Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Câu: (256) Chương: Chương Al-Baqarah
لَآ إِكۡرَاهَ فِي ٱلدِّينِۖ قَد تَّبَيَّنَ ٱلرُّشۡدُ مِنَ ٱلۡغَيِّۚ فَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلطَّٰغُوتِ وَيُؤۡمِنۢ بِٱللَّهِ فَقَدِ ٱسۡتَمۡسَكَ بِٱلۡعُرۡوَةِ ٱلۡوُثۡقَىٰ لَا ٱنفِصَامَ لَهَاۗ وَٱللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Ислам динине кирүүгө эч ким мажбурланбайт. Анткени ал ачык жана акыйкат дин болгондуктан, ага бирөөнү мажбурлоонун кажети жок. Туура жол адашуудан анык айырмаланды. Ким Аллахтан башка сыйынган нерселерге каапырлык кылып, алардан баш тартса жана жалгыз Аллахка ыйман келтирсе, анда ал кыяматта кутулуу үчүн үзүлбөгөн эң күчтүү себеп менен динди карманыптыр. Аллах пенделеринин сөздөрүн Угуучу, алардын иш-аракеттерин Билүүчү. Жакында аларга сыйлыгын же жазасын берет.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• أن الله تعالى قد فاضل بين رسله وأنبيائه، بعلمه وحكمته سبحانه.
Аллах таала Өзүнүн илими жана даанышмандыгы менен пайгамбарларын жана элчилерин бири-биринен артык кылды.

• إثبات صفة الكلام لله تعالى على ما يليق بجلاله، وأنه قد كلم بعض رسله كموسى ومحمد عليهما الصلاة والسلام.
Аллах таала Өз улуулугуна жараша сүйлөө сыпатына ээ экендигин тастыктоо. Ал Муса жана Мухаммад сыяктуу кээ бир пайгамбарлары менен сүйлөшкөн.

• الإيمان والهدى والكفر والضلال كلها بمشيئة الله وتقديره، فله الحكمة البالغة، ولو شاء لهدى الخلق جميعًا.
Ыйман, туура жол, каапырлык жана адашуу, мунун баарысы Аллахтын каалоосу жана тагдыры менен болот. Мунун артында чоң сыр бар. Эгер Аллах кааласа, бардык адамдарды туура жолго салып коймок.

• آية الكرسي هي أعظم آية في كتاب الله، لما تضمنته من ربوبية الله وألوهيته وبيان أوصافه .
Аят аль-Курси – Аллахтын китебиндеги эң улук аят. Анткени ал өзүнө Аллахтын жаратуучулугун, сыйынууга татыктуулун жана Анын сыпаттарынын түшүндүрмөсүн камтыган.

• اتباع الإسلام والدخول فيه يجب أن يكون عن رضًا وقَبول، فلا إكراه في دين الله تعالى.
Исламды ээрчүү жана ага кирүү ыраазылык жана макулдук менен болуусу керек. Аллах тааланын дининде мажбурлоо жок.

• الاستمساك بكتاب الله وسُنَّة رسوله أعظم وسيلة للسعادة في الدنيا، والفوز في الآخرة.
Аллахтын китебин жана Анын элчисинин сүннөтүн кармануу – бул дүйнөдөгү бактылуулуктун жана акыреттеги жеңиштин эң чоң себеби.

 
Ý nghĩa nội dung Câu: (256) Chương: Chương Al-Baqarah
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mục lục các bản dịch

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Đóng lại