Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Kahf   Câu:
مَّا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٖ وَلَا لِأٓبَآئِهِمۡۚ كَبُرَتۡ كَلِمَةٗ تَخۡرُجُ مِنۡ أَفۡوَٰهِهِمۡۚ إِن يَقُولُونَ إِلَّا كَذِبٗا
Ал жалганчы каапырлардын Аллахтын баласы бар деп айткан сөздөрү тууралуу илими же болбосо далилдери да жок. Ушул ишенимдерди калтырып кеткен ата-бабаларынын да илими болгон эмес. Алардын ооздорунан чыккан бул сөз – акылга сыйбаган, чоң коркунучу бар жаманатты сөз. Алар далилсиз негизи жок жалган сөздөрдү гана айтышат.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
فَلَعَلَّكَ بَٰخِعٞ نَّفۡسَكَ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ إِن لَّمۡ يُؤۡمِنُواْ بِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَسَفًا
Балким сен оо, пайгамбар! Алар бул Куранга ыйман келтиришпесе, өзүңдү түйшүккө салып, кайгырып өзүңө зыян жеткирип аларсын. Сен андай кылба. Сен аларды акыйкат жолуна сала албайсың. Бирок сенин аларга жеткирүүң сага милдет.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
إِنَّا جَعَلۡنَا مَا عَلَى ٱلۡأَرۡضِ زِينَةٗ لَّهَا لِنَبۡلُوَهُمۡ أَيُّهُمۡ أَحۡسَنُ عَمَلٗا
Чындыгында Биз алардын кимиси Аллах ыраазы боло турган жакшы амал кыларын жана алардын кимиси жаман амал кыларын сыноо үчүн жана алардын ар бирин татыктуу азап менен азаптоо үчүн жер бетиндеги жаралган нерселер менен жерди кооздодук.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَإِنَّا لَجَٰعِلُونَ مَا عَلَيۡهَا صَعِيدٗا جُرُزًا
Албетте Биз жер бетиндеги жаралган нерселерди өсүмдүгү жок топуракка айлантабыз. Бул нерселер анда жашап жаткан жандуулардын жанын алганыбыздан кийин болот. Ошондуктан ал нерседен үлгү алгыла.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
أَمۡ حَسِبۡتَ أَنَّ أَصۡحَٰبَ ٱلۡكَهۡفِ وَٱلرَّقِيمِ كَانُواْ مِنۡ ءَايَٰتِنَا عَجَبًا
Оо, пайгамбар! Албетте сен үңкүр ээлеринин окуясын жана алардын аттары жазылган тактайды Биздин эң таң калыштуу аят-белгилерибизден деп ойлобогун. Тескерисинче, андан башка асмандар менен жердин жаратылышына окшогон абдан таң калыштуу аят-белгилерибиз бар.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
إِذۡ أَوَى ٱلۡفِتۡيَةُ إِلَى ٱلۡكَهۡفِ فَقَالُواْ رَبَّنَآ ءَاتِنَا مِن لَّدُنكَ رَحۡمَةٗ وَهَيِّئۡ لَنَا مِنۡ أَمۡرِنَا رَشَدٗا
Оо, пайгамбар! Ыймандуу жигиттер динин сактап калуу үчүн качып үңкүргө баш калкалаган кезде өз Раббилерине: «Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, душмандарыбыздан сактап, Өз ырайымыңа ала көр. Бизге каапырлардан көчүп кетүүнү насип эт. Ыйманыбызды акыйкат жолуна баштоочу жана ошол жолдо бекем туруучулардан кыл» – деп айткан дубаларын эстегин.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
فَضَرَبۡنَا عَلَىٰٓ ءَاذَانِهِمۡ فِي ٱلۡكَهۡفِ سِنِينَ عَدَدٗا
Алар качып барып үңкүргө баш калкалагандан кийин Биз алардын кулактарын үндөрдөн тосуу үчүн парда кылдык. Жана аларды бир нече жылдар бою уктаттык.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
ثُمَّ بَعَثۡنَٰهُمۡ لِنَعۡلَمَ أَيُّ ٱلۡحِزۡبَيۡنِ أَحۡصَىٰ لِمَا لَبِثُوٓاْ أَمَدٗا
Биз үңкүрдө канча убакыт тургандыгын талашкан эки топко алардын кимиси ал убакытты жакшы билерин билиш үчүн аларды узак уйкуларынан ойготтук.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
نَّحۡنُ نَقُصُّ عَلَيۡكَ نَبَأَهُم بِٱلۡحَقِّۚ إِنَّهُمۡ فِتۡيَةٌ ءَامَنُواْ بِرَبِّهِمۡ وَزِدۡنَٰهُمۡ هُدٗى
Оо, пайгамбар! Биз сага алардын кабарын шексиз чындык менен айтып бердик. Чындыгында алар Раббисине ыйман келтиришкен жана Ага сыйынуу менен алек болушкан жигиттер эле. Биз аларга акыйкат жолундагы бекемдикти жана ийгиликти көбөйттүк.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَرَبَطۡنَا عَلَىٰ قُلُوبِهِمۡ إِذۡ قَامُواْ فَقَالُواْ رَبُّنَا رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ لَن نَّدۡعُوَاْ مِن دُونِهِۦٓ إِلَٰهٗاۖ لَّقَدۡ قُلۡنَآ إِذٗا شَطَطًا
Биз аларды жүрөктөрүн ыйман менен жана анда бекем туруучу кылып кубаттадык. Жана турак жайларын таштап кетүү үчүн сабыр бердик. Алар каапыр падышанын алдында жалгыз Аллахка ыйман келитиришкендигин жарыялаган кезде ага мындай деп айтышты: «Биз ыйман келтирип сыйынган Раббибиз – Ал асмандардын жана жердин Раббиси. Биз Андан башка ойлоп табылган жалган кудайларга эч качан сыйынбайбыз. Чындыгында биздин Андан башкага сыйынабыз деп айткан сөз – ал акыйкаттан алыс чектен чыккан сөз».
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمُنَا ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗۖ لَّوۡلَا يَأۡتُونَ عَلَيۡهِم بِسُلۡطَٰنِۭ بَيِّنٖۖ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّنِ ٱفۡتَرَىٰ عَلَى ٱللَّهِ كَذِبٗا
Андан кийин алар бири-бирине карап мындай дешти: “Элибиздеги тигил адамдар Аллахтан башка сыйынылган нерселерди кудай тутуп алышты. Алар кылган ибадаттарында эч кандай ачык далилди билишпейт. Аллахка шерик кошуп Ага жалган сөздөрдү айткан адамдардан өткөн заалым жок”.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• الداعي إلى الله عليه التبليغ والسعي بغاية ما يمكنه، مع التوكل على الله في ذلك، فإن اهتدوا فبها ونعمت، وإلا فلا يحزن ولا يأسف.
Аллахтын динине чакырган адам Аллахка таянуу менен колдон келишинче адамдарга жеткирүү керек. Эгерде анын чакырыгы менен туура жолго келип калышса, анда кандай гана жакшы нерсе болот. А эгерде туура жолго келишпесе, анда чакырган адам капа болбойт жана кейибейт.

• في العلم بمقدار لبث أصحاب الكهف، ضبط للحساب، ومعرفة لكمال قدرة الله تعالى وحكمته ورحمته.
Аллах үңкүрдө адамдар канча убакытка болгондугун эсебин так билүүсү жана Аллах таала аларды уктаткан толук кудуреттүүлүгү. Ошондой эле аларга болгон даанышмандуулугу жана ырайымы болду.

• في الآيات دليل صريح على الفرار بالدين وهجرة الأهل والبنين والقرابات والأصدقاء والأوطان والأموال؛ خوف الفتنة.
Жашаган жеринен өз үй-бүлөсү, балдары, жакындары, достору жана мал-мүлкү менен карманган дининде азгырылып кетүүдөн качып кутулуу уруксат экендигине бул аяттар далил болот.

• ضرورة الاهتمام بتربية الشباب؛ لأنهم أزكى قلوبًا، وأنقى أفئدة، وأكثر حماسة، وعليهم تقوم نهضة الأمم.
Жаштардын тарбиясына өтө көңүл буруу зарыл. Анткени алардын жүрөктөрү таза, ойлору тунук, кайраттуу болушат. Андыктан алардын тарбиясы жакшы болсо, анда үммөт ойгонот.

 
Ý nghĩa nội dung Chương: Al-Kahf
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 - Mục lục các bản dịch

由古兰经研究释义中心发行

Đóng lại