Check out the new design

Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 * - Mục lục các bản dịch


Ý nghĩa nội dung Chương: Al-An-'am   Câu:
وَلَا تَقۡرَبُواْ مَالَ ٱلۡيَتِيمِ إِلَّا بِٱلَّتِي هِيَ أَحۡسَنُ حَتَّىٰ يَبۡلُغَ أَشُدَّهُۥۚ وَأَوۡفُواْ ٱلۡكَيۡلَ وَٱلۡمِيزَانَ بِٱلۡقِسۡطِۖ لَا نُكَلِّفُ نَفۡسًا إِلَّا وُسۡعَهَاۖ وَإِذَا قُلۡتُمۡ فَٱعۡدِلُواْ وَلَوۡ كَانَ ذَا قُرۡبَىٰۖ وَبِعَهۡدِ ٱللَّهِ أَوۡفُواْۚ ذَٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ
Дагы силерге жетимдин малын иштетүүнү арам кылды, жетим - атасы жок балакат жашына жете элек кыз-балдар. Бирок, жетимге жакшылык, пайда кылуу үчүн же ал балакатка жеткенге чейин мал-мүлкүн көбөйтүү үчүн иштетсе болот. Дагы силерге таразада жана өлчөп-ченөөдө кем кылууну арам кылды. Соода-сатык, алды-бердиде адилеттүү болуу силерге важыб. Адамга анын колунан келген ишти гана жүктөйбүз, тартып, өлчөп, ченөөдө ашык-кем кетирүүдөн сактана албаган учурларда күнөө жок. Дагы силерге кабар айтууда же күбөлүк берүүдө жакындарыңарга, досторуңарга жан тартып туура эмес сүйлөөнү арам кылды. Дагы силерге Аллахка берген антыңарды же Аллахтын аты менен берген антыңарды аткарбай коюуну арам кылды. Силерге мындай антыңардын өтөөсүнө чыгуу важыб. Жогоруда айтылгандар иштериңердин акыбетин эстеп жүрүү үчүн Аллахтын силерге бекемдеп берген буйруктары.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَأَنَّ هَٰذَا صِرَٰطِي مُسۡتَقِيمٗا فَٱتَّبِعُوهُۖ وَلَا تَتَّبِعُواْ ٱلسُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمۡ عَن سَبِيلِهِۦۚ ذَٰلِكُمۡ وَصَّىٰكُم بِهِۦ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ
Дагы силерге адашууга алып барчу жолдорго түшүүну арам кылды. Аллахтын эч кыйшыгы жок түз жолуна ээрчү силерге важыб. Адаштыруучу жолдор силерди чындык жолунан алыстатып, ажыратат. Тыюуларынан тыйылып, буйруктарын аткарып Аллахка такыба болууңарды үмүт кылып Аллах силерге Өзүнүн туз жолун ээрчүүнү осуят кылды.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
ثُمَّ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ تَمَامًا عَلَى ٱلَّذِيٓ أَحۡسَنَ وَتَفۡصِيلٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ لَّعَلَّهُم بِلِقَآءِ رَبِّهِمۡ يُؤۡمِنُونَ
Жогорудагыларды кабар бергенден кийин, Мусага Тооротту түшүргөнүбүз тууралуу кабар беребиз. Жакшылктарыбызды толуктап, Мусанын жакшы иштерине сыйлык кылып, динде далил керек болгон бардык нерсени баяндап, чындык жана ырайымга далил кылып, кыяматта Раббисине жолугууга ыйман келирүүлөрүн жана ага жакшы иштери менен даярданууларын үмүт кылып Тооротту түшүрдүк.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ مُبَارَكٞ فَٱتَّبِعُوهُ وَٱتَّقُواْ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ
Бул Куран, Биз берекелүү кылып түшүргөн китеп;анткени ал дүйнө жана акыретке пайдалуу нерселерди ичине камтыйт. Анда түшүрүлгөн нерселерге ээрчигиле, ага каршы болуудан сактангыла, ырайымды үмүт кылгыла.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
أَن تَقُولُوٓاْ إِنَّمَآ أُنزِلَ ٱلۡكِتَٰبُ عَلَىٰ طَآئِفَتَيۡنِ مِن قَبۡلِنَا وَإِن كُنَّا عَن دِرَاسَتِهِمۡ لَغَٰفِلِينَ
Эй, арап бутпарастары, силер: Аллах бизден мурда жөөттөргө Тооротту, христиандарга Инжилди тушүрдү, бизге болсо китеп түшүргөн жок, биздин тилибизде эмес, алардын тилиндеги китептерин окууну билбейбиз деп айтпооңор үчүн...
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
أَوۡ تَقُولُواْ لَوۡ أَنَّآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا ٱلۡكِتَٰبُ لَكُنَّآ أَهۡدَىٰ مِنۡهُمۡۚ فَقَدۡ جَآءَكُم بَيِّنَةٞ مِّن رَّبِّكُمۡ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٞۚ فَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن كَذَّبَ بِـَٔايَٰتِ ٱللَّهِ وَصَدَفَ عَنۡهَاۗ سَنَجۡزِي ٱلَّذِينَ يَصۡدِفُونَ عَنۡ ءَايَٰتِنَا سُوٓءَ ٱلۡعَذَابِ بِمَا كَانُواْ يَصۡدِفُونَ
Ошондой эле, "Эгер Аллах бизге да жөөтөр менен христиандарга түшүргөн сыяктуу китеп түшүргөндө, аларга караганда көбүрөөк туура жолдо боло элек" деп айтпооңор үчүн, өзүңөрдүн тилиңерде пайгамбарыңар Мухаммадга китеп түшүрдүк. Бул ачык далил, туура жолго багыт жана үммөткө ырайым. Маанисиз шылтоолорду айтпагыла, жалган нерселерди себеп кылбагыла. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарып, андан баш тарткан адамдан өткөн залым болобу. Кийин Биздин аяттарыбыздан баш тарткандарды баш тартканы жан жүз бурганы үчүн тозокко киргизип катуу азаптайбыз.
Các Tafsir tiếng Ả-rập:
Trong những bài học trích được của các câu Kinh trên trang này:
• لا يجوز التصرف في مال اليتيم إلّا في حدود مصلحته، ولا يُسلَّم ماله إلّا بعد بلوغه الرُّشْد.
Жетимдин малын ага пайдалуу иштин чегинен чыгпай гана иштетүүгө болот жана ал акыл-эси толуп балакат жашына жеткенде гана малын өзүнө өткөрүп берүүгө болот

• سبل الضلال كثيرة، وسبيل الله وحده هو المؤدي إلى النجاة من العذاب.
Адашуунун жолдору көп, Аллахтын жолу бирөө эле, ушул жол азаптан кутулууну камсыз кылат

• اتباع هذا الكتاب علمًا وعملًا من أعظم أسباب نيل رحمة الله.
Билип жана ишке ашыруу менен ушул китепти (Куранды) ээрчүү Аллахтын ырайымына жетүүнүн негизги себеби

 
Ý nghĩa nội dung Chương: Al-An-'am
Mục lục các chương Kinh Số trang
 
Bản dịch ý nghĩa nội dung Qur'an - 简易古兰经经注吉尔吉斯斯坦语版 - Mục lục các bản dịch

由古兰经研究释义中心发行

Đóng lại