Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Câu: (20) Chương: Chương Al-Hadid
ٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَا لَعِبٞ وَلَهۡوٞ وَزِينَةٞ وَتَفَاخُرُۢ بَيۡنَكُمۡ وَتَكَاثُرٞ فِي ٱلۡأَمۡوَٰلِ وَٱلۡأَوۡلَٰدِۖ كَمَثَلِ غَيۡثٍ أَعۡجَبَ ٱلۡكُفَّارَ نَبَاتُهُۥ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَىٰهُ مُصۡفَرّٗا ثُمَّ يَكُونُ حُطَٰمٗاۖ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ عَذَابٞ شَدِيدٞ وَمَغۡفِرَةٞ مِّنَ ٱللَّهِ وَرِضۡوَٰنٞۚ وَمَا ٱلۡحَيَوٰةُ ٱلدُّنۡيَآ إِلَّا مَتَٰعُ ٱلۡغُرُورِ
Билип алгыла, чындыгында дүйнө жашоосу – денелер ойногон оюн-зоок, жүрөктөр ээликкен көңүл ачуу, силер сулууланган кооздук, бири-бирине мал-мүлк жана дүнүйө менен мактануу, байлык жана бала-чаканын көптүгү менен чиренүү гана. Ал жамгыр сыяктуу, андан өскөн өсүмдүктөр дыйкандарды суктандырат. Анан ал жашыл өсүмдүктөр бат эле куурап калат. Эй, назар салуучу! Сен аларды жашылдангандан кийин саргайганын көрөсүң. Кийин Аллах аны майдаланган куурайга айлантат. Ал эми акыретте каапырлар жана эки жүздүүлөр үчүн катуу азап бар жана Аллахтын ыймандуу пенделери үчүн күнөөлөрүнө кечирим жана ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу эч кандай туруктуулукка ээ болбогон, убактылуу ырахаттан башка эч нерсе эмес. Ким анын убактылуу ырахаттарын акырет жыргалчылыгынан артык көрсө, анда ал куру жалак калды.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• الزهد في الدنيا وما فيها من شهوات، والترغيب في الآخرة وما فيها من نعيم دائم يُعينان على سلوك الصراط المستقيم.
Дүйнөдөн жана андагы кумарлардан баш тартуу, акыретке жана андагы түбөлүк жакшылыктарга чакыруу – туура жолдо жүрүүгө жардам берет.

• وجوب الإيمان بالقدر.
Тагдырга ыйман келтирүүнүн милдеттүүлүгү.

• من فوائد الإيمان بالقدر عدم الحزن على ما فات من حظوظ الدنيا.
Дүйнөдө жетпей калган нерселерге кайгырбоо – тагдырга ыйман келтирүүнүн пайдаларынан.

• البخل والأمر به خصلتان ذميمتان لا يتصف بهما المؤمن.
Сараңдык жана ага буйруу – ыймандууга мүнөздүү болбогон жаман сыпаттардан.

 
Ý nghĩa nội dung Câu: (20) Chương: Chương Al-Hadid
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم - Mục lục các bản dịch

الترجمة القيرغيزية للمختصر في تفسير القرآن الكريم، صادر عن مركز تفسير للدراسات القرآنية.

Đóng lại