Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Câu: (51) Chương: Chương Al-Ahzab
۞ تُرۡجِي مَن تَشَآءُ مِنۡهُنَّ وَتُـٔۡوِيٓ إِلَيۡكَ مَن تَشَآءُۖ وَمَنِ ٱبۡتَغَيۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيۡكَۚ ذَٰلِكَ أَدۡنَىٰٓ أَن تَقَرَّ أَعۡيُنُهُنَّ وَلَا يَحۡزَنَّ وَيَرۡضَيۡنَ بِمَآ ءَاتَيۡتَهُنَّ كُلُّهُنَّۚ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمۡۚ وَكَانَ ٱللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمٗا
Оо, пайгамбар! Сен аялдарыңдан кимисин кааласаң, аныкында түнөбөстөн анын күнүн кечиктире аласың жана алардан кимисин кааласаң, аныкында түнөп аны менен бирге боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдын кимисинен бирге болууну талап кылсаң, бул нерседе сага күнөө болбойт. Сага берилген бул тандоо жана кенендик аялдарыңдын көздөрү кубануусуна жана алардын баарына берген нерсеңе ыраазы болуусуна жакыныраак. Анткени алар сени жоопкерчиликти таштабайт, акыларга сараңдык кылбайт деп билишет. Эй, эркектер! Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү аялдарыңардын кээ бирлерине көңүлүңөр тартып турганын билет. Чындыгында Аллах пенделеринин иш-аракеттерин Билүүчү. Алардын эч бири Ага жашыруун эмес. Ал Токтоо, балким алар тообо кылат деген үмүттө аларды жазалоого шашылбайт.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• عظم مقام النبي صلى الله عليه وسلم عند ربه؛ ولذلك عاتب الصحابة رضي الله عنهم الذين مكثوا في بيته صلى الله عليه وسلم لِتَأَذِّيه من ذلك.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) Раббисинин алдында кадыры жогору, ошон үчүн аны кыжаалат кылып, үйүндө көпкө отуруп алган сахабаларды Аллах Таала жемелеген

• ثبوت صفتي العلم والحلم لله تعالى.
Аллах илим жана токтоолук сыпатына ээ экендигин тастыктоо.

• الحياء من أخلاق النبي صلى الله عليه وسلم.
Уялуу пайгамбардын адеп-ахлактарынан.

• صيانة مقام أمهات المؤمنين زوجات النبي صلى الله عليه وسلم.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) аялдары, момундардын энелеринин урмат-сыйын жайына коюп, аброюн коргоо (милдет).

 
Ý nghĩa nội dung Câu: (51) Chương: Chương Al-Ahzab
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mục lục các bản dịch

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Đóng lại