦٓ إِلَّآ أَن يُحَاطَ بِكُمۡۖ فَلَمَّآ ءَاتَوۡهُ مَوۡثِقَهُمۡ قَالَ ٱللَّهُ عَلَىٰ مَا نَقُولُ وَكِيلٞ
Атасы аларга айтты: «Силер аны кайра алып келебиз деп Аллахтын алдында анык убада бермейинче аны силер менен жибербейм. Силердин баарыңар кыйрап кетсеңер же араңардан эч бириңер аман калбасаңар же аны коргоп же кайтара албай калсаңар гана кечиремин». Качан алар Аллахтын анык убадасын беришкенде ал айтты: «Биздин бул сөздөрүбүзгө Аллах Өзү күбө. Анын күбөлүгү бизге жетиштүү».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَقَالَ يَٰبَنِيَّ لَا تَدۡخُلُواْ مِنۢ بَابٖ وَٰحِدٖ وَٱدۡخُلُواْ مِنۡ أَبۡوَٰبٖ مُّتَفَرِّقَةٖۖ وَمَآ أُغۡنِي عَنكُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٍۖ إِنِ ٱلۡحُكۡمُ إِلَّا لِلَّهِۖ عَلَيۡهِ تَوَكَّلۡتُۖ وَعَلَيۡهِ فَلۡيَتَوَكَّلِ ٱلۡمُتَوَكِّلُونَ
Аларга атасы осуят кылып айтты: «Шаарга киргенде чогу бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктен киргиле! Мунун себеби кимдир бирөө силерге зыян берүүнү кааласа зыяны баарыңарга чогу тийип калуусунан сактайт. Бирок бул нерсени Аллах силерге каалаган зыяндан коргош үчүн же Аллах силерге каалабаган пайдага жеткириш үчүн айткан жокмун. Тагдыр – Аллахтын гана жазган тагдыры. Буйрук дагы Анын гана буйругу. Бардык иштеримде Ага гана тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бардык иштеринде жалгыз Ага гана тобокел кылышат».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَلَمَّا دَخَلُواْ مِنۡ حَيۡثُ أَمَرَهُمۡ أَبُوهُم مَّا كَانَ يُغۡنِي عَنۡهُم مِّنَ ٱللَّهِ مِن شَيۡءٍ إِلَّا حَاجَةٗ فِي نَفۡسِ يَعۡقُوبَ قَضَىٰهَاۚ وَإِنَّهُۥ لَذُو عِلۡمٖ لِّمَا عَلَّمۡنَٰهُ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ
Алар иниси менен чогу жөнөп кетишти. Алар атасы буйругандай ар башка эшиктен киришсе да алардын ар башка эшиктен киришкени Аллахтын аларга тагдыр кылган нерсесин тосо албайт. Чындыгында бул Якубдун балдарына карата болгон боорукерлиги жана айткан осуяты. Ал Аллахтын тагдырынан башка эч бир тагдыр жок экенин билет. Анткени ал тагдырга ишенүү жана себептерди аткаруу сыяктуу Биз ага үйрөткөн нерселерди билет. Бирок адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَلَمَّا دَخَلُواْ عَلَىٰ يُوسُفَ ءَاوَىٰٓ إِلَيۡهِ أَخَاهُۖ قَالَ إِنِّيٓ أَنَا۠ أَخُوكَ فَلَا تَبۡتَئِسۡ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ
Качан Юсуфтун бир туугандары анын үстүнө иниси менен чогу киришкенде инисин өзүнө жакындатып сыр кылып айтты: «Мен сенин бир тууган агаң Юсуфмун. Бир туугандарыңдын бизге болгон ыза берүүсү, жек көрүүсү жана мени кудукка таштаган сыяктуу ойлонбостон кылган иштерине капаланба».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• الأمر بالاحتياط والحذر ممن أُثِرَ عنه غدرٌ، وقد ورد في الحديث الصحيح: ((لَا يُلْدَغُ المُؤْمِنٌ مِنْ جُحْرٍ وَاحِدٍ مَرَّتَيْنِ))، [أخرجه البخاري ومسلم].
Зыяны тие турган иштен этият болуп сактануу зарыл. Бухари жана Муслимде жазылган ишенимдүү хадисте "Ыймандуу мусулман бир уядан эки жолу чагылбайт" деп айтылган.

• من وجوه الاحتياط التأكد بأخذ المواثيق المؤكدة باليمين، وجواز استحلاف المخوف منه على حفظ الودائع والأمانات.
Касам ичүү менен анык убада алып тастыктатуу – этияттыктын түрлөрүнө кирет жана аманатка берилген нерселерди сакташ үчүн коркунуч туудурган адамды касам ичирүүгө уруксат.

• يجوز لطالب اليمين أن يستثني بعض الأمور التي يرى أنها ليست في مقدور من يحلف اليمين.
Касам ичүүнү сураган адам касам ичкен адамдын мүмкүнчүлүгү жетпеген кээ бир абалдарда жеңилдик берүүсүнө уруксат.

• من الأخذ بالأسباب الاحتياط من المهالك.
Себептерди аткаруу – коркунуч туудурган абалдардан этияттык болуп эсептелет.

 
Ý nghĩa nội dung Chương: Yusuf
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - Bản dịch tiếng Kyrgyzstan về diễn giải ngắn gọn Kinh Qur'an - Mục lục các bản dịch

Do Trung tâm Diễn giải Nghiên cứu Kinh Qur'an phát hành.

Đóng lại