Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Nahl   Câu:
ثُمَّ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ يُخۡزِيهِمۡ وَيَقُولُ أَيۡنَ شُرَكَآءِيَ ٱلَّذِينَ كُنتُمۡ تُشَٰٓقُّونَ فِيهِمۡۚ قَالَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡعِلۡمَ إِنَّ ٱلۡخِزۡيَ ٱلۡيَوۡمَ وَٱلسُّوٓءَ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ
Андан кийин Аллах аларды азаптап кордойт. Аларга айтылат: «Сыйынууда Мага шерик кылган, алар үчүн пайгамбарларым жана ыймандуулар менен душмандашкан Мага шерик кылгандарыңар кайда?!». Ошондо чыныгы аалымдар айтышат: «Чындыгында кыямат күнү кордук жана азап каапырлардын башына түшөт».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ ظَالِمِيٓ أَنفُسِهِمۡۖ فَأَلۡقَوُاْ ٱلسَّلَمَ مَا كُنَّا نَعۡمَلُ مِن سُوٓءِۭۚ بَلَىٰٓۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلِيمُۢ بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Аллахка каапырлык кылышып өздөрүнө зулумдук кылгандардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери алып жатканда алар баштарына түшкөн өлүмгө моюн сунушуп, бирок каапырлыктарын жана күнөөлөрүн четке кагышты. Алар четке какканыбыз пайда берет деп ойлошту. Ошондо аларга: «Силер жалган айттыңар! Силер буга чейин күнөөлөрдү кылган каапыр элеңер. Чындыгында Аллах силердин бул дүйнөдө эмне кылганыңарды билет. Ага мунун эч бири жашыруун эмес. Ал жакында силерди ал үчүн жазалайт» – деп айтылат.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
فَٱدۡخُلُوٓاْ أَبۡوَٰبَ جَهَنَّمَ خَٰلِدِينَ فِيهَاۖ فَلَبِئۡسَ مَثۡوَى ٱلۡمُتَكَبِّرِينَ
Аларга айтылат: «Кылган иш-аракеттериңерге жараша тозоктун эшиктеринен киргиле! Ал жайда түбөлүк каласыңар. Аллахка ыйман келтирип, жалгыз Ага сыйынуудан текеберленгендердин жайы кандай жаман!»
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
۞ وَقِيلَ لِلَّذِينَ ٱتَّقَوۡاْ مَاذَآ أَنزَلَ رَبُّكُمۡۚ قَالُواْ خَيۡرٗاۗ لِّلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ فِي هَٰذِهِ ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٞۚ وَلَدَارُ ٱلۡأٓخِرَةِ خَيۡرٞۚ وَلَنِعۡمَ دَارُ ٱلۡمُتَّقِينَ
Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарын таштап Андан корккон адамдардан: «Силердин пайгамбарыңарга Раббиңер эмне түшүрдү?» – деп суралганда, алар: «Аллах ага улуу жакшылыкты түшүрдү» – дешет. Аллахка талаптагыдай ибадат кылышып жана бул дүйнө жашоосунда адамдар менен жакшы мамиледе болгондор үчүн жеңиш жана мол ырыскы ж.б. жакшы сыйлыктар бар. Ал эми Аллахтын алар үчүн акыретте даярдап койгон сыйлыгы – аларга бул дүйнөдө бергенинен да жакшыраак. Раббисинин буйруктарын аткарып, тыйгандарынан алыстаган такыбалардын жайы болгон акырет жайы кандай сонун!
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
جَنَّٰتُ عَدۡنٖ يَدۡخُلُونَهَا تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُۖ لَهُمۡ فِيهَا مَا يَشَآءُونَۚ كَذَٰلِكَ يَجۡزِي ٱللَّهُ ٱلۡمُتَّقِينَ
Бул алар кирип турукташып жашашкан бейиштер! Андагы кан сарайлардын жана бак-дарактардын алдыларынан дарыялар агып турат. Алар үчүн бул бейиштерде көңүлдөр самаган тамак-аштар, суусундуктар ж.б. нерселер бар. Мухаммаддын үммөтүндөгү такыбаларга берилген мындай сыйлык – мурунку үммөттөрдүн такыбаларына да берилет.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
ٱلَّذِينَ تَتَوَفَّىٰهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ طَيِّبِينَ يَقُولُونَ سَلَٰمٌ عَلَيۡكُمُ ٱدۡخُلُواْ ٱلۡجَنَّةَ بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ
Жүрөктөрү каапырлыктан таза болгон абалдагы адамдардын жандарын өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери алып жатышканда аларга кайрылып: «Силерге тынчтык болсун! Бардык балээлерден кутулдуңар. Бул дүйнөдө туура ишенимди тутунуп жана жакшы иштерди кылганыңар үчүн бейишке киргиле!» – деп айтышат.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
هَلۡ يَنظُرُونَ إِلَّآ أَن تَأۡتِيَهُمُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَوۡ يَأۡتِيَ أَمۡرُ رَبِّكَۚ كَذَٰلِكَ فَعَلَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡۚ وَمَا ظَلَمَهُمُ ٱللَّهُ وَلَٰكِن كَانُوٓاْ أَنفُسَهُمۡ يَظۡلِمُونَ
Ал мушриктер менен жалганчылар аларга өлүм периштеси жана анын жардамчы периштелери жандарын алыш үчүн жана жүздөрү менен жондоруна уруу үчүн келишин, же болбосо алар бул дүйнөдө азап менен жок кылынсын деген Аллахтын буйругу келишин күтүп жатышабы? Меккелик мушриктер кылып жатышкан мына ушундай ишти алардан мурунку мушриктер да кылышкан. Ошол себептен Аллах аларды кыйратып жок кылды. Аларды жок кылганда Ал аларга зулумдук кылган жок. Бирок алар Аллахка кылган каапырлыктары себептүү өздөрүн кыйроого учуратып зулумдук кылышты.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
فَأَصَابَهُمۡ سَيِّـَٔاتُ مَا عَمِلُواْ وَحَاقَ بِهِم مَّا كَانُواْ بِهِۦ يَسۡتَهۡزِءُونَ
Алардын кылган иштеринин жазасы өз баштарына түштү жана аларга эскертилгенде алар шылдыңдап күлүшкөн азап аларды курчап алды.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• فضيلة أهل العلم، وأنهم الناطقون بالحق في الدنيا ويوم يقوم الأشهاد، وأن لقولهم اعتبارًا عند الله وعند خلقه.
Илимдүүлөрдүн артыкчылыгы. Алар бул дүйнөдө жана күбөлөр күбөлүккө өткөн күндө чындык менен сүйлөшөт жана алардын сөзү Аллахтын жана адамдардын алдында өтүмдүү.

• من أدب الملائكة مع الله أنهم أسندوا العلم إلى الله دون أن يقولوا: إنا نعلم ما كنتم تعملون، وإشعارًا بأنهم ما علموا ذلك إلا بتعليم من الله تعالى.
Периштелердин Аллах менен болгон адептеринен – алар илимди Аллахка гана таандык кылышты. Алар: «Биз силердин кылганыңарды билебиз» – дешкен жок. Алар муну Аллахтын үйрөткөнү аркылуу гана билишкенин айтышты.

• من كرم الله وجوده أنه يعطي أهل الجنة كل ما تمنوه عليه، حتى إنه يُذَكِّرهم أشياء من النعيم لم تخطر على قلوبهم.
Аллах бейишке киргендерге алар каалаган бардык нерсени берүүсү, жадакалса алардын жүрөктөрү да сезбеген кээ бир жакшылыктарды эскерүүсү – Аллахтын берешендигинен.

• العمل هو السبب والأصل في دخول الجنة والنجاة من النار، وذلك يحصل برحمة الله ومنَّته على المؤمنين لا بحولهم وقوتهم.
Жакшылык иш-аракеттерди кылуу – бейишке кирүүнүн жана тозоктон кутулуунун негизи. Бул нерсе ыймандуулардын өз күчү менен эмес, Аллахтын аларга кылган ырайымдуулугунан жана айкөлдүгүнөн болот.

 
Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Nahl
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 - Mục lục các bản dịch

由古兰经研究释义中心发行

Đóng lại